Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Кийин «ошондо кызып кетип ашыкча айтып жиберсем керек» деп ойлоп калдым. Ал эми махабат өтө сейрек кездешүүчү, жан дүйнөңдү ээлеп, көңүл толкутуп зарыктырып жолуга турган окуя экендигин тастыктоонун өзү ашыкча.

Мен көпчүлүк элди сүйүүгө даремети барлар же даремети жоктор деп экиге бөлгүм келип турат.

Могол канат-бутагынан тараган Индиянын атактуу бийлөөчүсү Жахан шах арзыган жары Мумтаз капыстан каза болгондо, көчкөн журтта калгандай кайгыга баткан көңүлүнө алтын менен күмүш да, өзгөлөрдү ийилтип-бүгүлткөн улуктугу да, бели буралып, жан-жагы бийлеген индустандын көздөрү карагаттай сулуулары да аралжы боло албаптыр. Болгон эле талабы Мумтазга арнап жер үстүндө жок эстелик орнотууга бел байлайт. Жандай сүйгөн түгөйүнөн айрылган көңүлгө ошол гана таяныч болмок. Шахтын 19 жыл бирге өмүр сүрүп тогуз бала көргөн сүйүктүү жарына арнап салдырган эстелиги Таж-Махал (ХVII к.) ааламдын жети кереметинин бирине айланып, өзүнүн тил жеткис сулуулугу менен көргөндүн көз жоосун алгандай, мөлтүр асман астында ушул күнгө дейре амирчинин аруу махабатын ырдап турат. Демек, махабаттын накта формуласы жок болсо да, жер бетинде ага коюлган эстелик көп.

Айтматов. Эсимде, жаңылбасам 70-жылдардын аяк ченинде болсо керек, Мария жеңең экөөбүз «Москва» мейманканасында элек. Ошол түнү сен биздин бөлмөбүзгө келип, казак композитору Естайдын улуу махабаты тууралуу күйүп-жанып ыр окудуң эле. Биздин азыркы маегибиздин алкагын ошол ырың аркылуу тереңдетсек дейм.

Шаханов. Ал ыр «Ашыктык алааматы» деп аталат. Окуюн.

Атактуу «Корлан» ырдын автору Естай акын 72-ге келип, бул жалгандан көз жумар кезинде алдастап жандосу Нурлыбекти издептир. Эки күндүк алыс жерде турган Нурлыбек аттан жыгылып бутун сындырып алганына карабастан, арабага жамбаштай жатып, досуна жеткен экен. Ошондо Естай ортоңку колундагы абдан жукарып, ичкерген шакегин көрсөтүп: «Сөөгүмө түшкөн карыларга эскертип кой. Мобул шакекти жарым кылым бою манжамдан түшүрбөй келгенимди билесиң. Эми көрүмдө да манжамда түбөлүк жаркырап турсун… Улуу сезимин оймоктой шакегине сыйдырган кайран Корланым ай!» — деп өксүп ботодой боздоптур.

Бир жолу Евгений Евтушенконун үйүндө чет элдик калемдеш достор менен болгон олтурушта мен ушул окуяны айтып бердим. Кенет аттуу италиялык бедизчи (скульптор) ордунан турду да: «Мында сүйгөнүнө кошула албаган Естай акындын сагынычы менен зары гана эмес, бүткүл бир улуттун махабатка болгон мүнөзү менен эрдиги жаткан экен. Ушул Естай менен Корланды жараткан элдин ден соолугу үчүн тост. көтөрүүнү өтүнөм», — деди. Ошол учурда төбөм көккө эки эли гана жетпей турду.

Бир карт аял жумушума издеп келип ыйлады:
«Түпсүз санаа чырмап алып, жабыркатып кыйнады.
Жалгыз бактым, жалгыз кызым, үйдүн куту, чырагы,
Бар эле айнам (күзгү)!, өмүрүмдүн көктөп турган чынары.
Талканымды, катканымды чачып койдум жолуна,
Ошол түрдөй кийсин деп,
Ошол Күндөй тийсин деп,
Эч нерсени аябадым, баарын бердим колуна.
Кызым сулуу бойго жетти кызгалдактай майдагы,
Суктанчудай он бештеги толуп турган Ай дагы.
Карай берсе көз тойбостой чырайына, көркүнө,
Бекер,
Бекер жиберипмин эркине,
Эрте түшүп калды кызым алоо сезим өртүнө.
Күзөтчүмүн бүгүн эшик тооруган,
Тубар айым туубай калды оңунан.
Үч жыл болду,
Шайкелең бир артисттин
Шордуу кызым жүгүрүп жүр соңунан.
Ал артисттин
(бул кордукка карачы?)
Бар аялы, баласы,
Үйлөнүүгө кайдан жетсин чамасы.
Кызым аны билбей эле жүрөбү?
Билип туруп селт этпеди жүрөгү.
Көңүл-кушу тарабай,
Ошол артист артык болуп,
мен деген
Жигиттерди шылдың кылып карабай,
Кетпедиби жооп айтканга жарабай.
Кызык жери анан да,
Кызым үчүн ааламда,
Ошол көйрөң артисттен
Өткөн жан жок адамда.
Ошону ойлоп кейий берет арманда,
Ошону ойлоп ыйлайт үйдө калганда.
Анан кайра жылмаят: —
Менден өткөн бактылуу,
Жан жок го деп жалганда.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>