Канжигит Сыздыков менен Абилкасым Кулымбетовдон мага “Отырар районунун ардактуу атуулу” деген наам бериле турганын эшиттим.
Советтер Союзунун биринчи аял космонавты Терешкова атындагы кийим тигүү фабрикасы Алма-Атада бар, Гагарин, Титов, Николаев ысымындагы мектеп менен көчөлөр Казакстанда жүздөп саналат.
Ааламды чарк айланып кайткан ар бир космонавтка конгон чөлкөмүнө байланыштуу — Жезказган, Аркалык шаарларынын ардактуу атуулу наамын берүү ошол кезде салтка айланган. Ал эми Гуррагчанын Оңтүштүк өлкөсүнө, анын үстүнө Отырарга алгач ирет келиши, буга да ушундай ардактуу наамды ыйгара салса, эч кимге деле эрөөн-терөөн көрүнмөк эмес. Партиялык саясий жагынан деле бул жөрөлгө калктар ортосундагы достукту данакерлөө болуп табылмак.
Ошол кездеги райондун жетекчиси Мухамедкасым Шакиров:
— Муха, ниетиңиз жакшы экен… Бирок бул маселени айылдагы аксакалдар менен акылдашып чечелик, — деди.
Эрте жаздын убагы. Күн чубакка бөлөнгөн, талаанын көк шибери жайкалып, магдырап жатат. Кыйраган Отырардын ордун Гуррагча менен бирге узак араладык. Ушу бир дөбө болуп жаткан үйүндүнү кезегинде Улуу жибек жолунун боюндагы 150 миң калкы бар шаар, гүлдөгөн маданият менен соода борбору десе, адам ишенбестей.
Ооба, өз заманында алдыңкы билим-илим жана маданият менен өркүндөгөн Отырар да ааламдын Аристотелинен кийинки экинчи устаты аталган Абу-Насыр Аль-Фараби төрөлгөн. Аны менен үзөңгүлөш тарыхчы, философ, дарыгер, астроном, математик окумуштуулардын чоң бир тобу ушу чөлкөмдө өсүп чыгышкан. Шаарга суу тикелей түтүк аркылуу келип турган десе, укпаган бирөө-жарымга жомоктогудай көрүнөөр.
Ошол мойнун алдыга созгон улуу маданият Чыңгызхандын атчан аскерлеринин туягынын астында тебеленип, тарых сахнасынан өчтү. Боюнда бар аялдын ичин жырып өлтүрүп, эркек тана калбасын деген буйруктун жетегинде ыңаалаган наристени көкөлөтүп ыргытып, найза учу менен тосуп алган каардуу кезеңди ушул мекендин калкы өздөрүнүн эстерине өчпөс тарых болуп сакталып калган. Ага мобул бардык сырын ичине каткан арка жонун тосуп дүгдүйткөн дөбөлөр менен күнгө күйгөн үйүндүлөр гана күбө.
Биз жымжырт шаар менен ичибизден сырдашып этекке түшкөндө айылдагылар көк майсаңдын үстүнө килем, көрпө төшөп, ортого дасторкон жайып, жез самоорлорду боркуладтып кайнатып койгон экен.
Мындай кызыкты караңыз: өз тууган өлкөңдү таш-талканын чыгарып кыйраткан, калкын чилдей кырган-өнөр илими, адабияты өркүндөп өскөн элдин өнүгүшүн жүздөгөн жылга артка сүргөн, каардуулугуна чен жетпеген Чыңгызхандын жан-жөкөрлөрүнүн урпагы менен арадан жети жарым кылым өткөн соң, жан аябас дос боломун дагы, аны менен бир кезде бабалары күлүн көккө сапырган элсиз шаардын ордунда олтуруп, бул арада эске аларлык эч нерсе болбогондой түрдүү азил-тамашага батабыз деп ким ойлоптур?!
Бир топ убакыттан кийин жаныбызга айрыкча өзүм урматтаган Мусабек Ажыбеков, Кутым Ордабаев баштаган бир топ кары келип аттарынан түшө баштады. Ичинен шак эле Адихам Шилтерханов деген аксакалга көзүм түштү. Бул өзү Оңтүштүк өлкөсүнүн санжырасын иликтеп, уламадан уламалаган, жалаң тарыхый темада санжыраларга калем тартып жүргөн акылман карыя эле.
Аманчылык ал жайдан соң, алар мени четкерээк алып чыгышып:
— Мухтаржан, сен озунуп райондун жетекчилерине бир сунуш айтыпсың. Моңгол космонавты сенин мейманың, досуң болгон соң, элибиздин салтындагы сый-сыпатын көрсөтөбүз. Өзүң айткандай, ага “Отырардын ардактуу атуулу” наамын берсек кандай болоор экен? Анын түпкү аталары ушунча зулумдукка барышпаса, касиетиңден айланайын Отырар али күнчө алда кайдан көк мунаралары көзгө чагылышып, мен мындалап турушпас беле? Жалгыз Отырар эмес, Сыр-Дарыя боюндагы жер жүзүнөн жоголуп кеткен, башка кырк эки шаарды кайдан табабыз? Гуррагчанын не жазыгы бар дээрсиң? Ырас, кара башынын тырмактай да күнөөсү