Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



Ошентсе да, жер шарынын кайсы тегереги, экватордун кайсы алкагында жүрсөң да, көөдөн тиреген сагынычыңды жазаар туу казыгың – тууган жер аттуу улуу түшүнүк бирөө гана. Ушуну менен руханий байланышыңды үзбөгөндө гана, айдарыңдан жел сылайт*(кадырың өсөт, өткөргөн өмүрүң татыктуу болот деген мааниде). Анткени, бөтөн жер, бөтөн аба, бөтөн суунун эч бири анын ордун толуктай албайт.

Ооба, биз тууган жердин көзгө көрүнбөгөн сансыз жиптери аркылуу каршы-терши байланышкан экенбиз. Жогорудагы ырыңда айтылгандай, ар адамдын өз энесинен башка төрт энеси болуу керек деген оюңа толук кошулам. Ошо төрт эненин эң улуусу кылып, тууган жерди алды менен атаганың да орундуу.

Мен тууган жерсиз эле күн көрө алам, ал эми тууган жер менсиз өмүр сүрө албайт деген алда бирөөлөрдүн текеберлениши бизге жат. Тескерисинче, касиетиңден айланайын тууган жер – бизсиз гүлдөп, бизсиз өмүр сүрө алаар, ал эми биздин рухубуз ансыз бийик өркүндөй алмак эмес.

Ооба, тууган жер барда – биз барбыз!

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>