Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



атылган адамдын өлүктөрүн түнкүсүн чүмбөттөлгөн машинага салып келип, жигин билдирбей көмүп ташташат. Муну ошол дем алуу үйүнө күзөтчү болуп иштеген Абыкан Кыдыралиев деген аксакал капыстан көрүп калат. Өзү узак жылдар бою ал жерге барып дуба кылып жүрөт.

Бүбүра деген сиз менен куракташ 1928-жылкы кызы бар экен. Ошол Бүбүрага атасы: “Эсиңде болсун, мобул жерде көп адамдын сөөгү жатат. Заман оңолсо, журтка айтаарсың. Азырынча оозуңдан чыгарба,” — деп катуу табыштайт. Кыргызстан демократиялык жолунда эгемендиктин туусун желбиреткен кезде. Бүбүра апа атасынан уккан окуяны билдирип. Коопсуздук комитетине кат жазган. Комитеттин бөлүм башчысы болуп иштеген Болот Абдырахманов деген жаш жигит өз тармагында кызыл жакасын жогору санаган кээ бирөөлөрдүн каршылыгына карабай, аталган жерди казууну уюштурганда, 137 адамдын сөөгү чыгат. Алиги сөөктөрдүн арасынан Сиздин атаңыз — Төрөкул Айтматовду атууга өкүм чыгарылган соттун үч барак кагазы табылат. Ал кагаздагы жазууларды архивдеги документтерге салыштыра келгенде, ошол жерге атаңыз менен бирге кыргыз элинин көрүнүктүү саясий ишмерлери — Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Асанбай Жамансариев, Осмонкул Алиев, Садык Чоңбашев сыяктуу ж.б. сөөктөрү жатканы белгилүү болот.

Касиеттүү ыйык жер сиздин демилгеңизден улам “Ата-Бейит” аталып, жазыксыз “эл душманы” атына конгон маркумдардын сөөгүн аруулап коюу салтанатында республиканын Президенти Аскар Акаев, алыстагы Люксембургдан атайы өзүңүз учуп келип, сөз сүйлөпсүз. Катышкандардын айтымында толкунданбаган, көзүнө жаш албаган пенде калбады дейт. 1995-жылдын 25-ноябрь күнү мындан ары Президенттин атайы жарлыгы менен “Жазыксыз куугун-сүргүнгө айдалгандарды эске алуу күнү” болуп жарыяланды.

Эскерүү күндөгү азалуу жыйынга сиз экөөбүз бирге бардык. Жыйналган журтта эсеп жок. Колуна аза гүлүн кармашкан эки карындашыңыз — Люция менен Роза жолукту. Ыйлашкандыктан көздөрү көнөктөй шишиген. Бир топ жаштар, чамасы студенттер чыгаар, накта күлгүн курак -35 жаштын белесинде, курулай жалаанын курмандыгы болгон, көмүрдөй кара чачтуу, айланасындагы калың журтчулукка жамалынан нур төгүп, түбөлүк ойлуу карап турган, сизден эки эсе жаш көрүнгөн атаңыз Төрөкул Айтматовдун чоң портретин сыймыктаныша обого көтөрүп турушту. Сиз анын жанында буурул чачтуу, өмүрдүн эчен уюлгуган бороон-чапкынынан буйдалбай өтүп, дүйнөдөгү атак-даңктын кылда чокусунда турган ошол тулпардын туягы экениңизди актап жүрөсүз.

Айтматов. 53 жылдан соң 137 адамдын сөөгүнүн арасынан атамды атууга өкүм чыгарылган кагаздын табылганы көңүлүмдү уйгу-туйгу кылып толкундатты. Адам сөөгү түгүл темирдин өзүн күкүм кылып майдалаган жерде жарым кылымдан ашуун убакыт бою атамдын төш чөнтөгүндөгү үч барак кагаздын чирибей жатышы не деген керемет. Мухтаржан? Кудай бар экен. Акыйкаттык, кеч болсо да, салтанат курду. Бирок, көп жылдар бою биз башыбыздан өткөргөн уйкусуз түндөрдү, кор болуп ыза көргөнүбүздү ошол кездеги кыянатчылыкка каршы турар бир дагы арка-жөлөк таба албай, өзүңдү-өзүң ичтен мүлжүп жеген бушаймандыкты Теңирим адам түгүл, айбанга да бербесин.

Шаханов. Чыке, эгер каршы болбосоңуз, дагы эле кеп учугун карындашыңыз Розанын айткандарынан уксак.

“Апабыз көзү өтөөр өткүчө Чыңгыздын колунда турду. Бул тек гана балдарынын улуусу болгондуктан эмес, өзү менен өзгөчө руханий табити, кадыр-көңүлдөрү келишкенден чыгаар. Апам Чыңгыздын ар бир чыгармасын, ары макала маектерине чейин, бирин да калтырбастан талдап окуур эле. Ошол кездеги Совет адабиятынан, дүйнөлүк адабияттан да кеңири тааныштыгы бар болчу.

Чыңгыздын адабият жаатындагы Лениндик сыйлыкты алышы тек Кыргызстан үчүн гана эмес, асыресе, Орто Азия менен Казакстанга да зор сыймык болду. Анткени, бул сыйлык ошол тапта жалпы Союзда аттын кашкасындай таанылгандыкты көрсөтүп, ары муну алган жазуучу ошол кезде көзү тирүү

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>