Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.



Эмне экенин кайдан билейин маркум атам түшкө чейин эч убакытта чачын алдырбай турган адаты бар эле.

Эми мындай кызыкты караңыз, мен да ушу жашка келгиче, чачымды бир да жолу түшкө чейин алдырып көрбөпмүн. Балким, мында ыйык туткан эч нерсе деле жок чыгаар. Ушул адатымдын далай кээрин тарттым. Бир жолу Америкага эртең түшкү самолёт менен учамын деп турганда, чачымды тегиздетүүм керек экени эсиме келди. Караңгы кирип калган — чач тарач жабык. Эртең түшкө чейин убактым бар, бирок бала күндөн адатка айланган ыйык салтымды бузууга даабадым. Айла жок, чачым өскүлөң бойдон бөтөн өлкөгө аттанып кеттим.

Ушундайдан атам мен үчүн туулган жер жана андан эч убакта ажырагыс киндик кан тамган топурагымдын туу казыгы сыяктанып калды.

1992-жылы киндик каным тамган Отырар мекенимде жердештеримдин өтүнүчү менен чыгармачылык кечем өтө турган болду. Кырк күндүк чилденин аягы. Асман айланып жерге түшчүдөй үп. Областтын борборунан отуз чакырым алыстыкта, райондун чек арасы башталган элсиз жерде үч миңден ашуун жердештерим тосуп алышты. Атамдын көзүн көргөн карыялар менен ак элечекчен энелер кучактарына биринен сала бири алып, мени бошотоор эмес. Жергиликтүү акындар кезек менен мени даңктап ыр ырдашып, ээн талаа обологон обонго, ыр-бийге толкуп чыкты.

— Кулунум, кайда жүрөсүң да киндик кан тамган топурагыңдын касиети күч-кубат дем берип жүрсүн, — деп үч эже Отырар топурагынан алтын жип менен кыюулаган ак жибек матага тумар кылып түйүп, мойнума тагып берди.

Ушу өмүрүмдө эл-журтумдун далай сый-урматын көрүп, өз элимден тышкары жерлердин да не бир ардактуу сыйлыктарын алган экемин. Бирок, бири да ушул туулган жердин топурагы түйүлгөн тумардай таберик ыйык сыйлыктай толкундандырган эмес.

Айтматов. Ушул айтканыңан эсиме келип жатат. Илгери ата-бабабыз конуш жаңырта турган болсо ырым кылып, белине тууган жердин бир ууч топурагын түйүп алышкан экен. Майданга аттанган жигиттерге оорукта калган жарлары, же апалары жапкан нандын четин тиштетип катып коюшкан. Мындай ырымы — “Туулган жердин тузу тартып, аман-эсен элге кайтаар бекен” деген гана ак тилек.

Шаханов.Чыке, тарыхтагы эзелки кетпес кекке байланыштуу өзүмдү ыңгайсыз абалга калтырган бир окуя болду.

Менин Сергей Терещенко деген жердешим бар. Өзү казакча макалдап сүйлөгөндө анча-мынча чала казагыңды жаңылтат. Бир нече жыл комсомолдук иштерде кызматта болду. Чымкент областтык партия комитетин башкарды. Кийинчирээк республиканын Министрлер кабинетинин төрагасы болуп да иштеди.

Сергейдин атасы да Түлкүбас районунун чоң бир чарбасын узак жыл башкарып, “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамына жеткен эл-журттуна сыйлуу карыя. Бир сөз менен айтканда экөө тең туулган жеринен агарып көгөргөндөр.

Моңгол калкынын тунгуч космонавты Жүгдэрэмидийн Гуррагча деген досумду да өтө жакшы билсеңиз керек. Сиздин көптөгөн тилде жарык көргөн чыгармаларыңызды жыйнап жүрөт. “Космоско кайра учсам, зарыл түрдө Айтматовдун чыгармаларын өзүм менен кошо ала кетем”, — деп далай сыймыктанып айтып калат.

Мына ошол кыйбас досумду өзүмдүн тууган жериме алып баратып, Сергей Терещенкого жолугуп калдым.

— Гуррагча досуңа Отырарды, анын бабалары жер менен жексен кылып кыйраткан ошол чөлкөмдөгү шаарлардын ордун көрсөт. Балким бул аны өзгөчө бир ойго салаар, — деп кытмыр жымыйган. Сергейдин азилинде астыртан көңүлүмдү астын-үстүн кылган терең сыр жатканын ошол учурда аңдабаган экенмин. Отырар жерине кадам койдук. Райондун жетекчилери кубана тосуп алышты. Жаңыдан салынган Абу Насыр Ал-Фараби атындагы маданият сарайында кечкисин экөөбүз менен жолугушуу белгиленген. Туш оой эл-журтту кыдырууга аттанаар алдында ушу жердеги өзүмө тондун ички түгүндөй жакын инилеримдин бири

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 Кийинки >>