Карагаттай эки көзү мөлтүрөп, төбөсүнө түйгөн чачы өзүн өзгөчө ажарлантып турат. Дептери да татынакай экен, сыртына катуу кагазды көктөп, аны жука жылтырак менен каптап коюптур. Ичин ачканда өзүмдүн баягы шапкечен түшкөн сүрөтүм менен кошо баягы газетага жарыяланган эки түрмөк ырларым көзүмө шак урунду. Муну кыркып алып түр калем менен чекелерин саймалап чаптап алыптыр.
Кыздын ысымы — Күланда экен. Турган жерден оюма ыр келбей, дептерине кара сөз менен кол тамгамды чиймеледим. Бул менин чыгармачылык жолумдагы эң алгачкы кол тамгам эле.
Күланда менен ушундайча капыстан тааныштым. Ошол кече экөөбүздүн дүйнөбүзгө нур чачкан шоолалуу кездердин башталышына айланды.
Менин темир канат ырларымды алгач ирет жатка айткан да ошол Күланда эле. Чынын айтыш керек, ал кезде келечекте акын боло турганыма өзүм ишене алчу эмес элем. Чыныгы акынды ким көргөн, алар мага жумуру башы казандай, бөтөнчө жаралган адам катарында элестей турган.
«Сиз жетилип, бара-бара чоң акын болосуз», дээр эле ал менин көкүрөгүмө ишеним шооласын куюп. Ал кезде азыркыдай эмес, Чымкент шаарынын батыш жагында шуудураган калың камыш, жапайы жылгын, тал өскөн чоң токой бар эле. Күланданы сабагынан чыгаары менен күтүп алып, үйүнө узатып барамын. Өзү алиги токой жанына салынган беш кабаттуу үйдүн үч бөлмөсүндө байкеси жеңеси менен бирге турат.
Айрыкча, ишемби, жекшемби күндөрүн чыдамсыздана күтө турганбыз. Андайда шаар четине чейин автобус менен барып, ызы-чуудан кутулуп, элсиз талаа менен жөө жөнөйбүз.
Күланда ар бир гүлдү жазбай таанып, ар бир чөптүн атын атап, кандай ооруга эм экенине чейин талдап айтып бере турган. Өзүм анчейин маани бербеген жалбыз, таңкурай*, дерменелердин* (Казак жергесинде өсүүчү дары чөптөр.) керемет касиетин алгач ирээт Күландадан эшиткем. Анын китеп дептерлеринин арасынан жаңы ачылгандагы буруксуган жыты кадимкидей сакталып калган гүлдөрдүн албан түрлөрүн табууга болоор эле.
Бир күнү токой арасындагы жол жээгинде быйтыйып өлүп жаткан торгойду көрдүк.
— Кандай аянычтуу — деди Күланда. Бечара торгой эмнеден өлдү экен? Көктө эркин сайрап жүргөнүндө жылан арбадыбы, же кимдир бирөө кол салдыбы? Мейли эмнеден болсо да аздектеп көмүп коёлук.
Экөөбүз тизелей отура калып, чыбык менен жер чукуп, торгойду этиеттеп көмдүк. Күланда болсо ушунчалык бир кыйбасынан айрылгандай кейип-кепчий бата кылып бетин сыйпады. Кайгырганы жүзүнөн байкалып турду.
— Тебелендиде жатса убал. Биз адамдар, ушундай катаалбыз го. Бир көз ирмемде эле табият не бир керемет жан-жаныбарынан айрылып калаарын эсибизге да ала бербейбиз. Мисалы, көпөлөктүн алты гана күнчөлүк өмүрү бар экен…
Айылда, не ажайып табийгаттын чок ортосунда өсүп, куштардын не бир түрлөрүн көрүп, бел курчоодон келген жайкалган чөптү аралап жүрүп да көңүл бурган эмес экемин. Албетте мунун өзү табийгаттын кучагында жүрүп да ага жеткиликтүү маани бербегендик.
Күланданын жаратылышка болгон назик сезиминин таасириби чыгаар, мен да айлана-чөйрөгө өзгөчө сын көз менен карай баштадым.
Ал менин «күн сайын жок дегенде бир адамга жакшылык ыроолоош керек» деген ниетимди өтө жогору баалар эле.
— Бүткүл адамзатка шооласын чачып, мээримдүү кучагына бөлөгөн зор иштердин алгачкы кадамы ошондон башталат, деди ал бир жолу. Эгер адамдар жакшылык кылуудан калса, бирин-бири кубандыра албаса, дүйнөнү ырайымсыздык каптайт.
Күланда өзү окуган китептерден ушул оюн тастыктай түрдүү мисалдарды келтирип, улуу адамдардын жекече өмүрү, көз караштары туурасында узак саймедиреп кеп козгой турган. Дон Кихот менен Санчо Панчонун кызыктуу жоруктарына улам-улам токтоло берер элек.
«Кто потерял стыда, уже не люди» деген таамай сөздү (кайсы жазуучунун айтканы экени такыр азыр эсимде жок) алгач ирет Күландадан уккам.
— Уяты бар бет — сүйкүмдүү. Муну жоготкон адам баарысын жоготот. Биздин коом үчүн да эң чоң коркунучтуу илдет чыгаар…