Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Айтматов. Боз бала чагымда окусам да, эсимде калган эки-үч окуяга көнүлүңдү бурайын. Улуу ойчул Иеремия Бентамдын ашыктык икаясы менен туруктуулугу өзүнчө бир бүткөн ыр. Ал жаш чагында бир сулуу кызга абыдан ашык болуп, сөз айтат. Өкүнүчтүүсү, ал тилеги таш кабат. Убакыт дегенге даба барбы, Бентам да улгайып, карт бойдок көйүндө алтымышка толот. Ошондо да жаш кездеги сүйгөнүнө кат жазып, өзүнүн ага деген сезими дүрт этип оттой жанган көңүлү сууй электигин билдириптир. Кексе болуп калган аял ошондо да анын сунган колун кайра кагат.

Улуу кеменгердин алиги аялга деген сүйүүсү кайра күчөп ушунчалык ал жөнүндө айтканда, толкунданбай эргибей ары көзүнө жаш ала сүйлөчү экен.

Бентам сексендин кырына чыккан чагында ашыгына акыркы ирет салам жолдоп: «Мен али тирүүмүн ардагым. Он алты жашымда өзүңө гүл тартуулаган учурда кандай ойдо болсом, азыр да ошол ниетимден кайтканым жок. Сени сүйүп өткөн тагдырыма чексиз ыраазымын, кайыр кош!» — дептир.

Англиянын даңктуу аскер башчысы, махабаттын мажнуну герцог Валлингтон далай боз уландардын арманына айланган Катерша аттуу сулуу менен таанышып, куунак, ырахаттуу күндөрдү башынан кечирет. Эки ашык баш кошууга шерт кылышат. Бирок, кыздын атасы дөөлөттүү эр көкүрөк Лонгфорд кош жүрөктүн мындай чечимине каршы чыккан. Көп өтпөй Валлингтон аскердик иш жагдайы менен Индияга сапар тартат. Катерша сулуу ашыгын өмүр бою күтүүгө бел байлап, зарлап кала берет.

Валлингтон арадан тогуз жылдан соң, күндүз эсинен, уктаса түшүнөн кетпей сагындырган Катеринасын таптакыр тааныбай калган. Чечек дартына чалдыккан кыздын айдай жүзү чаар болуп, адам корко турган абалда экен. Катерина көз жашын төгүп, сүйгөнүнө макулдугун берет. Ошондо Валлингтон өз убадасынан тайбай, Ала-Тоодой эт кылып, Ысык-Көлдөй чык кылып бир улуу той берип, никелерин кыйдырган экен…

Менимче бул эки окуяга эч кандай кошумчалоонун кереги жок.

Шаханов. Үстүбүздөгү кылымдын 50-60-жылдарында Батыш Европадан дың бузган «сексуалдык революция» деген сүйкүмсүз термин дүйнө жүзүнө кеңири кулач жайып келет. Бул — адамдагы уят деген касиеттүү ыйык сезимди тумчуктуруп өлтүрө турган, курулай жыныстык катнаш жасоо кумарлыгын өркүндөтүүгө өлчөөсүз мүмкүндүк берген жогорку илим, техника менен алдыңкы маданияттын үлгүсү катарында чүмбөттөлүп көрсөтүлгөн учурдан улам пайда болгон кооптуу илдет.

Ырас, окумуштуулардын айтымында адамдын өз организми менен психологиясын бир калыпта деңгээлде кармаш үчүн эң зарыл үч нерсе керектелет экен. Биринчиси — өз убагында туура тамактануу, экинчиси — уйку менен көтөрүңкү маанай, үчүнчүсү — кумарлануу менен жыныстык катнаш.

Адам өз убагында тамактанбаса, жашоодогу жөңдөмдүүлүгүнөн, күч кубатынан айрылат.

Уйкуга канып, жакшы эс албаса психологиялык дартка дуушар болот. Ал эми кумарлануу менен жыныстык катнаш жасоосу үзгүлтүккө учураса адамдын кулкмүнөзү өзгөрөт. Айлана-чөйрөсүнө көз карашы өзгөрүп, ишке болгон жөндөмдүүлүгү да төмөндөйт, кээде жин (нерв) оорусуна чалдыгат. Демек, сүймөнчүлүктөгү жыныстык катнашты байыркы дүйнөнүн даанышмандары адамдын жашоого болгон куштарлыгын арттырган, чексиз өлчөмдөгу күч-кубат берген «тирүүлүктүн эң башкы дары-дармеги» деп билишкен. Бирок, ал сезим уяттан жана жер шарын азып-тозуудан аман сактап келе жаткан адамгерчилик, руханий дөөлөттүн чегинен алыстабаш керек.

Жер бетинде адам баласы албан тилде сүйлөгөнү менен бир дилде кубанып, бир дилде кайгырып, бир дилде ашыгына махабат сезимин билдирет. Арийне мындай жагдайда бардык адамга таандык бирдей багытта, бирдей жолдомо, айкын максатты пайдаланса деген гана тилек. Балким, өмүр сүрүүнүн өзгөчөлүгүнө карай, үзүл-кесил туруксуздук кездешпей койбос. Унутпасам, Амазонка боюн мекендеген бир урууда адамдардын бири-бирине мандай-тескей олтуруп тамактануусу өтө уят иш болуп саналат экен.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>