«Жалгыз апам болсо оорукчан, бат-бат төшөк тартып жатып калат. Башка таянаар агайын-тууган деле аз, эмне болсо да үйлөнөйүн. Күланда менен баш кошуп, эл катары түтүн булатайын», деп өзүмчө таттуу кыялга батып, ички ойлорум менен алпурушуп жүргөн кезимде Күланда:
— Сиз түшкө ишенесизби? — деп сурады.
— Жок.
— Экөөбүз баш кошо албайт окшойбуз, — деди тунжурай терең ойго чөмүлүп улутуна. — Эмнеликтен экенин билбейм, мага ошондой сезилет. Үнүндө кандайдыр бир коркуп калтаарыгандык бар.
— Өткөндө мага арнаган ырыңызда:
Ойдо жокто табыштырган бу тагдыр,
Ойдо жокто бөлөбү деп коркомун,
дегениңиз мүмкүн чындыкка айланаар…
Кийинчерээк Күланда күлгүндөй жаш өмүрүн кыйган кырсыкка кабылганда, ошол ырың түшкүрдү кайдан жаздым эле деп бармагымды тиштей, далай кайгыга батып өксүп жүрдүм.
Борис Пастернактын учурунда Евгений Евтушенкого: «Ырында өзүңдүн трагедиялык өлүмүң тууралуу алдын ала айтуудан кач. Сөз кудурети деген ушундай, акыры түбү өзүң боолголоп айткан кайгыга өзүңдү алдыртан арбап алышы ыктымал», — дегени бар эмеспи?
Күланда бирге окуган дос кызы менен эки күндүк дем алышта үйүнө бармакка «Москва — Алма-Ата» тез жүрүүчү поездине олтурат. Мен ал кезде басмадан жарык көргөнү жаткан китебимдин иштерине байланыштуу Алма-Атада жүргөм. Мурда Түлкүбаска келгенде, көз ирмемдик убакытка болсо да аярлап өткөн каргыш тийгир поезд бул сапар болгону жүрүшүн басаңдаткансыйт да токтобостон өтүп кете берет. Кырсыкты караңызчы, ошол күндөн баштап поезддин токтоп өтүү тартиби өзгөргөн экен. Муну вагондогу жүргүнчүлөрдү тейлеген узатуучу (проводник) да кыздарга алдын ала эскерткен эмес. Аргасы түгөнгөн кыздар поезддин жүрүшү бир аз жайлаган кезде жерге алды менен колдорундагы көтөргөн жүктөрүн ыргытат да, артынан өздөрү секиришет… Күланда поезддин дөңгөлөгүнүн астына түшөт. Дос кызынын болсо буту сынат…
Күтүлбөгөн жерден болгон мындай сокку менин эсимди эңгиретип жиберди.
Эрте жазда, байчечек гүлүн бөрткөндө, жай менен күздүн ачык бүркөк күндөрүндө, көктөн каркылдап каздар өткөндө, турналар кайтып келгенде, айлуу, айсыз түндөрдө экөөбүз кол кармашып кыдырган жерлерди көргөн сайын, уудай кайгы өзөгүмдү өрттөйт. Айланамды бүт чаар ала туман баскандай эч кимди көрүүгө да, эч ким менен сүйлөшүүгө да көңүлүм жок мөгдөп калдым. Эки жылдай ушунтип кайгыга батып жүрдүм.
Бир күнү таң менен жарыша эрте турдум да, автобуска олтуруп, Күланданын айылына карай жөнөп кеттим. Жайдын жадыраган күнү эле. Айлана мемиреп тыптынч. Аярлай басып, айыл четиндеги өзүм мурда далай ирет каттап жүрчү тааныш бейитке келдим. Жол бою Күланда жакшы көргөн гүлдөрдү узакка дейре тандап терип, мүрзөсүнө кыдырата койдум. Көптөн бери кайнап жаткан кайгы мундун капкагы ачылып кеткендей, бир оокумда ай талааны башыма көтөрүп, бардык үнүм менен бакырып ыйладым… Өзүмдү кармай албай томсоргон молонун айланасындагы көк шиберге ооналактап, кечке дейре жаттым.
Түш оой мал кайтарып жүргөн бир карыя менин абалымды көрүп, термосунан ысык чай куюп берди. Көнөктөй болуп шишип, кызарып кеткен көзүмдү көрүп эле билди го дейм. Бай болгур эч нерсе деп сурабады. Мен да лам деп үн катканым жок.
Мына Чыке, өмүрүмө өчпөс из калтырган, сизди сыртыңыздан ушунчалык кадыр тутуп урматтаган алпейим периште бир делбиримдин көрөр күнү, ичээр суусу ушундай кыска болду…
Айтматов. Көңүлүмдү толкутуп жибердиң го.
Шаханов. Баштаган соң, акыры баарын айтайын, эки-үч жакын досумдан башка жан баласы билбеген, өмүрү өзүм көрбөгөн дагы бир табышмактуу кыз бар. Өзүн бир да жолу көрө элекмин. Жетимишинчи жылдардын башынан тартып такай мага кат жазып келет. Басма сөздө жарыяланган ырларымды, жарык көргөн китептеримдин бирин калтырбастан окуйт да, ал тууралуу Өз ой-пикирин ачык жазып турат. Жетишкендигиме окурмандардын алды болуп кубанып, тагдырдын мүдүрүлткөн учурларында эң алгачкылардан болуп кайгырат.