кирип келиптир. Бирин-бири жазбай таанышат. Эт желип болгон соң, карыя мейманына карап:
– Өзүң күлүп, табалап, кыр ашып кеткен соң, дарыя бойлоп жүрүп олтуруп, ирегеси бузулбай отурган ушу элге кезиктим. Кайгы-муңума муңдаш болгон соң, боорлоруна тартып, колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Мында жүргөн жеңең жесир олтурган экен. Бара бара эки жакыр бир тукур болуп, баш коштук. Бар быдырым мобул эки-үч тентек. Жан сактап олтурган он чакты майда жандыгыбыз бар. Баягыда кудайдан акыркы шыбагамды берегөр, – деп жалынганым ушул эле. Тилегимди берди, Аллага миң мертебе ыраазымын. Байлык деген колдун кири эмеспи? Чырагым, ошондо сен абдан текеберчилик кылдың. Бак-дөөлөт көзүңдү тунартып турган экен. Адамдын ар бир саам кыймыл-аракетинин акыбети боло турганына көзүң жеткен чыгаар, – дептир карыя.
Мындай узак кепти козгогон себебим, Чыке, ошол даанышман карыя сыяктуу тууган жерге таканчыктап туруп, «Ээ, кудай, акыркы шыбагамды берегөр» дей турган кезек бизге да келди.
Айтматов. Бул айтканыңдын жөнү бар. Кайран өмүрдүн көбү өтүп, азы калды.
Пенде бүткөнүңдүн баарына: «Э жараткан, бала-чакамдын алдында алагөр!» дей турган учур келээр. Ушуга ар ким турмуштун дайрасынын эчендеген тоскоолдорунан муюбай өтүп, терс кыялдарынын уятын бетине чиркөө кылбай жетсе болгону.
Шаханов. «Ыңаа» этип дүйнөгө келген ар бир наристенин айлана-чөйрөсүн таанып, эл катарына кошулуп, эр жеткенине чейин таалим-тарбиячысы да, боорукери да, ары кыраакы сынчысы да ушу уюткулуу туугандар арасы.
Кызыл-Кумда жантак деген өсүмдүк бар (бул тууралуу мен атайы ыр да жазгам). Кара карганын мээсин кайнаткан аптапта жапжашыл болуп, тамырын кырк кулач тереңдикке батырган абалында чөл бетинде соолубай шаңкайып тура берет. Эшилме кум, леп эте калган желге ыңгайлашып, камгак байкуш бирде тигинде, бирде мында ызгыган бойдон аягы сай таппай кетет. Мына жетесиздик деген кандай. Ал эми тамырын жер алдындагы сууга дейре житирген жантак бир ордунан былк этпейт.
Айтматов. Адамдар да ошол сыяктуу. Кудайым болочок урпакка жантактын терең тамырлуу тагдырын жылоолосун да, тизгинин жел башкарган тексиз камгактын аягы сай таппаган тирилигинен сактасын деп тилейли. Камгактай зайпаналар коом үчүн кандай учурда да кооптуу.
Мындай бир аңыз бар. Капилеттен жоо колуна туткундалып, кулдукка сатылган боконосу ката элек жаш бала жылдар өтө киндик каны тамган топурагын, алпештеп өстүргөн ата-энесин унута баштайт. Жат өлкөгө боор тартып, жакшылык-жамандыкты баштан кечирип, акыл-эси менен кайрат-күчүнүн аркасында акыры бөтөн журттун бийлөөчүсү болот. Жылдар жылжып өтүп, зоболосу көтөрүлгөн чагында, ат арытып алыстан кербенчилер тууган жеринин бир түп шыбагын жеткиришет. Шыбактын буруксуган жыпар жыты бийлөөчүнүн бүлбүлдөп алыста калган тууган жер төшүндөгү кызгалдак терип өскөн кайгы-капасыз балалык бейкапар күндөрүн эсине түшүрөт. Көзүнөн жашы мөлтүлдөп, санаасында сары оору болуп жаткан сагыныч сезими бурк этип ойгонуп тынчтык бербейт. Эми анын жолун тосуу мүмкүн эмес эле. Эчендердин көзүн күйгүзгөн так менен таажыны тарс эткизип жерге уруп, бакка, байлыкка да карап койбой, тулпарын токунуп алып, тууган жерине сызган экен дешет.
Тууган жерди сүйүү дегенибиз – өмүр бою өз жеринде байланып калуу дегендик эмес. Чуулганы көп ааламга назар салбай, суум алдымда, очогум коломтомдо деп жамбаштап жатып алсак, бул архаизмдин көрүнүшү. Арийне, буулган дайра сыяктуу өз башыбыз менен өзүбүз көгөндөлүп, дүйнөлүк өсүп-өнүгүү, илимий-техникалык прогресстен кур жалак калаар элек.
Маселен, сенин Отырарың менен өзүмдүн Шекеримдин эчендеген жеткинчектери дүйнөнүн төрт бурчун чабыттап кетти. Айрымдары билим алып, орун-очок алып, тандаган кесиптерин өркүндөтүүнүн үстүндө. «Атың барда эл тааны желип жүрүп» деп ата-бабаларыбыз айткандай карылуу, кайраттуу кезде эсти жыйып, көз ачып, көкүрөк керип, дүйнөнүн чар тарабын чалганга не жетсин!