Бир күнү таң атпай ойгонуп кетсем, ыйлап олтурушкан Карагыз апам менен өз апамды көрдүм. Көздөрү көнөктөй болуп шишиген. НКВД (Ички иштер эл комиссариаты) кызматкерлери түн жамынып Рыскулбекти да кармап кетишиптир. Демек ошол коогалаңда биздин бир атадан тараган төрт сомодой эр бүлөсүнөн айрылып кала берди…
Шаханов. Ал кездеги окуяларды угуп олтуруп деги “эл душманы” чыкпаган айыл жок экен го деп таң каласың. Арийне, кээ бирөөлөрдү адамдын күлкүсү келген жалаа менен камакка алып же атып, же болбосо баланча жылды мойнуна тагып, түрмөгө камай беришиптир.
Сиздин чыгармаларыңызды көп жылдар бою изилдеп жүргөн белгилүү окумуштуу, академик Рустан Рахманалиевдин атасынын кандайча кармалганын уккан белеңиз?
Айтматов. Жок.
Шаханов. Рустандын атасына бирөө тамеки сунат. Артынан тамекини ороп тартууга газеттин айрындысын берет. Ал оюнда эч нерсе жок, тамекини кумарлана соро баштаганда, бир адам бутунун астынан шарт этип чыга калат. Дароо тамеки оролгон кагаздын бүктөмүн жаздыртканда, жарымынан күйгөн “улуу көсөм” Сталиндин сүрөту көрүнөт. Көрдүңүзбү кандай ойлонуштурулган?
Сөзүңүздү ары уланта бериңиз.
Айтматов. Ошону менен Алымкул түрмөдө каза тапты. Өзүбектен алгачкы кезде “Ак туз” деген коргошун кенинде иштеп жатам деген кабар келген. Согуш жылдары ыңжыңсыз андан да кат үзүлдү. Түрмөнүн адам чыдагыз азаптуу жумушунда жүрүп, же болбосо майдан талаасында көз жумган чыгаар.
Айылдын башынан почточу кылаң этип көрүнсө бүттү, атамдан, же ага-инилеринен кат-кабар келер деп элендейбиз. Көзүбүздү жалдыратып телмирип турганыбызды көрүп, кат ташуучунун да айласы куруйт. Маңдайыбызга келгенде тез эле өтүп кетүүгө ашыгат. Анын үстүнө ал учур согуш маалы эле да. Эшик алдына чыгып, эрбейип аталарынан, жакын туугандырынан бир кабар күткөн наристелердин жалооруган көздөрү бечаранын жүрөгүн абдан жаралап жибергени сезилээр эле.
Бир күнү Рыскулбектен кат келди. Апам үнүн чыгарып окуду. Ал катында ар бирибизге жеке-жеке токтолуп, ден соолугубузду сураптыр. Асыресе агасы Төрөкулдун тагдырына көбүрөөк кабатырлангандыгын билдирет да өз жагдайын баяндайт. “Бизди Манчжурия чек арасына жакын жердеги жол курулушуна алып келип салды, — деп жазыптыр ал — күн суук, кийим жука. Эки бөйрөгүмө тең суук тийгизип алдым. Жумуш тартиби өтө катаал. Ар адамга норма белгилейт. Нормасын аткара албагандарга тамак жок. Оор жүк көтөрө баштасам болду эки бөйрөгүм какшай баштайт. Ушундайымдан тамактан куру калып, өлүү эмес же тирүү эмес абалда жүрөм. Силердин жагдайыңар да белгилүү го. Чиедей бала-чака. Эгер шартыңар болсо, бир пуд, же болбосо жарты пуд талкан салып жиберсеңер өмүрүмдү дагы 5-6 айга узартар элем”.
Муну уккан соң, Карагыз апам баштап, баарыбыз кошулуп ыйладык. Рыскулбектин башына түшкөн мүшкүлү жаныбызды аяздай каарыды. Муну угар замат апам менен Карагыз апам карап турушпай, ары-бери буудай куурушуп, аны түнү бою жаргылчакка тартып, талкан камдашты. Таң кылая бергенде апам баштыкка салынган талканды райондун борборундагы почтага жөө жалаңдап көтөрүп кетти…
Агайын-туугандарынын бул аманатын Рыскулбектин алган албаганы белгисиз. Кайра кат келбеди. Балким талкан жетпеген чыгаар. Ошентип ага да топурак чоочун жерден буйруду.
Ал эми биз болсо баягы Шекерде атамдын карындашы Карагыз апам менен Досалы жездемдин үйүндө баш калкалап турдук. Чоң арык жээгинде эки бөлмөлүү үйү бар эле. Бир бөлмөсүндө өздөрү, экинчисинде биз. Жездебиз Досалы кең пейилдүү, март, ары тубаса аңчы киши эле. Атын минип, мылтыгын асынып, артынан эки-үч тайганын ээрчитип, тоо-ташты аралап кете турган. Аң уулоодон олжолуу келе жатса көңүлдөнүп, алды менен Карагыз апамдын, андан соң бир бирден баарыбыздын атыбызды атап чакырар эле.