Менин кээ бир курбу кыздарым тизеден жогору көйнөк кийгенге куштар. Кимдир бирөөлөрдүн сугун түшүрүп тапкан пайдасы кайсы? Мунун түбү адепсиздикке алып келбесе болду, — деп айткандары эсимде калыптыр.
Ал менин да атымдан айтпай, дайыма Сиз дей турган.
— «Бири-бирибизди жакшы эле жакындан билип калдык. Бөтөн адамдардай Сиз деп сылыксынгыча, азыркы жаңы маданиятка ылайык Сен дешип, эркинче эле сүйлөшпөйлүбү» — десем:
— Апам чоң атама ушул күнгө дейре «Сиз» деп кайрылат. Азыр шаардык казактар атасын да «сен» дегенге өтүшүптүр. Ушуларды укканда, карап туруп өзүң уяласың. Мунун өзү кылымдар бою келаткан салт-санааны бузгандык го, — деп күйүп-бышып кейигенин көргөнүмдө, такыялуу кыздын адептүү тарбиясына, өтө сезимталдыгына, акыл-эсинин тереңдигине суктанып, ушундай жар тапканы турган менин багым да бар экен деп ичимден сыймыктанаар элем.
Ал кездин өзү бир көргөн түштөй жылт этип өтүп кеткен доор экенин кайдан билейин…
Менин чыгармачылык жолума чоң таасир калтырган адамдын бири — Төлөгөн Айбергенов болду. Болгону жыйырма тогуз жашында казак поэзиясынын асманынан куйрук үзгөн жылдыздай агып өткөн кайран акын адабиятыбызга өзгөчө дем, жаңыча илеп алып келген эле. Ал менден беш гана жаш улуу боло турган. Алгачкы ырларым басма сөздө жарыяланган соң, өзү издеп келип таанышкан. Чачы уюлгуган, жазы маңдайлуу тынчы жок кара жигиттин таланттуу да, өжөр да кези; достукка куштар көңүлү мени бат эле өзүнө арбап алып жөнөдү.
— Сүйлөшүп жүргөн кызың барбы? — деп сурады ал бир күнү. Мен бир эки ооз сөз менен Күланда тууралуу айтып бердим.
— Эмесе, тааныштырчы, — деди кызыгып.
— Төкө, эртең жок бүрсүгүнү — кулжа (июль) айынын экиси күнү менин туулган күнүм го. Ушуну шылтоо кылып чакырып, тааныштырайын. Антпесе, алпейим уялчаак, келе коёр бекен, — дедим.
— Болуптур, көп болсо жолумдан бир күн калармын. Туулган күнүңдү тосомун, — деп, кайран ак көңүл акын чын пейилинен келише кетти.
Белгиленген күнү үчөөбүз шаардын сыртына чыктык. Көк шиберге газет жайып, үстүнө апам атайы бышырып берген этти, дүкөндөн сатып алган үч бөтөлкө лимонад менен Төкөңө арнап салынган эки бөтөлкө пивону койдук. Төкөң туулган күнүмө арнап эки китепти белекке берди. Али эсимде, бири Ковшар деген автордун «Иле Ала-Тоосунун куштары», экинчиси «Таш баканын түрлөрү» деген китеп.
Болочокто чоң акындыктан үмүткөр болуп жүргөн мен:
— Төкө, иниңизди айыл чарба институтунун студентине чаташтырып алган жоксузбу? — деген тамашама ал:
— Акын болуу үчүн, айланаңдагы жан-жаныбарлардын баарысын изилдеп, талдап ажырата билишиң парыз. Антпесе, көп нерседен куру каласың, — деди. Муну Күланда да коштоп:
— Мен да Сизге китеп тартуулаганы турам. Бул китептин автору — менин туулган жериме тутумдаш жаткан боордош кыргыз элиндеги Шекер айылынын перзенти, Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду бүтүргөн Чыңгыз Айтматов деген жазуучу.
Ушунтип, Сиздин орус тилиндеги «Повести гор и степей» деп аталган китебиңизди сунду. Мына ошентип Сиздин чыгармаларыңызга алгач ирет сезимим албырып от болуп жанып турган кезде Күланда аркылуу жолуккам.
Ошол күнү Төлөгөн экөөбүз Күланданын жалтыраган кызыл дептерине ыр менен кол тамга калтырдык. Төкөң айрыкча толкуп, болочоктогу келинине алты сап ыр арнаган. Ал эми мен болсом мындай саптарды жазып бердим:
Кубат алам сенин назик күчүңдөн,
Бирок аны ким бар экен түшүнгөн.
Бактылуумун делбирим ой, сен менен,
Капысынан жолукканым үчүн мен.
Сен да жаным умүтүңдү тутандыр,
Алоолонсун сезим өртү ортонун.
Капысынан табыштырган бу тагдыр,
Капысынан бөлөбү деп коркомун.
Күүгүм кире Төлөгөндү Чымкенттин автовокзалына узатып койдук. Автобус жүрөр алдында Төкөең мени Күландадан бөлүп, четке алып чыга берип:
— Колуктуң кут болсун! Чыныгы акынга жар боло турган акылы терең сезимтал кыз экен, ушундан айырыла көрбө, — деп кулагыма шыбырады.