купайкемдин ички чөнтөгүндөгү Төрөкулдун аманатын өзөнгө ыргытып жиберипмин. Бул кылыгымды кудай да, атаңдын арбагы да кечирбесе керек. Так ошол күнү ат сарайдагы мингич көлүккө така кагып жатканда, алиги айбан ат арткы буту менен көөдөнүмө тээп жибергенде, дем ала албай эсимен таныпмын. Эки кабыргам сынып, өпкөмдүн бир жагы эзилип кеткен экен. Майып болдум да калдым. Ошондон баштап ар кайсы ооруканаларда айлап эмес, жылдап жатууга туура келди. Эми ошол оорудан көз жумганы турам.
Акыры элиме кайтууга уруксат берилди. (Хрущевго миң мертебе ырахмат). Дароо иштеген жеримден эсептешип аялымды ээрчите, сары-санаа кылып сагындырган Таласыма келип, агайын-туугандар менен көрүшүп черимди жаздым. Андан-мындан Төрөкулдун бала-чакасын сураштырсам, Фрунзеге көчүп кеткен дегенди эшиттим. Ушуну менен бул окуя көңүлүмдүн тереңинде сакталуу бойдон калды. Анын үстүнө кеселим утуру ашынып, дем алганым кыйындап, өзүмө өзүм ээ боло албай жүрдүм. Арадан бир нече жыл өтө чыкты.
Күндөрдүн бир күнүндө — жүрөгүмө от койгондой кубаныч болду. Баягы эле эски дартым козголуп ооруканада элем. Жанымда жаткан жигит калыңдыгы эки эли китептен эртели-кеч көзүн албайт. Бир күнү ал укол сайдырууга кеткенде, китепке үңүлсөм, Чыңгыз Айтматовдун “Саманчы жолу” атту жыйнагы экен. Окуй баштадым.
“Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбеймин. Мына ушул эмгегимди -Төрөкул Айтматов сага арнаймын.
Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагима Айтматова, сага арнаймын”
— деген саптары шурудай тизилип турат.
Чыңгыздын китеп бетиндеги атасын эске салган салабаттуу сүрөтүн көргөндө, Фрунзенин тор капастагы түрмөсүндө думуккан Төрөкулдун элеси, анын эң акыркы айткан керээзи, кош перзентинин аты жазылган кирдеген баштык, Сибирь токойлору улам-улам көз алдыма элестеп турду.
— Алда айланып кетейин, мыногу Төрөкулдун туягы экен го! — деп китепти боорума кысып ыйлап жибердим.
Эмнени жашырмак элем, өзүмдү ошол учурда ушунчалык жек көрүп кеттим. Кыйын кезеңде дем берип, зор ишеничин арткан адамдын акыреттик керээзин аткара албаганым жанымды аяздагы темирдей каарыды. Болгон иштин баарын Чыңгызга кат менен баяндап, баштыкты өзөңгө ыргытып жиберген акылсыздыгыма кечирим сурагым келди. Бир нече ирет ыкыластансам да, дарманым келбеди…
Жакында дарыгердин карындашыма жалгыздатып айтканын кулагым чалып калды: “Эми көп болсо бир айлык гана өмүрү калды” — деди. Ушуну эшиткен менде уйку жок. Оо дүйнөгө Төрөкулдун керээзин кандайча ала кетем?! Ал жактан жолуга калсак: “Теңирберди, адамгерчилигиң кана? Чамаң болуп турса да бир балама аманатымды берип, керээзимди айтпаганың кандай?” — десе эмне дейм. Ушуну ойлоп карындашыма талабымды айттым: “Бул дүйнөдөн ыраазы болуп кетсин десең, мени Төрөкулдун бир туягына жолуктур. Бутуна жыгылып, кечирим сурайын. Акыры зарлаганым кудайга жеткен экен, карагым, Төрөкулдун бардык балдарынын атынан өзүң кечир мени,” — деп жаш баладай кемшеңдеп ыйлады.
— Ага, жашыбаңызчы, сиздин эмне күнөөңүз бар? Буга жердигинен кудай уруп койгон ошол кездеги катаал мезгил күнөөлүү. — деп карыяны жубатымыш болдум. Бирок, өзүм да катуу толкунданганымдан атамдын өмүрүндөгү эң акыркы күндөрүнө, бизге айткан керээзине күбө болгон, эки ийинен дем алып, өмүр менен өлүмдүн босогосунда алдастап турган бечара карыяны кучактап өксүп алдым…”
Айтматов. Ооба, атабыздын ошол Теңирберген Алапбаев аркылуу 1938-жылы айттырган эң соңку керээзи бизге 1975-жылы гана келип жетти. Бул кезде апабыздын о дүйнөгө аттанганына төрт жыл болуп калды эле…
Шаханов. 1938-жылдын ызгаарлуу кеч күзүндө, азыркы Бишкек шаарынын тоолу бетиндеги Чоң-Ташта НКВДнын дем алуу үйүнүн ирегесиндеги эски кыш заводунун аңгегине, өтө эле көп