
Бара-бара бир тууган ага-инидей ымалашып кеттик. Ал жайымды толук уккан соң:
“ — Сенин жасаган кылмышың жок, ары жашсың. Бир гана агаңдын ишине байланыштуу камалгансың. Тергөөчүлөрдүн сурагынан сак бол. Эч кимди сатпа, ушундан жазбай чыдасаң акыры бошонуп кетесиң. Ал эми биздин иш башкача… Бирден атууга алып кетиши ажеп эмес, — деди оор күрсүнүп.
Төрөкул түрмөнүн жаздыгынын агыш тышынан кол баштыкча тигип алган экен. Анысы кара кочкул тартып абдан кирдептир. Ошол калтасына кара жип менен “Чыңгыз”, “Илгиз” деп эки уулунун аттарын жазыптыр. Жанына “Талас” деп жазгысы келген го деймин, бирок жиби кургур соңку “С” арибине жетпей калса керек “Тала” деген сөз даана окулат. Өзү өтө маданияттуу, билимдүү, ары таза, камбыл жүрчү. Кол баштыкчасына чүпүрөккө ороп самын, тарак, тиш щеткасын баарын бапестеп салып жүрө турган. Бир күнү түндө өзгөлөргө угузбай кулагыма шыбырады:
— Мага ого бетер кастарын тигишти. 58-статьяга илиптир. “Эл душманы” катары үй-бүлөсүнөн туугандарынан кат алып, кат жазышуу укугунан ажырайт. Сага айтаар акыреттик аманатым бар. Мобул түрмөдөн аман-эсен бошонсоң Шекерге барып, менин аял, бала-чакамды таап, “эл душманы” дегени карандай калп. Бирок, эл душманынын жакыны иретинде, агайын-туугандарымды камакка алабы деп чоочулайм. Балдарымдын тестиери — Чыңгыз өмүрүндө зордук-зомбулукту билбей өсүп келе жаткан назик, сезимтал жан эле. Москвада турганыбызда бир жолу эки адам мушташа кетиптир. Тепсе темирди үзө тебе тургандай жаш жигит кары кишини катуу уруп таштаса керек. Ошону көргөн Чыңгыз үйгө энтек-тентеги чыгып ыйлап келди: “коркунучтуу… аябады” дейт ыйын баса албай. Ошол уулумду өзүнчө олтургузуп, көпкө аңгемелеш. Турмушундагы кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө кайраттандырып кой. Менин “эл душманы” эмес экениме колундан келишинче ынандыр. Элге кайтпай калсам, теги башка байкуш апасы Нагимага, ини-карындаштарына баш-көз болуу ошонун милдети экенин түшүндүр. Иниси экөөнүн аты жазылган баштыгымды менден аманат иретинде тапшыр. Эми менин мындай керээзимди көңүлүңдүн тереңине сакта: — Эгер мени атууга эмес, Молдовановка түрмөсүнө алып кетсе, милиция аркылуу сенин баштыгыңдын ичиндеги самынды суратамын. Сибирге айдай турган болсо (токойлуу аймак го) таракты алдыртамын. Урал жагына айдаса, “тиш тазалагыч щетканы берип жибересиң” деймин. Ал эмесе эсен-соо бол, айланайын. Тирүүлүктө кездеше албасак, о дүйнөдө жолугарбыз…
Мен ыйлап жатып айтканын буйдалтпай аткарууга убада бердим. Төрөкулду алып кетти. Эки күндөн кийин “Айтматовдун кандай буюмдары калды?” деп купкуу, жылмакай милиционер кирди. Бир жамандык болгонун жүрөгүм сезгендей Төрөкулдун жагдайын сурасам, ал сөөмөйү менен жогору нускап: “Азыр жаны бейиште учуп жүрсө керек,” — деп жымыйды. Муунум калтыраган бойдон милицияга купайкеси менен баш киймин гана алып берип, үн-сөзсүз селейип туруп калыпмын. Баштыгын, тарагын балдарына атасынын керээзин айтып аманат кылып берермин деп, катып жүрдүм.
Көп узабай мен да “эл душманынын уялаш иниси” деген жалаа менен он жылга кесилип, Свердловский түрмөсүнөн чыктым. Кудай күбө, он жыл бою “Чыңгыз”, “Илгиз” деген жазуусу бар Төрөкул керээз айтып калтырган баштыгын, тарагын купайкемдин ички чөнтөгүнөн түшүрбөстөн катып жүрдүм. Улуу баласына атасынын аманатын өз колум менен тапшырсам деген үмүттө болдум. Кээде Чыңгыздын жыйырмага толгон жигит чагын Төрөкулга окшоштуруп каш кабагын өзүмчө көз алдыма элестетээр элем.
Бирок, “адамдын башы — Алланын тобу” дегендей, менин тагдырым теңирден тескери жагына айланды. Он жыл өтсө да элге кайтууга уруксат берилбеди. Сибирдин бир түпкүрүндөгү элди мекендөөгө жер котортту. Эми мурункудай түрмө эмес, ошол аймакта жумуш иштөөмө, эркин жүрүүгө шарт түзүлдү. Бир татар кызына үйлөнүп, өзүмчө түтүн булаттым. Ушу тапта элге кайтуу үмүтү үзүлгөндүктөнбү, же анча-мынча ирденгендиктенби, өзүм менен бирге иштей турган жолдош жигитимдин үйүнөн ичкен самогондун буусубу, кайсы шайтан айдады билбейм, эски