Байлап алды азоо тагдыр кишенеп.
Тек БЕШИНЧИ эртең кууп жетерине ишенет.
Түпсүз санаа жүргөн менен боюнда,
Изгиликтин нуру жанган оюнда. …
Ал бешинчи — эң бактылуу эркектин,
Кыялданам болсом о, деп тоюнда. *
* Которгон — Өмурбек Тиллебаев.
Айтматов. Ооба, бешинчи эркек аталуу жарык маңдайынан бешене нуру жанган кайсы гана жигиттин тагдырына жазылды экен? Ушул армандуу дүйнө жаралгандан бери биринин ордун бири алмаштырган сансыз миллион адам ушул күнгө дейре умтулуп келе жатпайбы? Өзүнө келбет мүнөзү, рухуна шай татыктуу жар табуу качан да болсо эр жигиттин көктөн тилегени болуп келди, дагы боло да бермек.
Чындап сүйө билүү — качан да болсо зор талант. Күнүмдүк кадимки турмушта талантсыз, жигерсиз, болумсуз дээринде жок, ары тузсуз көжөдөй жугумсуз адамдар кандай көп болсо, сүйүүдө да ошондой көп. Сезим менен ишеним Эверестинин кыл чокусуна сейрек гана бирөө жарымдын чыгышы да ушундан. Адам ата менен Обо энеден баштап бирде кубантып, бирде ыйлатып, бирде үмүттөндүрүп, бирде түңүлтүп келе жаткан махабат аттуу кудуреттүү күчкө эч ким устаттык кыла албаса керек. Ар бир адамдын өз көзү менен гана көрүп, өз тагдыры аркылуу гана сезип, жан дүйнөсүнөн өткөргөн бул касиеттүү сезимдин тегерегинде биз да жалпы аялдар жаатында, өмүрүбүздүн бел-белестеринде кез келишкен делбиримдерге көз карашыбыздагы ынанууларыбызды, сырларыбызды чечиштик.
Кээде оозеки айтылган сырдашуулар колго илинбей көз ирмемдик учурлары да бар… Достук жоголгон жерде — коом, махабат жоголгон жерде — урпак азып-тозот дептир Мухамбет пайгамбар. Жүйөлүү пикир.
Өркөчтөнүп, жаалданып, бууракандап, долуланып келип жака белиндеги жар ташка урган соң, жай мемирей түшкөн удургуган шамалдуу учурдагы деңиздин толкундарындай канчалаган жылдарыбыз жоошуп, жалындаган илеби кайтып, кайрылбаска кетиптир.
Артыбыздан өмүрдүн деңизиндеги азоо толкундарга көздөй өз кемелерин тике салып, мүлдө жаңы, элирген, канатчан муун келет. Ылайым бизге бийик көрүнгөн чокулар аларга жапыз болуп, тумандуу, күмөндүү, булаңгыр кездерде биз урунган жар таштардан алардын кемеси аман өтсүн, биз жете албаган максатка ошолор жетсин деп тилейлик!