Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



— Үч боордош агайыңдын башы күндө эле кошула бербейт. Эл башкарган инилериңиз менен жүздөшүп, даам ооз тийсеңиз, — дедим.

Дасторкон башындагы көңүлдүү олтуруш улам кызый берди. Өзүңүз сөз алып, бүгүнкү карым-катнаш, түрки элдеринин боордоштугу, маданият менен искусствосунун маселелери жаатында ой бөлүштүңүз.

Ошондой сонун бир үлпөттө сиз көк эшектин жоругун айтып калдыңыз. Дасторкон башындагылар бүтүндөй магдырап калышкан. Так ушул учурда Алма-Атадан биздин республиканын Тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев телефон чалып калбаспы. Аңгемеңизди толук укпай калдым. Дасторкон башындагылар кыраан-каткы эле күлүп калышты. Ошол аңгемеңизди кайра бир айтаар бекеңиз?

Айтматов.Айтайын. Жамбыл шаарынын зооветеринардык техникумунда окуп жүргөн кезим. Күндөгү лекциялар менен катар практикалык сабактар да эриш-аркак өтөт. “Коневодство”, “Овцеводство” деген лекциялар менен бирге башка төрт түлүк мал куруп калгансып “Ослеводствого” (эшекчилик) өттүк. Алгач эшек деген эмне, ушуну да мал деп маани берип, сабакка киргизгенин карагыла деп күлүп койгонбуз. Кийин биз ойлогондой болбой чыкты. Эки кулагы шалпайып айкыргандын баарысын эшек дегенибиз менен анын да атам замандан тартып келе жаткан тери, түрү, түсү, дагы өз ара өзгөчөлүгү бар экенине көңүл бурдук. Окутуучубуздун улуту орус, согуш жылдары Ленинграддын курчоосунда калып, Казакстанга көчүп келген, өтө билимдүү, катаал, ары улгайыңкы адам эле. Практикалык сабак өткөрүүгө техникумдун кошумча чарбачылыгында эшек жок. Ошондуктан профессор студенттерди Жамбылдын “Ат чабар” мал базарына алып барар эле. Шаардын чет жакаларындагы айылдардан, ирегелеш кыргыздын Таласынан мал айдап келип сата тургандар ишемби, жекшемби күндөрү опур-топур болушуп эле жата турган. Сатуучу менен алуучуну табыштырып, араларында жылмандаган далдалчылар жүрүшөт. Бир ирет базардын так ортосундагы чымын талап турган көк эшектин жанына келип токтодук.

— Студент Айтматов, бул эшектин кайсы түрү? Кана айта башта, — деп көз айнеги жаркылдаган профессор бир топ студенттердин ичинен мени сурап калбаспы.

— Бул макулук алгач Африка менен Азия аймагында пайда болгон, Азыр Сирияда, Кашмирде, Тибетте, Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Казакстан менен Кыргызстанда жана Монголияда көп кездешет. Буларды негизинен колго үйрөтүп, жумушка көлүк катарында пайдаланышат. Мына өздөрүңүз көрүп тургандай, эшектер башка малдардан кулагынын узундугу менен айырмаланышат. Тирсегине түшкөн ичке куйругу да бар. Кодигин он эки ай көтөрөт, — дей бергенимде алиги, бай болгур, көк эшектин ээсин тааный кеттим. Айылдагы Досалы жездем менен Карагыз апамдын коңшусу. Эшекке карап сайрап турган мени көрүп, ал таңдана карайт. Уялганымдан жерге кирип кете жаздадым. Такыр үнүм чыкпай, мукактана түштүм. Муну сезе койчу профессорбу?

— Студент Айтматов, неге токтолдуң? Сабакты уланта бер. Көк эшектин башка эшектерге караганда дагы кандай айырмачылыктары бар? — деп аңсайын такып сурай баштады. Кысылганымдан чекемден тер чыбырчыктай түштү.

Алиги аксакал Шекерге барары менен:

— Ой, Төрөкулдун баласы Жамбылда эшектин окуусун окуйт экен. Өз көзүм менен көрдүм. Мугалим менен бирге базарда байлануу турган менин эшегимдин алдына келип, анын чыккан тегинен баштап укум-тукумун, жети атасын түгөлдөй санап берди эле. Баланын сөзүнө мен эмес, көк эшегим да ыраазы болду окшойт, — деп бүткүл айылга күлкү кылып жайып жибериптир.

Кыркынчы жылдардын аяк ченинде айылда сот, прокурор, милиционер кесибиндегилердин кадыр-баркы өтө зор эле.

Милициядан байың болсун,
Индийский чайың болсун, —

деген келекелүү ырды да ошол кездегилердин чыгарганы.

Мени эл кадырлаган, ары сыртыңан сүрдөп турган окуунун бирине кирген чыгар, өсүп жетилсе, бир тутканы кармап, ошентип бешенесине жазылса, эл катарына кошулуп кетээр, — деп четте окуп жүргөнүмдү айылдаштарыма сыймыктанып, келген сайын

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>