классиктердин катарына кошула турган. Бул өтө кундуу сыйлык, буга чейин адабият жаатында мүлдө Орто Азия менен Казакстанда бир гана жалгыз Мухтар Ауэзов алган.
Чыңгыз сыйлык алган күнү Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн кадыр-баркы мурда болуп көрбөгөндөй көккө көтөрүлдү. Республикалык газеталар Чыңгызга бирден, экиден бүтүндөй беттерин арнап жатышты. Туш-туштан куттуктоо телеграммалар үстөкө-босток жаап кетти. Мурда биздин бар-жогубуз менен иштери жок ар кандай деңгээлдеги партиянын, өкмөттүн жетекчилери телефондон же атайы келишип куттукташышты. Көчөлөрдө, дүкөндөрдө, ар кайсы коомдук жайларда журттун бири-бирине кабарлашып, кеп кылгандары бир гана Чыңгыз. Так ошол кезде, какаганга муштагандай болуп, апам ооруканага жатып калган.
Апама барганга мөмө-чөмө алайын деп шаардын базарын көздөй тыз койдум. Колуна кармаган чоң түйүнчөгү бар, элүүлөр чамасындагы алыбеттүү кыяк мурутчан киши жанындагы жигитке: “Мына, кыргыз эли да өзүнүн улуу перзенти бар экенин Чыңгыз аркылуу дагы бир ырастады” — деди. Көөдөнүмдү чектен ашкан сыймык сезими тиреп, көзүмө жаш тегеренди. Кечээ гана кези келгенге түрткүнчүк болгон “эл душманынын” балдары эмес белек? Оо, кудай, биздин да багыбыз ачыла турган күн болот экен ээ!
Атабыздын Чыңгыз, Илгиз менен түшкөн сүрөтү дайыма апамдын кол сумкасында жүрө турган. Эми ошол сүрөттү ооруканада жаздыгынын маңдайына коюп алыптыр.
Москвадан келе жаткан Чыңгызды тосуп алууга өкмөт жетекчилери, агайын-туугандары, жоро-жолдоштору кетишти. Аларга жолдошум Эсенбекти кошуп, өзүм апамдын жанында калдым. Чыңгыз үйүнө кайрылбай түз эле ооруканадагы апабызга келди. Апам ордунан аярлап туруп (буту күпчөктөй шишип кеткен) Чыңгыздын моюнунан кучактаган бойдон көпкө өксүп ыйлады, бирок бул жаш — тоо бетиндеги жар ташты араң жарып чыккан булак көзүндөй кубанычтын жашы эле. Чейрек кылымдан ашуун азаптуу күндөрү менен уйкусуз түндөрүнүн акыбети кайткандай көөдөнүн кере дем алды. Ошентип апам Чыңгыздын адабияттагы опол тоодой бийикке көтөрүлгөнүн да Төрөкул рухунун туу чокусу, жеңиши катары баалады.»
Айтматов. Ооба, апабыз ал күнгө айрыкча маани берген эле…
Шаханов. Толкунданып кеттиңиз го деймин. Болуптур. Сөз тизгинин башка нукка буралык.
Шекер айылына барган сапарыбызда жаныңызга Оморбай Наарбеков, Дөөлөтбек Шадыбеков сыяктуу инилериңизди дагы өзүңүз менен бирге окуган эки адамды алып, Россия телевидениесинин Кыргыз Республикасындагы кабарчысы Владимир Федоровго интерьвью бермекке Күркүрөөнүн жээгине жетип, ат тизгинин бура тартканыңыз эсиңизде чыгаар. Тоодон кулап бууракандап агып жаткан өзөн, көк шиберге бөлөнгөн абасы шыпаа жер экен. Табиятка сонуркап турганыбызда, Сиз менин жаныма келип:
— Тээтиги Манас чокусуна бир чөкүм булуттун келе калганын көрдүңбү? Эми карап тур, он, он беш мүнөттүн ичинде айлана уйгу-туйгу болот, -дедиңиз.
Алгачкысында Чыкең жөн эле тамашалап жаткан чыгаар, бир чөкүм булут андай оргу-баргы мүнөзүн көрсөтпөс, азыр эле жел кубалап кетпейби деп койдум ичимден.
Сүт бышым убакыттын ичинде жел уруп, жамгыр төгүп өттү. Капыстан чак-челекейибиз чыкты.
Өз тууган жериңиздин табиятын беш колдой биле турганыңызды айгинеледиңиз.
Чыке, Сиздин казак жеринде өткөн студенттик күндөрүңүздөн бир кызыктуу аңгеменин айтылганы эске түшүп турат.
Бишкекте өткөн (1995-жыл) үч боордош республикалардын Премьер Министрлеринин (Акежан Кажыгелдин — Казакстан, Абдыкашым Муталов — Өзбекстан, Апас Жумагулов — Кыргызстан) жолушуулары аякталган кез. Өкмөт жетекчилери жана ар тармактын адистери — энергетика, газ өндүрүшү, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча биргелешип кызматташуу келишимине кол коюшту. Жыйын соңунда меймандарды Казакстан элчилигине чайга чакырдым. Үчөө тең ыраазычылык менен кабыл алышты. Элчилик үйүнө келатып, түз эле машинадан сизге телефон чалып: