Адатта Чыңгызга агылып келип жаткан каттарда эсеп болбой турган. Каттар дүйнө жүзүнүн, асыресе Советтер Союзунун тээ булуң-бурчунан келе берет. Каттардын айрымдары баш паанек алууга көмөк сураган, ар түрдүү абалдагы партиялык, акимчиликтерден көргөн ыдыгына арка-бел болууга, бир гана чет өлкөдө чыгарыла турган кымбат баалуу дарыларды табууга жардам берүүгө дагы ушуга окшогон толгон-токой проблемалардын айланасындагы, жалбарып жардам сураган өтүнүчтөрдөн турар эле. Олуттуу адилетсиздикти башынан кечиргендигинен болоор, Чыңгыз мындай каттарга айрыкча маани берип, көп убактысын сарптап, колунан келишинче жардам берээр эле. Ошондой жардамга муктаж адамдардын бир тобу мени атайы издеп таап, же болбосо капыстан жолуга калганда: “Мобуну агаңызга берип коёсузбу, Бүткүл Советтер Союзунда ал кишинин бир ооз сөзүн жерге таштаган адам баласы жок чыгар” — дешип, кулач-кулач өтүнүч каттарын суна беришет. Кээде ансыз да иштери чачтан көп агамды аяп кат ээлеринен оолактаймын. Жашыра турганы жок, ал жолуккан аялды алгач ошондойлордун бири болуп жүрбөсүн деп да ойлодум.
— Жок, жок, — деди күдүктөнүүмдү жокко чыгарып, — Мен сизди издегеним атаңыз Төрөкулга байланыштуу. Менин агам түрмөдө сиздин атаңыз менен бир зынданда жатыптыр.
Атамдын аты аталганда бүткөн боюм ток ургандай селт эте түштү.
— Кайда агаңыз? Тирүүбү? — депмин шашканыман.
— Тирүү. Бирок ал ооруканада оор абалда жатат. Дарыгерлер саналуу гана өмүрү калды дешет. Мүмкүн болсо агаңыз Чыңгызды көргүсү келет. Бирок, газеталар ал кишини Америкада жүрөт дешип жазышты го… Ошондуктан Сизди издедим… Аялга ээрчишип ооруканага бардым. Оорулуулардын тыным ала турган учуруна туш келиппиз. Буга карабастан карындашы кезекчи медсестрадан уруксат сурап, агасын сүйөмөлөп дализге алып чыкты.
Сабырдуу адам экени кебетесинен көрүнүп турат, бирок ооруу мүлжүп, алсырап калыптыр, эки ийининен араң дем алат. Кыскача гана аман-соолуктан соң, менин жүзүмө назар салып бир тигилип алды да, жүзүн жаш жууп коё берди.
— Төрөкулга кебете-кешпириң окшош экен… Эми өлүп кетсем да арманым жок… Кудай мага ырайым кылган экен, — деп энтигип алды. Өзүн Теңирберди Алаппаевмын деп тааныштырды. Бир аз олтуруп демин баскан соң, аксакал арыдан бери сөзүн апыл-тапыл баштады:
…Комсомол уюмунда иштеп жүргөн элем. Агам Узакбай болсо — “Ак-Жар” айылында колхоз жетекчиси. Баш көтөргөн жандын баарысы кылт этсе “эл душманы” аталып, түрмөгө камалып жатты. Кезек агама да келген экен, көз ачып жумгуча алды да кетти. Артынан көп кечикпей мени да кармады.
— Агаң — эл душманы. Кимдер менен байланышы бар? Кандай кыянаттык иштерди жасады? Эмне деп үгүт жүргүздү? Кана айт! — дешип күн сайын сансыз суракты берип, уруп-тепкилеп кыйнайт. Карышып туруп алдым. Бир ирет тергөөчүнүн жини ушундай келди, мылтыктын кундагы менен күчүнүн болушунча мени оозго уруп калды, үстүңкү астыңкы тиштеримдин теңинен жарымы канжалап күбүлүп түштү. Өзүм эсимден танып жыгылыпмын.
Тээ бир убакта эсимди жыйып, көзүмдү ачсам таш төшөлгөн зынданда жаткан экенмин. Айланама карасам сакал-муруттары өскөн, күндө уруп-согуудан жедеп азып-тозушкан алты-жети кишини көрдүм. Четте жалгыз темир керебет турат. Маңдайымда келбети келишкен бир жылуу жүздүү жигит барча-барча талкаланып, шалаасы чыккан, оозу-мурдумдан аккан канды улам сүртүп коюп олтурган экен.
— Тур, байкушум, менин ордума жат, — деп колтугумдан жөлөп, керебетке жаткызды. Бул жалгыз керебетке мындагы капастагылар кезектешип жатышат окшойт. Бүгүнкү кезек алиги жигиттики экен. Антпесе таштын муздактыгы сөөгүмдөн өтүп, чыдатаар эмес. Калгандары үн каткан жок, апти бир-бирине сөз айтуудан да коркуп, жалтак болуп калышса керек.
Эртеси чоо-жайыбызды сурап жакшылап тааныштык. Аты жөнү — Төрөкул Айтматов экен. Менин Таластан кармалып келгенимди укканда өтө кубанды.