Мурунку Советтер Союзу кезинде тили менен дилин, салт-санаасын унутуп тарыхый акыл-эсинен айрыла баштаган аз сандуу улуттардын трагедиясы ушул чыгармадан кийин бардык жактан дүрт эте көтөрүлдү. Маңкурт болуп кетпөө маселеси саны жагынан аз калктардын ураанына айланды. Арийне тоталитардык системанын тушунда божомолдоп болсо да, сиздин оозуңуз менен айтылган турмуштун ачуу чындыгы айрыкча кызыл идеологиянын торуна түшкөн улуттар менен үркөрдөй топторду дүрт эте силкинтип уйкусураган абалынан ойготту.
Балтика бою менен Молдавия жаштарынын бир нече жыл мурун колдоруна «Мы не манкурты!» деп плакат кармап ыр-чырсыз митингиге чыкканы ушунун бир айгагы эмеспи.
Ал эми адамдын эң ыйык байлыгы – эс-акылынан айрып, кулагы кесик кулга айландыруунун дагы бир түрү зомби деп атала турганы өзүңүзгө маалым. Маңкурттуктан бир эли кем түшпөй турган «кылым кылмышы» атанган бул зулумдук аракет алгач Африка урууларында дүйнөгө келген дешет. Ар кандай аңызга айланган окуяларга ишенчү болсок, төбө чачың тик турат. Адамды өлтүрүп тирилтүү технологиясынын жашыруун сырлары да оңойго турбайт чыгаар. Ким билсин?
Африкалык бир жигит плантацияларды аралап жүрсө, жумуш иштеп жаткан көп адамдын ичинен өзүнүн мындан он беш жыл мурун өлгөн бир тууган агасын таанып калат. Өз көзүнө өзү ишенбей, маңдайына барып караса, так өзү. Бирок көзү кыймылсыз бир жерди карап чекчейген. Алдында турган инисине моюн буруп да карабайт. Атын атаса эшитпегендей мурдунан мыңкылдайт. Кайта ишиме тоскоолдук кылабы дегендей кетмендин сабы менен түртө салып, кара топуракты буркулдатып каза баштайт. Аялуу эсинен айрылган жигит агасынын жанында жүргөндөрдүн баары бир калыптан чыккан тирүү макулук экенине көзү жетет. Көргөн билгенин үйүндөгүлөргө, айылындагыларга дароо кабарлаган жигит бир топ адамды ээрчитип келип агасынын мүрзөсүн ачышса, бош жатат!..
Тез арада курулган мамлекеттик комиссия жергиликтүү полициялар менен биргелешип шектүү урууну көзөмөлгө алат. Көрсө адамды зомбиге айландыруунун купуя сыры тээ мурунку замандан келе жаткан шекилдүү. Шектүү уруунун адамдары бекер кул табуу үчүн адам баласынын оюна келбес «жаңылык» ачышыптыр. Кул ээлөөчүгө жаш, ары кайраттуу жумуш кыла турган жан керек экендиги мурдатан белгилүү. Ал үчүн адегенде Африка өзөндөрүндө күн көргөн кош тиштүү балыктын арка жонундагы уулуу кылканды көздөгөн адамыңдын тамагына байкатпай салып жиберсең бүттү, бир саам убакыттан соң дем кирип, денеси көгүш тартып, тилге келбей калат. Мүрзөгө коюлган өлүктү 4–5 күндөн соң шектүү уруулар жашыруун түрдө кайра казып алып, токой ичине алып кетишет. Үстү башына аса-мусасын асынган бүбү-бакшылар башка адамдын кулагына чалынбаган өтө күчтүү дубаларын окуп чоочун көздөн жашыруун кармай турган эм-домун колдонот. Кыскасы таң ата өлүккө жан киргизип, ордунан тургузуп, каз-каз бастырат. Алты саны аман, бирок мээсинин жартысынан көбүрөөгү жансыз, өз атын, чыккан тегин, тууган жерин, жакын, алыс адамдарын бүтүндөй унуткан макулук. Алып бар да жумушка чек – бекер кул даяр. Мындай кылмыш ашкереленсе да, өлүк уурдоо алигиче тыйылбаган көрүнөт.
Айтматов. Маңкурттук менен зомбилик – садизмден өсүп чыккан эки уулуу бутак сыяктуу. Аты бөлөк болгону менен заты бир. Англичан жазуучусу Грэм Грин өзүнүн «Комедианттар» романын жазарда, Гайити уруусуна барып, «кылым кылмышы» аталган зомбиликти ар тараптан изилдеген. Кийинчерээк ал күндөлүгүнө: «Дювалье деген диктатордун Тонтон-Макут деп аталган жашыруун полициясынын иши зомбилерден турат. Бул элде ар бир адамды өлгөндөн соң зомбиге айландыра салуу дегеле оңой көрүнөт. Андыктан карапайым адамдар өтө коркунучта өмүр сүрүүдө. Өлгөндөрдү койгон соң, уурдап кетпесин деп, атайы күзөт уюштурушат»,– деп жазган.
Газеталардын жазганына караганда мындай кылмыш азыр Африка урууларынын арасындагы гана көрүнүш эмес.