Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



Жөн эле жүрүп өз башына түйшүк таап алганына таңыркаган алда бирөөлөргө:

— Бизден кийинкилер чалынбасын да, — дээр эле.

Жаз келген сайын Бадам өзөнү ташкындап, айылдын так ортосуна салынган көпүрөнү агызып кете турган. Айыл экиге жарылып, аз убакытка бири-бири менен катташа албай, карып болуп калышат. Таякемдин астында аты бар, өзөндөн кыйналбай өтө берсе деле болот. Жок, таякем мындайда чарбагында бой тиреп өсүп турган теректерди кесип, эч кимден жардам тилебей, көпүрөнү өзү салууга кирише турган. Муну көргөн айылдагылар уялышканынан жардамга өздөрү келе башташат.

Тулку бою адамгерчилик менен элдик адеп-ахлактын ширөөсүнөн жаралгансыган ошол таякем күзгө жуук кесепетүү шишик оорусунан көз жумду.

Көз өтөөрдөн эки-үч күн мурда мени өзүнө чакырып алып:

— Эми карагым, ата-бабабыздын жолу менен кайтпас сапарга аттанганы жатам, — деди алсыз үнү менен. — Эми өзүң менен акылдаша турган бир нерсе бар. Карагым, акын болом деп талпынып жүрөсүң. Кээ бирөөгө гана тубаса бүтчү бул асыл өнөрдү аздектей билгендин гана багы ачылат. Сөз кудурети тек аруулукту талап кылат. Көз алдаган дүйнөнүн жылтырагына кызыгып жаза бассаң, касиети урат, касиети урат, оозуңдан дубасы качат, — деп демигип, көктү карап үнсүз жатты.

— Сенден акыркы өтүнүч, — деди анан, ушу арак ичимдигинен оолак эле болсоң кантет. Али баштаган да жоксуң, ичпей койсоң дурус болбойбу? Кандай болсо да айьканымды аткар деп кыстабаймын. Кабыргаң менен кеңешип жообун айт. Али да эки-үч күндүк өмүрүм бар шекилдүү. Ушуга үлгүрсөң болгону. Заманына шай суусун го, элден кем калбайын десең, убадаңды бербе. Аныңа да таарынбайм…

— Ата, ойлоно турган эч нерсе жок, менден тилегениңиз ушул эле болсо, керээзиңизди буйдалтпай аткарам, — дедим.

— Баракелде! Айланайын тилегиңе жет! Багың ачылсын! — деп таякем көзүн жашылдантып, эти качкан тарамыштуу манжалары менен колумду ыраазы боло сылагылап койгон.

— Эми Алланын аманат кылып берген жанын эч убайымсыз, санаасыз өзүнө тапшырамын.

Айткандай эле эки күндөн соң каза тапты.

Менин Умсун Айтбай кызы деген апам 1994-жылы 85 жашында мен ушу касиеттүү кыргыз жерине Казакстан Республикасынын толук ыйгарымдуу элчиси болуп келгенимде көз жумду. Өзүңүз жакшы билесиз, колунан далай даам таткансыз. Апам он үчтү төрөгөн жан эле. Ошолордун ичинде жалгыз мен гана аман калыпмын. Көбү түккө турбаган оорудан жөнүгө албай чарчай берген. Ошол маркум апам, мен бир жакка жол жүрө турган болсом, милдеттүү түрдө даамдан үчтү белендейт: майга бышырылган каттама нан, казы менен курут. Ал кезде Москвада өтүүчү ар кандай жыйындарга ат тезегин кургатпай байма-бай каттаар элек. Ошондо өзү тааныгандарына апам ушу үч даамдан ороп, жолго көтөрүүчү сумкама белендеп салып бере турган. Айрыкча Евгений Евтушенкону апам өзгөчө урматтаар эле. Баласынын ырларын которуп кыйын кездеги кол кабышы үчүнбү, же журттун, же өз үй ичибиздин ага болгон урматтоолорубузданбы, айтоор ал дегенде көңүлү өзгөчө бөлүнөөр эле.

— Айылдын даамын татыңыздар! Буларды апам берип жиберди, — деп мен да жүзүм жарык, түркүн даамдарын үстөл үстүнө жайната коём.

— Сенин апаң мага казактын айылындай сезилет, — деген эле биринде Евгений Александрович.

СССР Жогорку Советинин мүчөсү болуп, Москвада жүргөнүмдө, Сиздин жакын досторуңуз: Расул Гамзатов жана Давид Кугультиновдор менен тондун ички түгүндөй болуп ысык-ымылада алакалашып кеттик. Ал кезде Жогорку Советтин мүчөлөрү “Москва” мейманканасында атайын өзүнчө бөлмөлөрдө тура турганбыз. Айылдын даамынын үч түрү менден үзүлбөгөнүн билген Расул Гамзат уулу:

— Апамдын берип жибергендерин качан жейбиз? Байка, бала башка бирөөлөрдүн оозунда кетип жүрбөсүн, — деп көргөн сайын тамшанып калат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>