Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



Ички иштер эл комиссариатына апам экөөбүз кайта-кайта арыз жазганыбыз менен жарытылуу жооп ала албадык. Турмуштун шарданы менен алпурушуп жүрүп, билинбестен жыйырма жыл бат эле өттү…

Шаханов. Жайчылыкта кенже карындашыңыз Роза менен узак олтуруп сырдаштык. Розанын көңүлү толкуп, көзүнө улам-улам жаш келе калып жатты. Анын айткандарынан келтире кетейин.

“Агам Чыңгыз институтту эң жакшы аяктап, аспирантурага калганы турганда, эл душманынын баласына Сталиндик стипендия бергениңер кандай? — деген арыз түшүп, стипендиядан да, аспирантурадан да четтелди. Ошондо да көңүлүн чөктүрүп бүк түшүп калбай, дем алыш күндөрү темир жолго барып, кара жумушта иштеп, отун, көмүр ташып, акча таап жүрүптүр. Тапканын чачпай жыйнап, кышкы каникулга келген бир сапарында барыбызга бирден жылуу кийим ала келди. Мага жакалуу жылуу пальто алыптыр, мындай баалуу кийимди өмүрүмдө биринчи кийишим эле. Кубанганымды айтпаңыз. Москвадагы кен ылгоо институтунда окуп жүргөн Илгизге да өзүнүн эски пальтосунун ичин жыңылатып тиктирип, посылкага салып жибериптир. Ал пальтонун сыртында, ичинде бир нече чөнтөктөрү бар экен. Ошонун ар бирине беш сомдон салып коюптур. Бирде ач, бирде ток болуп жүргөн студент колун салган сайын акча алып чыгып кубансын десе керек.

1957-жылы НКВДдан: “Айтматов Т. жөнүндө сураган экенсиздер, келип, кабарын алып кетиңиздер” — деген маалымат алдык.

Ошондогу апамдын убайым жегенин айтпаңыз. Жүрөгү элеп-желеп болуп, көөдөнүнө сыйбай бир олтуруп бир турат. Кайта-кайта улуу баласынын маңдайына келет. Сыркоологондон Чыңгыздын денеси от менен жалын болуп, катуу ооруп жаткан. Апамды өзү ээрчитип бармак болуп төшөгүнөн туруп көрдү эле, башы айланып, басууга дарманы келбеди. Акырында апам менен өзүм бармак болдум.

— Кыязы атаңды Сибирге алып кеткен экен го. Азыр ошол жактан көп киши бошонуп келип жатышпайбы? Кайран Төрөкул, силерди көрсө кубанганынан ыйлап жиберер. Чыңгыз менен Илгиз ат жалын тартып минип, үйлөнүп, түндүк көтөрүштү. Силер Людция экөөңөр тарбиялуу кыз болуп өстүңөр. Чиркин, кандай болуп калды экен, атаңар?! Камалган кезде 34 гана жашта эле. Быйыл 55 ке чыкты. Жыйырма бир жыл көрүшпөппүз. Жыйырма бир жыл…

Айтууга гана оңой. Өлбөдүк. Андан башканын баарын баштан өткөрдүк го. Атаңды аман-соо көрсөк болгону. Бирок, Сибирге айдалгандардын кээ бирөөлөрү ал жакта жүрүп үйлөнүп да алышкан экен… Эмнеси болсо да аман келсе экен. Кудай-ай, буту колдорум калтырап баратат. Кездешкен кезде жүрөгүм кубанычтан жарылып кетпесе экен…

Апамдын ушинтип алда эмне болор экен деп, санааркап келатканын көрүп, көзүмө жаш кылгырды. О, Теңир-ай, не деген айкөлдүк. Үйлөнүп алса да мейли, “тек гана аман болсо экен”, — дейт. Балким, өзүнөн да сүйгөнүнүн амандыгын гана тилегени чыныгы махабаттын кудурети ушунда чыгаар…

Ырас, апабыз жаш, ары келишимдүү эле. Билими, акыл-эси жагынан ошол кездеги айылдагылардын кыйласынан өйдө болчу. Жашыра турган нерсем жок. Апама сыртынан көзү түшкөндөр да болгон, бирок ал Төрөкулдай акылдуу, Төрөкулдай айкөл түгөй табууну ойлободу, ойлогусу да келбеди. Ошол кездеги кайсы бир күйөөсүз аялдардай жан-жагына көз артуу, өңү түгүл, түшүнө да кирген эмес.

Апабыздын бүтүндөй саналуу өмүрү өзүнүн сүйгөн жарын күтүү, анын ар бир баскан изин, туулган күнүн ыйык тутуп, урунтуу, майнаптуу, өрнөктүү иштеринен бизге айтып, атабызга болгон сүйүүбүзду өксүтпөй өттү. Ушунусуна да апам каниет кылаар эле.

Уйгу-туйгу санаада келатып НКВДга келип жеттик. Улагада автомат асынган жоокер турган экен. Апам ага чакыруу кагазын көрсөттү.

— Сиз кириңиз, — деп апамды ичкери киргизди да, мени тосуп калды. Бир аздан соң апам кадамын араң шилтеген тейде, босогодон шалдая аттады. Жүрөгүмө бирөө капыстан ийне сайып алгандай тыз эте түштү. Дароо апамды колтугунан жөлөй калдым.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>