Жылкы жаныбардын турмушун, ички психологиялык абалын “Гүлсарат” повестин жазганда таамай көрсөтпөдүбү? Чындап айтканда Чыкем адабиятка баш оту менен кирбегенде, мал чарбачылык тармагындагы көрүнүктүү академик окумуштуу болору айдан ачык эле”.
Айтматов. Эзелтен тилектеш, ары жакын адамың болгон соң, жакшы ниетин айта берет да. Ким билет? Тагдыр деген кызык…
Эми кеп тизгинин өзүңө буралык.
Драматург Калтай Мухамеджанов үчөөбүз Ташкентке бара жатып, сенин туулган жериң Оң түштүк Казаксан областына ат тизгинин буруп өтпөдүкпү? Тогуз жолдун тоомундагы мусулман өлкөсүнүн экинчи Мекеси аталган Туркистан топурагында жаткан Кожа Ахмет Яссави бабабыздын күмбөзүнө барып таазим эттик. Жол бою бизди Серик Сейтжанов, Алимжан Куртаев жана Кубаныч Айтаханов деген инилериң тосуп алып, Отырардын эрдиктери тууралуу уламадан уланып келаткан не бир санжыра аңыз кептерден башташты. Мен мурда да өз оозундан Отырар, Арыстанбаб, Туркистан туурасында далай айткандырыңды эшиткем.
Эки сөзүңдүн бири Отырарга арналып, анын эр жүрөк баатырларын даңазалап, кара сөз менен ырдап олтурганыңа суктана карап, тууган жерин тирек кылган эл уулунун бирисиң го деп ойлоор элем.
Кезегинде Отырар тууралуу дастаның мага айрыкча таасир калтырды эле.
Шаханов. Чыке, менин тууган жерим менен байланышымда бир трагедия бар. Атам жарыктык кадимкидей кат тааныган, арабча жазылган кысса, дастандарды көп окуган, санжыра уламаларга куйма кулак жан эле. Анча-мынча молдолугу да болгон. Учурунда:
“…Уюмдаш жалчы менен,
Молдону, байларды
Койдой айда камчы менен”, —
деп акын ырдаган саясаттын кесиринен тууган жеринен сүрүлүп, Төлө бий районунун Кашка-Суу айылында турмуш курган Изет аттуу кызына баш калкалаган. Келгенде мен ымыркай экенмин.
Атам тогуз жашымда дүйнөдөн өттү. Ошол жашка жеткенимче тизесине олтургузуп алып, Отырарды жан кечтилик менен коргогондо набыт болгон эр жүрөк бабалары жөнүндө эчен курдай айткандары ташка тамга баскандай эсимде калыптыр. Балким, перзентинин көңүлүндөгү тууган жерге болгон бөксөлүктү ушу менен толуктайын дегени чыгар…
Кээде апамдын:
— Чалагайым жаш го. Түшүнө коёр бекен? — деп күмөндүү кабатырлануусуна:
— Жок, түшүнүүгө тийиш. Түшүнө албаса өзүнө кыйын. Тамырын терең жая албаган дарактын дайыма өмүрү келте, — дээр эле.
Жер майышкан кол менен ааламды каратып алууга жутунган Чыңгыз хандын аскери Орто Азиянын мунарасы көк тиреген не бир ажайып шаарларын баш аягы беш, он беш күндүн ичинде багындырып жатты. Каршы келгендин баарын ат туягы менен таптаган жоболоңдуу жортуулдун каарынан кээ бир шаардын амирлери жан соогалап дарбазаларын өз колдору менен ачып беришти. Ал эми Отырар алты ай бою жоого багынбай, баатырлык менен кайышып каршы турат…
Чыңгыз хан — “Отырарда эркек тана калбасын” — деген буйрук берет. Соолгус рухтуу Кайырхан менен өзүнүн тууган жерине тамыр жайып таканчыктай албаган, Отырардын дарбазасын Чыңгызхан аскерлерине ачып берген чыккынчы жигиттин трагедиясы мага түбөлүктүү тема болду. Атамдын ушул баянынан Отырар менин өмүрүмдөгү туу казыгыма айланды. Кээде көзүмдү жумсам болду, тогуз жашар мени алдына алып, Отырардын баатырлыгы тууралуу аңызды айтып олтурган атам көз алдыма элестейт. Сезим менен тарбиялоо — тарбия аттуунун улуусу.
Атамдын жашымдан сөөгүмө сиңирген таалими, ага деген өзүмдүн да айрыкча урматтоо сезимим мени мүлдө башка багытка алып чыкты. Анын өмүрүндөгү тутунган ыйык адаттары да менин да карманган ыйык адаттарыма айланды. Бир аз мисал келтирейин.