Эгер институтту бүтүргөнчө ортолорундагы чыныгы сезимдери суубаса, — махабат жаралганы, пешенелеринен көрүшсүн, кошулушсун, дедим. Меники деле жарытылуу акыл эмес, бирок башка арга таба албадым…
— Чыке, эсиңизде бекен, 1969-жылы жаш акын-жазуучулардын Бүткүл Союздук үчүнчү кеңешмеси өткөн. Анда Сиздин атак-даңкыңыз ай-ааламга кеңири кулач жайган мезгил эле. Өзүңүз менен бир ооз болсо да пикирлешип калуу ал кездеги биз сыяктуу жаштарга чоң демөөр эле. Ошол жыйында юкагирдин жаш жазуучусу Семен Куриловду өзүңүзгө тааныштырдым. Анын “Ханидо и Халерха” аттуу романы ал кезде СССР Жазуучулар Союзунун төрагасы Константин Фединдин жасаган баяндамасында аталган. Кеңешмеге катышкандар анын чыгармасына токтолушуп, белгилеп өтүштү. Мен ошол романын Алма-Атага ала келип, белгилүү журналист Миңбай Илесовго котортуп, казак тилинде жарыялаттым. Жазуучу Курилов өзү ак көңүл, өтө таланттуу атуул эле, аттиң дүйнөдөн эрте өттү… Куриловдун бул романы, ошол жылдары унутпасам, баш-аягы 608 адам келген юкагир элинин санжырасындай көркөм дастан эле. Атайын дегеним ошол юкагирлерде, Сибирдин башка да көп сандуу улуттарында, келген коногунун жанына өз аялы менен кошо төшөк салып берүү салты бар экен.
Айтматов. Бул кыларга иши жок, же саларга кушу жоктуктан эмес. Манжа менен саналган аз гана улуттун өзүн-өзү сактап калууга болгон далалаты. Жакын адамдардын бири-бирине үйлөнө берүүсүнөн улуттук генофонддорго залалы тиет экен. Арийне кан алмашпаган соң, туулган наристенин ден соолугуна алда кайдан бир илдеттер илешет деген сөз. Жети ата салтын кийинки урпактарынын санаасына сиңирип кеткен биздин ата-бабаларыбыздын бир улуулугу ушунда жатат. Калкыбыздын алигидей нарктуу ата-салтынын тазалыгы менен ыйбаалыгын, сынын кетирбей ар убак катуу карманып келген акылман карыяларды “айыл академиктери” дебеске чараң жок.
Шаханов. Ооба, айыл негизинен жазылбаган мыйзамдар менен өмүр сүрөт. Маселен, келиндерди алалы. Келе жаткан карыяны көрсө алдынан кыя өтпөй, ийилип жүгүнүп өтөт. Абысындары менен кайнага, кайнилеринин атын атабай, тергеп жүрүүнүн өзүндө кандай ыймандуулук жатат…
Айтматов. Биздин айылда да келиндер кайнагалары менен кайнилерине ылайыктап ар түркүн ат коюп алыша турган. Кээде кесибине карап “Жылкычы кайнага”, бою укуруктай узун болсо, аны тескеринче “Кичине ата” дешээр эле. Шекерде арык, бырышып, тыржыйып калган бир киши бар эле. Ага келиндер өзүнө угузбай сыртынан “Тыржыкең келе жатыры, Тыржыкең минтиптир, тигинтиптир” — деп олтурушаар эле. Демек айылдагы ар бир адамдын өзүнүн кадыр-баркына жараша мартабасы болот.
Шаханов.Ушуга байланыштуу эл оозунда мындай бир айтылып жүргөн уламыш бар: “Өзөндүн аркы бетинде, топ камыштын берки жагында бир койду карышкыр жара тартып кеткен го. Сууга барган жаш келин бычагын кайрап-кайрап, алиги койду адалдап, мууздап салат. Ал келин айылга келип, болгон окуяны айтайын десе Өзөнбай, Камышбай, Койчубай, Карышкырбай, Кездикбай, Кайракбай деген кайнагалары бар”. Кайдан айтмак эле. Ошондо: “Шаркыратманын ары жагында, шылдыраманын бери жагында маараманы улума жеп жаткан экен, бычакты ала салып, бүлөөгө жанып-жанып, мууздай койдум”, — деп болгон жагдайды эптеп туюндурган экен.
“Айыл академиясы” дегенден чыгып жатыры, мунун өзү байыркы көчмөндөрдүн маданиятынын өзөгүн түзгөн. Маселен, бирөө там салууга ашар кылса айыл түп көтөрүлө жабыла кол кабыш кылууга чыгышкан. Торколуу тойбу, маркумду акыркы жайына узатуубу — айыл адамдары тегиз катышат. Көпчүлүктүн башына түшкөн жалпы иш катары каралат. Мындайлардан кыйгап четтеп өтүү — уят иш, ыркты бузгандык, элден чыгуу катары эсептелет.
Ыскак деген таякем бар болчу. Жарыктык, бир макулуктун бетине жел болуп тийбеген, кой оозунан чөп албаган момун жан эле. Ошол таякем атчан көчөдө баратып, жолдо жаткан таш көрсө, атайы токтоп, атынан түшүп, ал ташты алыс ыргытып жибере турган.