Кыялында айга учууну эңсеген балалык чактын бир муңайыңкы көрүнүшү эле.
Шаханов. Э.Хемингуэй: “Чоң жазуучу болуш үчүн талант, билим менен кошо бактысыз балалык керек”, — деген экен… Бир кызыгы, Сиз бала чагыңызда жазуучу болуу оюңузга да келбептир. Бирок, машина айдоого дилгир экенсиз. Муну ошол кездеги газетанын кабарчысы, кийин көрүнүктүү жазуучу-драматург болгон Райкан Шүкүрбековдун суроолоруна жети жашыңызда жооп берген экенсиз.
Бул газетанын номерин белгилүү жазуучу-кинодраматург Шаршен Усубалиев Ташкенттин архивинен таап, Сиздин туулган күнүңүзгө белекке бериптир.
Ошол маектен үзүндү келтире кетейин:
“Чыңгыз 7 гана жашка чыкты. Өзүнүн жаш досторунун арасында тазалык тартипти абдан жакшы сактайт. Ал үйүндө өзүнчө окуп, ойноого тартиптүү үйрөнгөн. Биз Чыңгыз менен бир сааттан ашык олтуруп сүйлөштүк. Ал кимге болсо тайманбастан өзүнүн пикирин тышка чыгарып айталат.
— Сен ким болуп чыгасың? — деп кыска гана суроо берилди.
— Мен шофер болуп чыгам, — деди.
— Атаң каякта?
— Москвада.
— Эмнеге кетти?
— Окуп жүрөт.
— Атаң башта кайда иштеген?
— Райондук партия комитетинин катчысы болуп иштеген. Азыр окуп жатат. Менин үйүмдөгү бурчумду атам уюштуруп берип кеткен. Чоңойгондо шофер болууну өзүм гана кааладым.
— Үйүңдө кандай оюнчуктарың бар?
— Азыр мага жетишет, бирок мага минүүчү машинелер керек. Аны атам сатып ала келем деп убада берген. Убадасы да жакындады.
— Азыр мага жетишет, бирок мага минүүчү машинелер керек. Аны атам сатып ала келем деп убада берген. Убадасы да жакындады.
— Азыр мага жетишет, бирок мага минүүчү машинелер керек. Аны атам сатып ала келем деп убада берген. Убадасы да жакындады.
Берилген суроолорго тайманбай гана туруп сергектик менен жооп берип жаткан бала — Айтматовдун баласы Чыңгыз эле. Ал кат тааныйт. Чоң-чоң ариптер басылган газетатерди, китептерди окуй алат. Чыңгыз “шофер болом” деген тилегин орундатат”.
Бул маектешүү Сиздин жети жашар кезиңиздеги сүрөтүңүз менен “Чыңгыз шофер болом дейт” деген темада “Ленинчил жаш” газетасынын 1935-жылдагы июнь айынын 16-санына жарыяланган.
Шофер болууну эңсеген баланын кийин дүйнөгө белгилүү жазуучу чыгаарын кабарчы кайдан билсин. Темир тулпарды башкарсам деген тилегиңизге ак жол каалаган Райкан маркум, Сиз Советтер Союзунун эң жогорку — Лениндик сыйлыкты аларыңызга бир жыл калганда дүйнөдөн өтүптүр.
Айтматов. Ооба, ал кезде анда-мында көзүбүзгө чалдыга калган машинага болгон куштарлыгыбыз айрыкча эле. Бул жалгыз менин эмес өзүм сыяктуу ошол кездеги ар бир баланын тилеги боло турган. Бара-бара ал тилек өмүрүбүздүн кыйырсыз тарам жолдорунда балалык таттуу бир кыял гана болуп кала берерин ким билиптир?!
Айылда “эл душманы” деп камалып кеткен атамдын аты көп эшитилбей турган. Апам менен Карагыз апам гана биздин балалык назик көңүлүбүзгө атабыз тууралуу чындыкты, жылуу сезимдерге бөлөп жүрүштү. Апам үйдө өзүбүз менен өзүбүз калганда атамдын сүрөттөрүн, төш белгилери менен күбөлүктөрүн бир бирден чыгарып көрсөтүп коё турган. Ушулардын ичинен фамилиясы жазылган мөөргө айрыкча кызыгаар элек. Сыяга малып кагазга бассак, латын арибинде “Айтматов Т.” деген жазуусу бадырайып даана түшөөр эле. Карагыз апабыз окубаган болсо да сөзгө чечен, ары акылман эле. Өмүр бою атамды пайгамбарындай көрүп өттү. 1964-жылы оор кеселден көз жумганы жатып:
— Төртөөңө тең ыраазымын. Аттиң, атаңар жаш кетти. Ошончо чоң кызмат аткарбай, айылдын бир карапайым гана адамы болуп жүрсө аман калаар беле ай, — деп ыйлап-сыктаган.
Алгач атам тууралуу: “Он жыл түрмөгө кесилди, кат алышып кабарлашууга болбойт” — дегенди угуп ай, жыл санап үмүтүбүздү үзбөдүк.
Бир күнү үйүбүзгө бала ээрчиткен эки көзү тең азиз адам келди.
— Төрөкул менен түрмөдө бир зыңданда жаттык. Көрбөгөн азабыбыз калган жок. Төрөкулдай азаматтар бир кылымда бир гана жаралат. Түрмөдө эки көзүмдү сокур кылышкан соң, мени бошотуп жиберишти. Төрөкул тирүү. Адилеттик жеңбей койбойт, үмүтүңдү үзө көрбө, Нагима — дегени жадымда калыптыр.