Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



Айтматов. Ооба, тууган жер, Ата Мекен ар адамдын тагдырын курайт. Тек андан бардык алганыңды көңүлдүн элегинен өткөзүп, бал жыйнаган аарылардай жүрөгүңө туя билүү парз.

Карыялардын башы кошулган жерде балдардын тилин кызык көрүп: “Кана, жети атасын ким жаңылбай санап берет?” — дешсе, ойноок балдар дароо салабаттуу боло калышып, биринен сала бири аталарынын ысымын шыдырата башташат. Байкабастан бир атаңдан жаңылып кетсең кудай сактасын… Кийин ойлосом, карыялардын ушинтип сурагандарында терең маани бар экен. Ата-тегиңди унутпай, жети атаңды биле жүрүү, жакын менен жатты айрып таануунун өзүндө өзгөчө маани бар экенин кийин гана баамдадым. Ырас, жети атасын билбеген жетесиздик. Муну билбесе алыс менен жакынды айрый албайт…

Ушундай карапайым да, катаал да элдик философияны улуулардын оозунан көп эшитип өстүм. Мисалы, мен шекерликмин. Менин атам — Төрөкул, Төрөкулдун атасы — Айтмат. Айтматтын атасы — Кимбилди, Кимбилдинин атасы — Кончужок. Чоң атам Айтмат колунан көөрү төгүлгөн уста, комузчулугу менен ырчылыгы Талас өрөөнүндө белгилүү даанышман адам болгон. Андан үч кыз, эки эркек — баары болуп, беш бала калат: Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гулайым, Рыскулбек.

Айыл деген бөлүнүп жарылбаган өзгөчө бүткөн түгөнгүс бир кенч го. Ал өзүнүн бары жокко дайын, бирок жазылбаган мыйзамдары менен өмүр сүрүп келет. Улууну урматтоодон башталган бул мыйзамдын бир тармагы жооптуулугу — ушу жети атаңды билүү. Жети атадан таралган жек-жаат, агайын-туугандын каны бир экендигин медицина илими тастыктап турат. Тегиңди билбей, жакыныңа үйлөнсөң укум-тукумуңа доо кетет. Мал багып жүрүп, макал чыгара билген даанышман карыяларыбыз жашоонун маани-маңызына терең үңүлө караганы го…

Адамдар ортосундагы катнаш, сөөк жаңыртуу мындай турсун, тукуму жакшырат деп, короого кочкорду, үйүргө айгырды башка айылдан алып келип салышчу эмес беле. Мисалы Америкада эмне себептен кайрат-күчү ашып-ташыган адамдар пайда болду? Анткени, Америка ачылган соң туш-туштан жүздөгөн улуттун өкүлдөрү көчүп келишти. Жергиликтүү калк менен өз ара кыз алышып, сөөк жаңыртып, кан алмашуу жаңыланып, ары генетикалык жактан тазарган. Алар мурдагы ата журтун “Эски конуш” деп атап алышкан.

Шаханов. Мындан сегиз-тогуз жыл мурда Жамбыл областынан бир жигит мени атайы издеп келип, ыймандай сырын жашырбай ортого салды. Аталаш иниси Алма-Атадагы чоң институттун биринчи курсунун стунденти экен. Жакын тууган карындашыбыз бар эле, экөө бири-бирин сүйүп калыптыр. “Ушу кызды аламын, эгер үйлөндүрбөсөңөр жөн эле асынып өлөмүн!” — деп көгөрүп, болбой жатат. Жабыла акыл айттык кулагына кирер эмес, жекирип, урушуп көрдүк. Көгөрүп болор эмес. Акыры туугандар акылдашып, Сизге токтолдук. Бир укса, Сизди гана угат. Анткени ыр дастандарыңызды бир нече саат бою жатка айта алат, ары Сизди идеал тутат. Же чакырып алып, агалык кеңешиңизди айтыңыз. Болбосо бир ооз кат жазып бериңиз. Таза аргабыз түгөндү, — деди алиги жигит айласы кетип.

Ары тартсаң араба сынган, бери тартсаң өгүз өлгөн — өтө ыңгайсыз абалда калдым. Эки жаштын ортосунда бирин-бири кыялбаган, сезимдин болушу мүмкүн. Буларды аяйын десең жети атага чейин кыз алдырбаган ата салтын кантип тебелеп тепсейбиз. Ажыраштырып жиберейин десең улуу махамат сезиминен айрылышып, өмүр бою бири-бирин издеп, күкүк менен зейнеп болушу ыктымал. Анткени чыныгы сүйүүгө кээде адам өмүрүндө бир ирет кезигиши ыктымал. Сансыз суроого жооп таба албай дал болдум. Акыры: — Азырынча биринчи курста экен. Институтту бүтүргөнчө коё турушсун. Ушул аралыкта бири-бирине болгон мамилелери салкын тартып калышы деле ажеп эмес. Кээде адам баласы, жылт эткен сезимди деле таза махабат дешип, көп жаңылышат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>