анча-мынча колундагы тыйын-тыпырын, курут-майынан аянбаган Карагыз апам менен жездем муну угушканда, же күлүшөрүн, же ыйлашаарын билишпей дал болушат.
Кийин айылга дем алышка келгенимде Карагыз апам:
— Бу журт сени эшектин окуусун окуп жүрөт дешет го. Бул эмне деген кеп, каралдым ай? Башка окуу түгөнүп калдыбы? Андай эле эшекти окугуң келсе, айылда эшектен көп нерсе жок го — дегени көңүлү иренжип.
Мени азамат болсо экен деп тилеп жүргөн кайран ак көңүл апам менен жездемдин алдында кантип актанаарымды билбей, кысылганым күнү бүгүнкүгө чейин эсимден кетпейт.
Бул да “айыл академиясынын” энөөлүк менен баёолугун толуктап турган көрүнүштөрдүн бири.
Шаханов. Күндөрдүн биринде Сейталы Бекманбетов деген мектепте бирге окуган классташ досуңузду биздин үйгө ээрчитип келдиңиз. Жаздын жадыраган мээримдүү күндөрү эле. Бал татыган кымызды шимирип олтуруп, өткөн-кеткендерди эскерип, узак сырдаштыңыздар.
Айтматов. Ооба, согуш жылдарында колуна курал кармаганга жарай турган эр азаматтын баарысы жоо бетинде жүрүштү го. Кемпир-чал, жесир аял, бала-чакадан башка таянаары жок айылга 13-14 жаштагы бизге окшогондор зор күч элек. Башкарма колхоздун кычаган иштерине күч жетпей жаткан соң, жаш балдарды мектептен сурап алат да, кез келген жумушка салат. Мени асынма сумка сүйрөтүп, Шекер, Арчагул айылдык кеңештерине катчы кылып, Сейталынын мектеп директорлугуна “жогорулаганы” да ошол учур. Аздыр-көптүр сабаты бар, эсептин жөнөкөй амалдарын араң билгендер да мугалим аталып сабак берише турган.
Шаханов. Кийинки бир жолугушканыбызда Сейталы ага бирге өткөргөн балалык күндөрүңүздөн кеп салып берди эле.
“Мектептеги өз теңтуштарыбыздан кыйла жакшы окуган Чыңгыз экөөбүз өтө жооптуу иште жүрсөк да, жай айларында эгин орууга, кырман бастырууга, арык чаап, өгүз араба айдаганга апыл-тапыл аралашып кетээр элек. Асыресе, бир класста окуган Токтосун, Байысбек, Алымбек бешөөбүз ажырагыс достордон эле. Таң агарып атып, торгойдун сайрашы менен төшөктөн туруп, бирибиз колубузга кетмен, экинчибиз орок, дагы бирөөбүз айры алып, качан күн батып каш карайганча бел чечүүнү билбей жүрдүк. Канча кыйналсак да, апаларыбыздын “атаңар аман келсе, көргөн кыйынчылыктарыңар заматта унутулаар” деген сөздөрү көңүлгө дем берер эле.
Бир күнү топ баланын ичинен колхоз башкармасы Чыңгыз экөөбүздү Маймак станциясына жумшады. Арабага толтура кап-кап буудайды жүктөп алып, чегилген өгүздөрдү камчылап жүрүп олтурабыз. Чакырайган күнгө маңдайыбызды кактап, эгин төгүү бекетине (заготзерного) жеткиче түш оойт. Кабыл алуу бекетинин башчысы Науменко деген адамгерчиликтүү орус киши арабанын үстүндө кылтыйып келе жаткан экөөбүздү көрөрү менен күлүмсүрөп тосуп ала турган. Орус тилин суудай билген Чыңгыз аны менен ээн-эркин сүйлөшөт. Мунун аркасында ишибиз да илгерилей берет. Чыңгыз мага караганда олбурлуу, кайраттуу. Чоң кара капты ыйыгына салып алып, трап менен кыйналбай жогору көтөрүлгөндө, аргасыздан кубанаар элем. Журттун көпчүлүгү каптарын сүйрөгүлөп, үйүлүп жаткан кызылдын үстүнө орнотулган тактай менен зорго өрмөлөп, жан алакетке түшүп төгүшө турган.
Иштерибизди буйдалтпай тындырып, айылга кайтып бараткан өгүздөр да жүрүшүн ылдамдатат. Бош арабаны таштак жолдо калдыратып, өгүздөрүбүздү желдирип жарышабыз. Узак жолдо үйдөн ала чыккан кара көжө менен бир жапкан нандан өзөк жалгап алган соң, көңүлүбүз ого бетер көтөрүлүп, кошулуп обон созобуз. Чыңгыздын колунан качан да болсо орус классиктеринин китептери түшпөй турган. Кээде мага окуган чыгармаларынын мазмунун, кызыктуу окуяларынан кыябына келтире айтып берет. Атасына, апасына, көзү түшкөн кыздарга арнаган ырлары да аз эмес эле. Бир жолу мен да көңүлүмдө жактырган бир кызга арнап ага ыр жаздырып алмай адаттарым да бар эле.