Чыке, адеп баштаган аңгемебиздин учугун улайлы. Шекер айылындагы орто мектепке атаңыз Төрөкул Айтматовдун ысымы берилиптир. Мектептин алдында ал кишинин зор айкели бой тирейт. Автору айтылуу бедизчи (скульпторчу). Лениндик сыйлыктын ээси, академик Тургунбай Садыков экен. Атаңыз Төрөкул “Эл душманы” деп камалганга чейин Кыргыз мамлекетинин көрүнүктүү саясий ишмерлеринин биринен экен…
Айтматов. Ал кезди көрүү түгүл угуунун өзү оңой эмес эле. Атабыз Москвада кызыл профессура институтунда окуп жүргөнүндө, апам Нагима Хамза кызы экөө төрт балалуу болуп калышкан. Балдарынын эң туну — өзүм тогуз жаштамын, кенжебиз Роза алты айлык. Бүткүл Советтер Союзу коогаландын кучагында. 1937-жылкы август, сентябрь айларындагы “Правда” газетине “Буржуазиячыл улутчулдар”, “ВКП(б) Кыргызстан Борбордук Комитетинин балык саясаты” деген эки макаланын жарыяланышы каргаша болду, республиканын жетекчилери биринин артынан бири кара тизмеге илине баштады. Алардын жоон тобунда атамдын да ысымы жүрдү. Башына коогалуу коркунучтун кара булуту үйүрүлө баштаганда атам: “Балдарды алып айылга кете бер. Мени кармап кетсе, “эл душманынын” аялы деп, сени да тескеп, ал турмак жер которуштурушу мүмкүн. Кароосуз калган балдарыбызды чырылдатып жетимдер үйүнө өткөрүп, фамилияларын да өзгөртүп жиберет чыгар. Фрунзеге* (Ал кезде Бишкек — М.В. Фрунзенин ысымында эле.) эмес, Шекерге баргыла. Тууган жер, агайын-туугандын арасы силерди ач-жалаңач калтыра коюшпас. Аман болсом кат жазып кабарлашармын”, — деп апам Нагиманы Казань вокзалынан поездге олтургузат. Өзү кетип бара жаткан поезддин артынан, бир топко дейре кол булгалап жүгүрүптүр. Эң кымбаттууларын — төрт туягы менен асыл жарын акыркы ирет көрүп, соңку ирет узатып турганын, балким, ага кудай сездиргендир. Москвадан чыккан поезд Орынбор, Саратов аркылуу Казакстандын кең талаасын кесип өтүп, жети күн, жети түн дегенде Таластын Маймак станциясына түн ичинде калтырып кетти. Тоолу өлкөнүн шарты өзүңө маалым коркунуч бийлеген ошол бир көзгө сайса көрүнгүз караңгы түн өмүр бою эсимде калыптыр. Эртеси Субанбек агабыздын арабасына олтуруп, Шекердеги Алымкулдун үйүнө жетип жыгылдык.
Атамдын Москвадан почтанын бланкасына шашып жазган соңку каты сакталуу. Окуудан чыгарылып, мына-мына кармап кетет деп убайым жеп, алдастап турганын ар сөзүнөн сезип туясың. Апам Нагимага көзүнүн карегиндей төрт баласын кайра-кайра аманат кылып, табыштап өзүнүн ак экенин, бардык күч-кубатын жаш Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө арнаганын зар какшап жазган.
Көп кечикпей декабрда Москвадагы Воровский көчөсүндөгү № 25 үйдүн 15-квартирасынан камакка алынган атамды Фрунзеге поезд менен апкелип, түрмөгө камап, тергөөгө алат.
Аталарыбыз Айтмат менен Биримкул бир тууган. Биримкулдун — Алымкул, Өзүбек, Керимбек аттуу керилген үч уулу бар эле. Алымкул атамдан бир жаш улуу эле. Шекер айылдык Советинин төрагасы болуп иштей турган. Ажар аттуу келинчеги, Токтогул деген секелек кызы бар болчу.
“Эл душманынын үй-бүлөсү” аталып, элге кайтып келген соң, бизге көпчүлүгү сыртын салышып, чоочулашкандыр. Көзгө көрүнгөндүн баарын күбө кылып, тырмактын астынан кир издеп олтурган заманда, бирөөгө таарынуунун өзү чекилик. Бири баш панаасын берип, экинчиси ынтымак-ырашкердикте колундагысын бөлүшүп, каш-кабагыбызга караган агайын-туугандын баарына ичиңден шүгүрчүлүк кыласың.
Бирок бул шүгүрчүлүгүбүз да көпкө узабады. Арадан ай өтүп, Алымкулду “эл душманынын агасы” деген жалаа менен кармап кетти. Кээде тагдырдын чалмасына чалынганды шыдыр ала салдырат эмеспи, көп өтпөй милиционер болуп кызмат кылган Алымкулдун бир тууган иниси Өзүбек да “эл душманынын жакыны” катары Төрөкул агасынын айынан камакка алынды.
Атамдын Рыскулбек деген иниси, биз Москвада турганда Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайда окуп жүрчү. Өзү кой оозунан чөп албаган момун, ак көңүл жигит эле. Биз кайтып келгенде, ал да “эл душманынын иниси” болгондуктан, окуусунан куулуп, Карагыз апамдын үйүндө жүргөн экен.