Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Айтматов. Баракелде, «Аял болуп, сулуу болбоо табиятты алдоо менен барабар?» деген саптарыңа тереңдеп үңүлсөк, ургаачы жандуунун турган турпаты, сезимталдыгы менен түйшүгү эркекке караганда мүлдө өзгөчө сапатта экенине ынанабыз. Эркекке найза урсаң да көзүнө тамчы жаш албаган чыдамкайлыгы, олдоксон айтылган бир ооз сөздөн аялдын жер менен жексен болуп басылып калган назик көңүлү — ушуну ырастаганы. Биздин казак менен кыргызда аялзатын айрыкча ардак туткан салт бар. Турмуштун ачуу-таттуусун көрүп чыйрала берсин, туягы ташка салса кетилээр, сууга салса жетилээр деген ойдо уулун эч убакта аябаса да, кызын аз күндүк коногум, алтындын сыныгы, шайынын кыйыгы деп, бөркүнүн төбөсүнө үлпүлдөтүп үкү кадап, бапестеп өстүргөн. Атын алчыланта бастырган ала көөдөн жигиттин суук көзүнөн жазгыра жеңелери калкалаган. Дегеле сулуулук менен назиктикти туу тутуу — ар-намысыбыз, ыйманыбыз жаркыраган улуттук жылдызыбыз катары жанып турат. Чамгарагына уя салган чабалекейдин балапандары темир канат болуп жетилип, уясынан учуп чыкмайынча көчпөй олтурган, убал-соопко өтө аяр караган элибиздин тулпар кулундаган бээни сойбогон жакшы салты бар. Анткени өмүргө асыл перзент берген эне ар дайым урмат-сыйга татыктуу. Анын алдындагы адамгерчилигибиз — адамгерчиликтин белгиси.

Шаханов. Кавказ элдеринде эки эркек жакалашып, жулкулашып, айлана тегерегинин чаңын чыгара мушташып жатса, ортолоруна аялзаты келип, ак жоолук таштайт экен. Таштаганда бүттү, бир-бирине үрпөңдөшкөн эки жак, милдеттүү түрдө жакалашканын токтотуп, экөөсү эки жакка басып кетүүсү зарыл. Анткени, бул назиктик менен сулуулуктун башталышы — эненин өкүмү. Мындай өкүмгө моюн сунбагандар нагыз арсыздык ошол болуп эсептелет экен. Совет өкмөтүнүн тушунда ушул назик жандарга деген ыкыласыбызды басаңдатып, ары алардын жан дүйнөсүнө көлөкө түшүрүп алдык го сыягы.

Айтматов. Ооба, ар бир коомдун, ар бир мамлекеттин аялдар жөнүндө калыптандырган өз көз карашы, өзүнчө саясаты болду. Октябрь төңкөрүшүнүн алгачкы жылдары, ачарчылык, репрессия, Ата Мекендик согуш, бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү жылдарында аялдын өзүнө аял экенин унуттуруп, табигый чегинен чыгарып жиберди окшойт. Дегеле ушул аралыкта назик жандын аркасына эч бир кылым артпаган жүктү аркалаттык. Экөөбүздүн акын досубуз Евгений Евтушенко:

Как получитья в мире так могло,
Забыв про смысл ее первопричинный.
Мы женщину сместили, мы ее
Унизили до равенства с мужчиной, —

деген ыры учурунда коомдун агымына каршы таш ургандай таасир калтырды эле. Анткени бул кезде булчуңдары буржуюп турган карылуу аялдар мода болуп, даңкталып жатты.

Эркектер менен тең укуктуубуз дегенди аялдар жүрүш-турушунда, айта турган сөзүндө эле эмес, кийген кийимдеринен да таасын көргөздү. Эсиңдеби, Апас Жумагуловдун үйүндө, арабызда Аскар Акаев да бар, алдыбызга кең жайылган дасторкондо аялдар жөнүндө кызык кепке кирип калдык. Ошол бир ажайып кечте накта эркектин өзү тулпар мүнөз экенин айкындаган күчтүү ыр окуп, баарыбызды таң калтыргансың. Кийинчерээк менде жүргөн китептериндин арасынан ошондогу окулган ырынды издеп таба албай койдум эле. Ошол ырыңды кайра окусаң.

Шаханов. Бул өзү көлөмдүү ыр. Кызыган кеп учугубуздун рухуна төп келген тарамынан үзүндү окуй салайын.

Айтматов. Мейли.

Шаханов.

Отырарлык карыя элге барктуу жан экен,
Тулпар десе, тулпардай канаттуу аты бар экен.
Мүнөзү аттын кырс экен чатак, кежир баладай,
Арыктан суу ичпептир чаңкаганга карабай.
Жек көргөнүн жолотпой чунаңдап тээп, тиштептир,
Ошон үчүн чидерленип, баштан жүгөн түшпөптүр.
Карыянын дагы да эрке кызы бар экен,
Боз жигиттер көз салган ай жамалдуу аруу экен.
Атасына аруу кызы мындай дептир бир күнү:
— Атакебай, кең пейилиң келтирди чын күлкүнү.
Кежир, тентек бул атыңды алпештөөнү койбойсуң,
Айырбаштап,
Сатып, союп неге көзүн жойбойсуң?
— Ырас, кызым, сөзүңдүн жок катасы,
Аттын кежир мүнөзү бар, — деп күрсүндү атасы,
Бул шойконуң зээндүү да, зирек да,
Түшкөн кезде чоң байгеге, жарышка,
Жаралгандай чуркоо үчүн алыска,
Бекем туруп намыска,
Терин, канын төгөт да,
Бирок, сөзсүз марага
Ал биринчи келет да!
Айкындаган элге күчүн,
Ал керемет эмгеги үчүн
Кежирдигин кечирүүгө болбойбу?!
Кечирбестен кемтик жасап койбойлу!
Азбы элде тулпардан ашкан багы бар
Чыдамкайлуу чобурлар
Жоош, момун жаныбар.
Касиетин сезбесе да таалим алаар, табынаар,
Жоошту дайым мактоочулар табылаар.
Балким, тулпар ал үчүн да ызалуу,
Ызалууну баалоого ашыкпайбыз биз али.
Нагыз эркек тулпарга окшош, жан кызым,


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>