1944-жыл бекен, кеңсеге келсем, Чыңгыз жалгыз олтурган экен. Мени көрүп кубанып кетти.
— Сейталы, райондун борбору Кировкага барып, заёмдун акчасын өткөрүш керек болуп жатат. Алыс жер, ары акча менен жүрүү кооптуу. Экөөбүз барып ушу ишти аткарып келсек кантет. Өгүз араба даяр турат, — дей салганы.
Мектептин иши кычап жатса да, досумдун көңүлүн кыйбай аргасыз макул болдум. Таң эртеңден издеп чыккан мекемебизди түшкө жуук сурай-сурай таап, өгүздөрүбүздү сугарып, үйдөн ала чыккан жүгөрү наныбызды жеп олтурганыбызда, орто бойлуу кең далылуу, кара мурутчан жигит жаныбызга келип:
— Эй балдар, эмне иштер менен жүрөсүңөр? — деп кайрылып калды.
Келген жөнүбүздү айттык.
— Кимдин баласысың, карагым? — деп, алиги адам Чыңгызга кайрылды.
— Төрөкул Айтматовдун — дегенде эле кимди да болсо муңкантат экен, кара муруттуу алиги жигит:
— Алда айланайын-ай, тулпардан калган туяк экенсиң го, — деп көзүнө жаш алып, Чыңгызды бооруна кысып, бетинен өптү.
— Кожомкул деген агаң боломун. Райондук сактык кассасынын башчысымын. Адамгерчилик кылып, бутумдан туруп кетишиме жөлөп таяган Төрөкул ага эле. Мага кылган жакшылыгын бу жалганда актай албасмын…
Өзү сактык кассасынын бир бөлмөсүндө турат экен. Арабанын үстүндө соксоюп олтурган экөөбүздү дароо үйүнө киргизип, төрүнө олтургузду. Болгон тамак-ашын алдыбызга койду. Заёмдун акчасын санап алып, колубузга чыптасын карматты. Эртеси айылга аттандырып жатып:
— Үстүңө кийим алып кий, азырынча колумда болгону ушу, айланайын, — деп бир таңгак акчаны Чыңгыздын чөнтөгүнө салды. Ошол жылы күзгө жуук Чыңгыз экөөбүз Жамбыл шаарына жол тарттык. Жаныбыздагы Кожомкул ага берген акча көздү кызартып чыдатаар эмес. “Ат чабар” деген базарды түп көтөрө кыдырып жүрүп, эки гимнастерка шым, жылдызы жаркыраган баш кийим, кайыш кур сатып алдык. Эл көзүнөн далда жерге чыга салып, кийимдерибизди алмаштырып, экөөбүз тең кызыл аскер болуп чыга келдик.”
Сиздин жаш кезиңизге таандык дагы бир кепти эстедим. Айыл чарба институтунда Сизден эки курс төмөн окуган Муса Касымов дегенге ойдо жок жерден таанышып калдым. Өзү өтө сөзмөр адам экен. Сиздин Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунун фермасында башкы зоотехник болуп жүргөнүңүздөн кеп салып берген эле.
Айтматов. Ооба, 1956-жылы тогуздун айында* (октябрь) Горький атындагы институттун адабий курсуна кетээримде, кызматтагы ордумду ошол Мусага өткөргөм…
Шаханов. Бир жакшысы. Мусакең Сиздин жумушуңуздагы столуңуздун тартмасынан орус тилинде жазылган эки илимий эмгегиңизди таап алыптыр. Бири машинкага басылган, экинчиси кол жазма түрүндөгү бул илимий макалаңыз “Достаточно ли трехкратного доения?”, “Кукуруза в рационе животных” деп аталат экен.
Сокулдаган жигит кезиңизде жазган ушу эки табылганы Мусакең кырк жылдан ашуун убакыттан бери өзүнүн куттуу үйүнүн эң ыйык табериги катарында бапестеп, сактап жүрүптүр. Чыкемдин дагы бир керегине балким жарар, болбоду дегенде көңүл коюп карап чыгаар” деп жыкында көчүрмөсүн мага баалуу табылга катары тартуулады.
Муса аганын Сиз тууралуу айткан эскерүүсү мындай:
“Чыкем, фермага зоотехник болуп келээри менен зор өзгөрүүлөрдү жасады. Мурда жетекчилердин оюна келбеген баалуу сунуштарды өндүрүшкө киргизип, тикелей ага өзү жетекчилик кылып жүрө турган. Элүүнчү жылдардын орто ченинде кыргыз жергесинде асыл тукум уйлар жокко эсе эле. Тез арада Ленинград областынан асыл тукум букалар алып келинди. Натыйжада малдын асылдуулугу жакшырып, сүтүнүн майлуулугу артты. Чыкем жылкыны асылдандырууга да көп күч жумшады. Айрыкча күлүк атка мингенде көңүлү көтөрүлүп, жагалдана бастыра турган.
