Бир күнү Алма-Атага барып келсем, муздаткычым жылан сыйпагандай аңырайып бош калыптыр. Казы менен каттама ныпым жылас. Эки үч курут гана жатат. Өзүм ичпесем да, конок келгенде кереги тиер деп арак менен коньякты үзчү эмесмин. Бош бөтөлкөлөр стол астында каршы-терши жайнап жатат. Кимдердин жойлогонун ичимен дароо эле сездим. Ушинткенимче болбой, телефон шыңгыр эте түштү. Алсам Давид Кугультиновдун тамашалаган үнү угулду:
— Биздин жойлогонубузду байкадыңбы? Сен жокто кезекчиден ачкычты алып, Расул экөөбүз бөлмөңө кирип чыкканбыз. Өзүң далай чакырсаң да айылыңа бара албай жүрбөдүк беле? Апаң берген даамдардан ооз тийдик. Эми айылыңа бизди барбады деп ким айта алат дегенде тең экөөбүз жарыша каткырдык.
Айыл меймандостугуна шайкеш эки калемдеш аганын тамашалашканы кандай ыгы менен келишип турат.
Апама байланыштуу дагы бир кызык окуя бар. Апам жарыктык, ай сайын алуучу пенсиясына үй жанындагы дүкөндөн түрлүү таттуларды, татту печеньелерди сатып алып, чөнтөгүнө салып жүрөр эле. Айылга чыкса болду, коңшулардын кичинекей балдары жан-жагынан саксакташып курчап кубанышып калышат. Ошондо апам баарына тегиз чөнтөгүндөгү таттууларын үлөштүрүп тарата баштайт. Ары өзүнүн мындай адатынан чоң ырахат алаар эле.
Бир ирет Гурьев (азыркы Атырау) областына барган сапарымда Равиль Шырдабаев деген жигит менен тааныштым. Тууган жерин тирек кылып, ар түрдүү аңыз уламыштарды, элибиздин тарыхын көңүлүңө кыттай куйган санжырачы экен. Экөөбүз кубана табышып, акырында дос болуп кеттик. XIX кылымдын добулбас акыны, ошол аймактын кулуну Махамбет Өтемис уулу тууралуу бир жан кайышаарлык окуяны ушул Равилдин оозунан эшитип кичине дастан жаздым.
Сапар мөөнөтү аяктаар кезде, Балыкчы району мени “Ардактуу балыкчы” деп мүчө кылып кабыл алышып, элдик салт боюнча ат ордуна салмагы 60-70 кило келген бекире балыкты тартуу кылышты. Жайык өзөнүндөгү аккула тукумундагы ири балыктын бир кызыгы жалпы салмагынын 25 пайызын кара уругу түзөт экен.
Аба бекетине айылдын ак жүрөк атуулдары кошо келишип узатышты.
Учакка отурганымда, партиянын Балыкчы райондук комитетинин биринчи катчысынын орун басары Еркинов:
— Түшөрүңүздө унутуп калып жүрбөңүз, — деп шыкала салынган жол сумканы жаныма койду.
— Бул эмне? — дедим таңыркап.
— Өткөндө өзүңүзгө тартуулаган бекиренин уругу.
Салмагы он беш, жыйырма килодой кара урук ал кезде кызылдай эле акча болчу.
Арадан он чакты күн өткөрүп, апам Чымкентке айылчылап кеткен. Көп өтпөй аялым муздаткычты караса, алиги кара урукту салган идиштин түбү такырайып калыптыр.
— Балким бирөөлөргө марттыгыңды көрсөтүп берген чыгарсың, — деп аялым мага күдүктөнө карады.
— Ой, айта көрбө, муздаткычыңа жарты кадам жакын жологон эмесмин, — деп актанып жатам. Үйдөгүлөрдүн баары аң-таң. Ара-чолодо жоголгон уруктун сыры ачылды.
Кечкисин жумуштан келе жатсам, үйдүн жанынан жолуккан коңшу орус кемпир:
— Мухтар, сага чоң ырахмат! Базарлыгыңа ыраазы болуп калдык. Абдан баалу даам го. Биздей карыпчылыкта жүргөндөргө аны сатып алууга чама кайда? Үнөмдөсөк жарты жылга беймарал жетет, — деп алкышын жаадырып жатат. Алгач түшүнбөй калып:
— Эмнени айтып жатасыз? — десем: — Өткөндө апаңыздан берип жиберген чоң табак урукту айтамын, — деди жылмайып.
Кантейин, бир жуманын ичинде бир нече кошунанын ырахматын эшитип жүрдүм.
Байкасак апабыз урукту кошуналардын көңүлүнө жаккандарына алдагандай чоң табак менен үлөштүрүп таратып чыгыптыр.
Кийин апам айылдан кайтканда “мындай болбой турганын” түшүндүрсөк:
— “Өлө жегенче бөлө же” — дейт. Ошончо көп дүйнөнү каякка батырмаксыңар? Бекерге бузулуп кетет го, — деп күлдү.
Тааныбаган адамына салам бербеген, канча убакыт коңшу турса да чакырбаса биринин үйүнө бири баш бакпаган калаада узак жылдар биз менен бирге турса да, апамдын нагыз айылдык психологиясы, айыл адамдарына таандык марттыгы, жайдары мүнөзү өзгөрүүсүз калды.