Бетин жаш жууп калган экен. Эриндери дир-дир этет, үн-сөзсүз калыбында колундагы бир жалбырак кагазды мага суна берди. Анда орусча мындай деп жазылыптыр:
Справка
Дело по обвинению Айтматова Турекула, до ареста — 1 декабря 1937 г. — слушатель Института Красной Профессуры, пересмотрено Военной коллегией Верховного суда СССР 15 июня 1957 года.
Приговор Военной коллегии от 5 ноября 1938 года в отношении Айтматова Т. по вновь открывшимся обстоятельствам отменен и дело прекращено за отсутствием состава преступления.
Айтматов Т. реабилитирован посмертно.
Помощник Председателя Военной
Коллегии Верховного Суда СССР,
полковник юстиции М.Русаков.
Каргыш тийгир ушул каралуу кагаз жыйырма бир жыл бою эки көзүбүздү төрт кылып саргарып күткөн бардык үмүтүбүздү чорт үздү. Апам экөөбүз тең дүргүй түшкөн балыктай болуп, өзөгүбүздү өрттөгөн күйүтүбүздөн көчөдө теңселип илкий басып келаттык.
Дүйнөнүн кызыгы кетип, жашоого болгон үмүтүбүз бир заматта өчө калгандай. Апамды карасам көздөрү чүңүрөйүп, өңү кубара, эки ийини шалдая түшүптүр. Ой, кудай-ай, аны жыйырма бир жыл бою кош колтугунан жөлөп, эчендеген кыйындыкка майыштырбаган “Төрөкул бугун болбосо эртең келип калаар» деген үзүлбөгөн үмүт эле го!” Байкуш апам эмнени гана көрбөдү, башынан кандай азапты кечирбеди?!
Көчөнү жаңыртып зар какшап ыйлагым келди. Канча жылдар бою биздин үй-бүлөнү алдап жүрүп, аягында көрсөткөн зордук-зомбулугун каргап-шилеп наалат айткым келди. Бирок, жанымда башына түшкөн оор кайгыдан эсин жыя албай, мөгдөп келаткан апам байкушту өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайын деген ойдо өзүмдү өзүм чыйралтып, ичимден сызып тим болдум.
Үйгө жакындаганда бири-бирибизге өбөктөп көз жашыбызды тыя албай кыйлага турдук.
— Эми кызым, болоор иш болду, — деди апам эсин жыйып кайратына келгендей, — атасынын каза болгонун Чыңгызга угузбай коё туралы. Антпесе өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, сыркоосунан жөнүгө албай калаар…
Чыңгыз оорусунан жакшы болгондо апам бизге:
— Карагыз апаңарды чакыргыла, — деп буйрук берди.
Көп кечикпей көтөрүнчүктөрүн көтөрүнчүктөрүн көтөрүнүп, айылдын тамак-ашын артынган Карагыз апам да келди.
Апабыз ал кишиге агасынын бул дүйнөдө эмес экенин акырындап угузганда, бечаранын жүрөгү токтоп кала жаздады. Жыйырма бир был бою өзөгүн өрттөй чарпыган сагынычы менен кайгысы эркине койбой, бүткүл үйдү башына көтөрө, ар кимибизди өз өзүнчө бооруна басып, ботодой боздоду. Чиркин, бир тууган деген бири-бирине ушундай күйсөчү.
Артынан баарыбыз, жамы Айтматтын кыз-кыркын, бала-бакырасы, Шекерге барып, зор адилетсиздиктин жазыксыз курмандыгы болушкан төрт эсилдин — Төрөкул менен Алымкулдун, Өзүбек менен Рыскулбектин арбактарына багыштап, айылдагы Керимбектин үйүнө чоң аш бердик.
Антсе да апабыз атабызды өлүмгө кыя албады. Ачык айтпаса да өмүрүнүн акырына чейин көңүлүнүн терең түпкүрүндө — “Балким тирүү чыгар” — деген бир жылт эткен үмүт жанып тура берди. Балким ага мындай бир жагдай да себеп болгон чыгаар. Согуш жылдары Кавказдан Шекерге жер которуп келгендердин ичинде Айвазиди деген төлгөчү грек аялы бар экен. Кофеге карап төлгө ачат, айтканы айткандай анык чыгат деп журт мактаган соң, бир күнү ага апам да барды.
— Күйөөң түрмөдө, төрт балаң бар экен. Өзүң катуу кыйналып-кысталып жүргөн экенсиң. Бул жерди дагы он жыл конуш кыласыңар. Улуу балаң окуусун бүтүргөн соң, шаарга көчүрүп алып кетет. Ошол уулуңдун атагы бүт дүйнөгө жүзүнө чарк айланат, — деп үндөбөй калат.
— Күйөөмчү? Тирүүбү, качан келет? — деп сураса алиги аял: — Күйөөң тээ алыста. Көп жылдан кийин жолугасың… — дептир.
Төлгөчү аял атабыздын бул дүйнөдө эмес экенин билсе да, апабыздын үмүтү үзүлүп, чөгүп калбасын деп аягандыр. Андан да “көп жылдан кийин жолугасың” — деп үмүттөндүргөнү, о дүйнөдө кездеше тургандыгын болжоп айтканы чыгаар”.