Шаханов. Турмуштун албан соккусун, кыйын кезеңин бир теринин ичинде бирде толуп, бирде соолуп баштан кечирген пенде чиркин, тууган жер деп аталган кудуретке көңүл кушун учуруп болсо да утур-утур кайрылат.
Жалпы журтка таанымал атуул болсоң да, киндик каның тамган топурактын касиети өзгөчө. Ошол касиетти жан дилиң менен сүйүү аркылуу жалпыга кучагыңды ачасың. Ал эми Совет доору болсо биздин урпакты каалашынча:
“Мой адрес не дом и не улица,
Мой адрес — Советский Союз”. —
деген ырдын шаңында тарбиялаган. Өзүндөгү тууган жерге болгон махабатыңды алды менен куттуу коломтоңо, айылдаштарыңа арнабай туруп, эл үчүн дегениң болбогон кеп эмеспи?
Тууган жериңдин күч кубатын көөдөнгө уялаткан азоо ак жал өзөнүн, мээримдүү шооласы сылаган көк майсаң кыр жазыгың, кулак бетиңди чымчып ойногон чыртылдаган аязын санаасында эңсебеген ким бар? Арийне алыстап кетсең, кур бакалардын тынымсыз чардаганына, иттин абалап үргөнүнө дейре сагындырып эске түшкөнү ушундан чыгар…
Чыке, сиз мени туулуп өскөн айылыңыз — Шекерге ала бардыңыз. Манас-Ата конушу кең Талас аймагынын четиндеги Шекер айылы табияты келишкен кыргыздын бир ажайып кооз жеринде экен.
Айылыңызга улам жакындаган сайын жүзүңүздөн толкунданганыңыз байкалып келе жатты. Машинанын арткы орундугунда экөөбүз жанаша отурабыз. Бала күндөгү баёо кез учурлар; боз бала доорундагы максатка умтулган ала көөдөн кездер, ак жол тилеп алгачкы турмуш сапарына аттандырган кайталангыс күндөр эстен кеткис болуп жадыңызга сакталып, жан дүйнөңузгө бүлүк салса, бирде магдыратып келе жатканын баамдадым. Ар бир сай, адыр, белестер “мени унуттуңбу?” дегендей көйкөлүп чыгып, кол булгалап калып жатты…
Сизди көбүнчө жазуучу катары телчиктирген тууган жердин керемет табийгаты менен меймандос ырыс-кешиктүү айылдаштарыңыздын сан түркүн тагдырлары чыгаар… Сиз аларды тереңинен ылгап көрүп, изилдеп, арийне кээ бирөөсүн жек көрүү аркылуу зор сүрөткерлик бийликке канат күүлөдүңүз. Эгер бир күч санааңыздан Шекер айылын алып койсо, мазмуну, руханий жагынан өксүгөн калемгерлердин биринен болоруңуз айтпаса да белгилүү эле.
Айылдаштарыңыз алдыңыздан түп көтөрүлө дүрбөп чыгып, бири колуңузду кысып, дагы бири алдыдагы ак тилегин айтууга ашыгышат.
Биздин бир атактуу агабыз өзүнүн туулган жеринен депутаттыкка көрсөтүлүп, “шайлай көргүлө,” — деп айылдаштарына ооз толтурган куру убадаларды бергендиктен акырында киши күлөрлүктөй добуш алып, “Эл караган бетимди жер караттыңар,” — деп күйбөгөн жери күл болду эле.
Шекерге барганда эң алды менен көзгө көрүнгөнү — башка айылдарга караганда калаа сыяктуу көрктүү келбети. Шаңкайган аппак үйлөр менен келишимдүү имараттар, заңгыраган маданий жайлар алда кайдан жаркырап көз жоосун алат. Шекердин өзгө айылдардан мындай ат чабым алдыда тургандыгын жердештериңиздин кимиси болсо жакшынын шарапаты да дешип. Сиздин кадырыңызга багышташат.
Алдыбызга кең жайылган дасторкондо олтуруп бир айылдашыңыз республиканын Жогорку Кеңешине депутаттыка талапкер болуп көрсөтүлгөн кезиңизде эки адам Сизге каршы добуш бергенин айтып калды. Муну эшитктен жаныңыздагы айылдаштарыңыз Сиздин алдыңызда айыптуудай кысылып:
— Жүз жерден демократия десек да, биздин айылда Айтматовго каршы добуш бере турган маңкурт адамдын болушу мүмкүн эмес го… Балким дагы бирөөлөр мас абалында бюллетенди байкабастан чийип алгандыр дешип жоруп коюшту.
“Эмнени эксең — ошону оросуң,” — дейт эмеспи?
Туулган жерине таянычы жок адамдар — аягы сай таппаган камгак сыяктуу туруксуз, ары жетесиз пенделер.