Айтматов. Ооба, кантсе да төлгөчүнүкү апамды жубатканы го. Накта ошол кезеңде Советтер Союзунун бүткүл калкы “улуу көсөм” Сталинге чексиз сыймыктануунун зор патриоттук сезиминин кучагында өмүр кечирди. Асыресе согуштан кийинки жылдар кандай болду? Жоону жеңип чыкканыбыз, жерде тирүү жүргөнүбүз, бактылуу балалыгыбыздын баарына Сталинге милдеттүүбүз деген курулай шаң-салтанат курду. Бул ойдун азыр гана күлкү келтириши ыктымал. Ал кезде мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына шек келтирүү (айрыкча биздин айылда) эч кимдин өңү түгүл, түшүнө кирди бекен? Эми ушундай учурда мамлекетке кара санаган адамдын арийне “эл душманынын” баласына журт кандай көзү менен карай тургандыгын бир саам көз алдыга элестетчи. Бирок айылдын терең калыптанган үрп-адаты, ички маданияты алиги үрөй учурган сөздүн ызгаарынан бизди калкалады. Ушундай коогалуу кезеңде атамдын бизди өз айылына жибергендиги кандай кыраакылык болгон. Москвада калганыбызда, же Фрунзеге барганыбызда дагы бир кандай болот эле. Ким билет? Андай коогаланда баарын күтүүгө болоор эле..
Шаханов. Казактсандагы Акмоло шаарынын жанында “эл душмандарынын” аялдары камалган “АЛЖИР” аттуу (Акмолинский лагерь жен изменников родины) атайы лагерь боло турган. Бул лагерде казак элинен Турар Рыскулов, Сакен Сейфуллин, Бейимбет Майлин, Темирбек Жургенов, Узакбай Кулумбетов, Султанбек Кожанов, Жанайдар Садуакасов сыяктуу мамлекет, партия, адабият менен искусство ишмерлеринин жубайлары түрмөдө олтурушту.
Акмолодон 40-45 чакырым жерге орношуп, оңдогон гектар жерди ээлеген бул азап-тозоктун аралыгы 26 зындандан турчу. Лагерге Советтер Союзунун ар тарабынан алып келинип, күнү-түнү камалып жатышкан “эл душмандарынын” аялдарына коюла турган алгачкы талап күйөөсүнүн “эл душманы” экенин мойнуна алып, андан түбөлүк кол үзөмүн деп тил кат бериши керек, ошондо жазаң жеңилдейт экен.
Боор этинен жаралган балдары жетимдер үйүнө зордоп өткөрүлүп, тууган-туушкандарынын тополонун тоз кылып, түндүгүн түшүрө чапкан НКВД жан алгычтарынын не бир төбө чачыңды тик тургузган мыкаачылыктары күн сайын ашынып турган учур.
Ушундай тозок отуна чарпылып жүрсө да, Сакен Сейфуллиндин, Ильяс Жансүгүровдун байкуш өмүрлүк жарлары — элибиздин сыймыктуу уулдары болгон агаларыбыздын кундуу мурастарын жерге көмүп, жаздыгына тигип дегендей, кылын кыйшайтпай боёгун көөнөртпөй кийинки муунга түгөлү менен жеткиришти. Бул көрүнгөндүн эле колунан келе бербес эрдикке сыярлык иш эле.
Бир кезде мага Габит ага (Мусрепов) Бейимбет Майлиндин жубайы Күнжамалды АЛЖИРге издеп барып жолукканынан кеп салып берген. Ошондо Күнжамал апабыз Габеңе:
— Ушу лагердин коюн өзүм атайы суранып багып жүрөм. Эртели кеч темир тордун ичинде думугуп олтурганча, ичимде болгон кайгы-муңумду сыртка чыгарып, бардык үнүм менен зар какшап ыйлап алсам, жеңилденип каламын, — дептир.
АЛЖИРге 22 миңге жакын “эл душмандарынын” аялдары камалган. Айылда баш калкалабаганда, Сиздин апаңызга да ошол лагердин тузу буйруп калышы ыктымал эле.
Айтматов. Ооба, болжоп болбойт. Баары болушу ажеп эмес эле…
Мектепте окуп жүргөнүмдө бир мугалимдин берген кеңеши өмүр бою эсимде калды: “Бирөө атаңдын атын атаса “эл душманынын уулу” экенмин деп эч убакта башыңды жерге салчу болбо!”
Мугалимдин ушул акылы мага дайыма кыйналган кезимде дем берип жүрдү. Бул сөздүн маанисинде апамдын айткан оюна үндөшүп: “Баары жалган, баары жалаа, сенин атаңдын “эл душманы” болушу мүмкүн эмес” — дегенинде терең ишеним жатканын сездим. Ошол кезден баштап атамдын бир кабарын билүүгө ак эткенден так этип жүрдүм.
Шаханов. Чыке, сөзүңүз оозуңузда, атаңызга байланыштуу кебиңиздин ушул жеринен карындашыңыз Роза Төрөкул кызынын айткандарына назар салсак эп болгону турат.
“1975-жыл. Иш жагдайга байланыштуу Талас шаарына бара калдым.
— Сиз, Чыңгыз Айтматовдун карындашы болосузбу? — деп бир аял жылуу жүздөшө амандашты.
— Ооба.
— Сиздин ушул жака келгениңизди бир таанышымдан капысынан угуп калдым. Кудай тилегибизди берди. Антпесе, сиздерди Фрунзеге издеп барганы жүрөт элем…