Ошону менен катар башчынын жакын санаган агайындары, кызматчылары токтоосуз түрдө уулуу өсүмдүктүн ширесин ичип, эсеңгиреп башчысынын молосунун жанына барып асылган. Анткени эл ардактаган сыйлуу адамды тиги дүйнөгө жалгыз жиберүүгө болбойт деген түшүнүк үстөмдүк кылып турган.
Дегеле, кээ бир тайпанын бой жеткен кыздары болочоктогу күйөөлөрү өлө турган болсо, даяр турсун деп, турмушка чыкпастан мурун моюндарына жип орошуп жүргөн. Ал эми Фиджи аралындагы сомо-сомо уруусунун атактуу кол башчысы Рамбити деңизде кырсыкка учурап, сууга чөккөндө, артында калган он жети жесири бүтүндөй өлтүрүлгөн. Намен элдүү мекенинде бирөөнүн сексен аялы бирдей курмандыкка чалынып, айлана кызыл канга батканы жылнааманын беттеринде тастыкталат.
Шаханов. Бул жагдайда, мүмкүн махабатка караганда, мистикалык консерватизм менен жан дүйнөнүн көр сокурлугу туурасында айтканыбыз жөндүү чыгаар, мунун өзү үрөй учура турган көрүнүш го. Байыркы Африка урууларында жетекчиси же анын сүйүктүү аялы өлсө, кулдарын да кошо көмө турган салт болгон. Өлүмгө баш урушкан алар муну өзүбүздүн касиеттүү парзыбыз деп билишкен. Ушундай бир жапайы салт жүзөгө ашырылар кезде капыстан жолуккан европалыктар курмандыкка чалынаар кулдарга арачы түшөт. Ошондо кулдар: «Көсөмүбүздү тиги дүйнөдө ким асырап багат?» — деп кайра аларга нааразылык билдиришиптир.
Индиянын найар аттуу байыркы уруусунда баш кошушкан жубайлардын турмушу өзгөлөрдөн таптакыр башкачалыгы менен айырмаланат. Жигит үйлөнсө да бир үйдө турмуш курушпайт. Күйөөсү өз үйүндө, аялы да ата-энеси менен бир үйдө тура берет. Күйөөсү менен жолугушаар учурду зарыга күткөн аялы жыл сайын бир нече күнгө гана балдарын ээрчитип келип, анын жанында болуп кайтуу салты бар. Ал эми тез-тез кездешүүгө уруусунун салты, үрп-адаты жол бербейт. Арийне ал маскарачылык болуп эсептелинет. Ошондой эле жубайлар өмүр бою бир-бирине материалдык жагынан жоопкерчиликте болушпайт. Ар кимдин турмушу өзүнчө. Бир кызыгы урууда ажырашуу деген өтө сейрек кездеше турган кубулуш экен. Балким, бул узак жылдар бою бир түндүктүн астында туруп, эрди-катын турмушунун күңгөй-тескей жагдайларын утур-утуру баштарынан кечирбегендиктен уламдыр.
Ал эми даяктардын үйлөнүүсү менен ажырашуу салттары да өзгөлөрдөн айрыкча айырмаланат. Бул элдин турмушун терең изилдеген Пьер Пфеффердин: «Мында эркектер сыяктуу аялдар да ажырашамын деп талап коюуга акылуу. Бул даяктардын турмушунда эч кандай драмага алып келбейт».
Бир таң калычтуусу, эринен ажырашкан аял экинчи мерте турмуш курса, биринчи күйөөсү алардын урматтап сыйлаган адамына, аялдын кийинки жарынын досуна, тууган агасына айланат окшойт.
Мына жиптей чатышып чиеленишкен ар түрдүү ишеним, түшүнүктүн айланасында канчалаган улут менен уруулардын жубайлык турмушу, азаптуу махабаты катылып жатат!
Айтматов. Махабаттын жол-жобосу бир жактуу десек да ар ким ага өз түшүнүгү, көз карашы аркылуу миллиондогон тарам-тарам жолдор менен келет. Бирок, адам баласы, утурумдук өчүп-жанган, ушак-айыңдын бардыгын махабат менен чаташтырып кайра жаңылып жатышат. Керек болсо чындап сүйө билүү ушунчалык чыдамдуулук менен ишеним жибине чиеленише байланган азаптуу түйшүк. Дагы мындай сезимдин улуулугу ошол азаптан лаззат (ырахат) алганында жатканын унутпашыбыз керек.
Ошондуктан ички дүйнөсү бай, идиректүү эки жаштын миллиондогон көпчүлүктүн арасынан бири-бирин жаңылышпай таап, үйлөнүшү өтө сейрек кубулуш. Ал эми сүйгөнүнө адал бойдон калуу да көрүнгөн эле адамдын колунан келе бербес асыл касиеттин бири. Таза сүйүү сезими жараткан не бир улуу касиеттерди, не бир чексиз эрдиктерди, жан кыйган окуяларды жыйнап бүткүл дүйнөлүк деңгээлде «Махабат энциклопедиясын» түзүүнү сунуш кылар элем.
Шаханов. Адам баласы ашкере акылсыздыгынан улам бактысыз болуп калбайт. Эгер түтүн булатышкан жубайлар турмушунда акылдуу адамдар гана бактылуу болсо, Сократ менен Лев Толстой бакытка тунаар эле.
Кайсы бир жылы Москвада өткөн поэзия кечемде окурмандардын берген суроолоруна жооп берип келип: «Ушул 10 миллион калкы бар Москва шаарында бири-бирин руханий жактан байыткан, сезимталдыгы, терең акыл-эси, жан дүйнөсүнүн тазалыгы шай келген 1000 жуп жубай табылса чоң жетишкендик» — деген элем.