Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



жок экенин биз да жакшы билебиз. Бирок, Гуррагчанын түпкү ата-бабаларынын канкорлугу үчүн балким чамалуу өлчөмдө кан курамы жагынан жоопкер болоор. Муну тарыхтын энчисинин чыгарган өкүмү деп баамдаган ылайыктуу. Өткөнгө кек сактоо салтыбызда жок. Антсе да аны унутууга да акыбыз жок. Ушу жагын ойлонуп көрчү…

Үч каря аттарына минип, келген жактарына кайтышты.

Үстүмө кимдир бирөө бир чака сууну куюп жибергендей селт эте түштүм. Өз кылыгымдан өзүм уялып, көпкө чейин мостоюп туруп калдым. Капырай, далайды өзүмө караткан акын болсом да, мобул кой маарек, өткөнгө саресеп салган карыялардан алда кайда төмөн экенмин да. Атам эсиме түштү. Тогуз жашыма чеин Отырардын каармандыгын мага эчен ирээт кайталап айтканында ушундай терең ой жатканын ким ойлоптур? Мына маселе кайда?

Кийинчерээк Гуррагчага карыялар менен болгон сырды айтсам, ал:

— Ар бир баскан калпыс кадамыңды жаздым кетирбеген өз улутуңдун тарыхый чындыгын колдоп-коргоп келаткан айылыңда ушундай карыялардын болушу сенин да акындык бакытың, — деди чын ыкыласынан.

Айтматов. Анда чыны менен кызык жагдай болгон экен. Урпактарына залалын тийгизбөөгө адамдын чечүүчү жагдайларда ар бир кадамын баамдап ташташы туурасында аз айтылбаган чыгаар, мыңдайда дайыма эле оңдой берди боло бербейт. Ааламдын тең жарымын каардуулугунан жоологон Чыңгызхан муну ойлодубу? Бирок, мына доор алмашты. Албетте, Гуррагчанын бул жерде жазыгы жок экенин айылыңдагы акылман карыялар да баамдашкандыр. Ошентсе да тарыхый чындыктан кыйгап өтүү маңкурттукка алып келет. Өткөндү унутсак — арбактардын каарына, бүгүнкүнү гана ойлосок келечек урпактардын наалатына калабыз.

Айта берсек өткөн доордун саргайган барактарына үңүлгөнүбүздө, кимдер кимдер менен жоолошпогон. Тарыхтагы чындыкты эсибизден чыгарбайбыз деп Чыңгызхан үчүн бүтүн Монгол элин, Гитлер үчүн бүтүндөй немис журтун күнөөлөөгө кандай жөнүбүз бар? Маселен, кезегинде Англия менен Франциянын ортосунда жүз жылдык согуш болгон. Ушул үчүн англичандар менен француздар бири-бирин күнөөлөшүп бет карашпай калышкан жок го.

Демек, тарых чындыгынын тар алкагында калсак улут катарында жакшылыкка жанашпайбыз. Өткөндү унутсак руханий маңкурттукка айланышыбыз алыс эмес.

Уюткулуу журт дүйнөлүк орток руханий маданиятка таянып, таразанын эки жагын тең салмактаар, ой учугун табаар.

Мына ушундай эсиңе келтирип, эртеңкиңди ойлоткон таасирлер болбосо, көргөн-туйганы көп бул жер “айыл академиясы” деген атка конбос эле го.

Шаханов. Бала кезибизде жашы өр тарткан адамдар батаар күнгө карап: “Өмүрдүн көбү өтүп, азы калды”, — деп күңгүрөнүшүп калышаар эле. Сизге набаттуу карылардан эшиткен уламамды айтып берейин. Илгери Сыр-Дарыя бир түндө ташкындап кетип, жакасында жайлаган бир байдын там-ташын, мал-жанын ныпым жылас кылып жалмаптыр. Байдын өзү чабак билет экен, астапыралла менен жээкке жетиптир. Ошондо толорсуктан суу кечип, калч-калч этип: “Оо кудай, акыркы шыбагамды берегөр!” — деп кайра-кайра жалыныптыр. Окуяны көрүп турган алаңгазар бир бай жигит чалдын мындай жалынганына күлүп: “Аксакал, жашыңыз болсо жетмиштен ашыптыр. Болгон жыйнап-тергениңизди кыялбай турсаңыз мына. Эми сизде дагы эмне ичээр сууңуз калды?” — деп ороң эте, атын сылай камчыланып бастырып кетиптир.

Оодарылып-чайпалып жаткан келме кезек дүнүйө эмеспи? Бир жылы элде катуу жутчулук болуп, алиги ооз көптүргөн бай жигит болгонун жутка алдырып, өзү болсо жүгөнүн гана кармап чыгат. Үй ичи ачарчылыктан кырылып, коколой башы тилемчи болуп, суу бойлоп келе жатса, көзүнө жүлүндөй көтөрүлгөн түтүн чалдыгат. Барса алдынан бир аял чыга калып, боз үйдүн эшигин түрө мейманды төргө олтургузат. Азып-тозуп келатканын сезип, даам сунат. Үйдүн бир капшытында эки-үч бала оюн салып, чүкө ойноп жатышат.

– Даамдан сызып, ээн-эркин олтуруңуз, үй ээси да келип калаар, – деп аял от боюнда күнүмдүк тиричилиги менен күйпөлөңдөй берет.

Бээ саам убактан соң, үйгө ак сакалы белине түшкөн баягы карыя

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>