Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Тирүү жан түгүл, малдын изи да чалдыкпайт. Акыры түңүлүп, уурулар жакын жердеги Жамбылга кеткен болуш керек деп ойлодум. Зухраны союп базарга сатышмакчы. Жүрөгүм ого бетер лакылдап, калаага бет алдым. Жамбылга таң ата жетип, базарды аралай турганыма сөзсүз ишенем. Уурулар мени тааныйт. Бирок кечирим жок. Эт сатып турган жеринен эле атып салам. Силердиби карап тургула!

Өз оюм менен алпурушуп бара жатып, эч ким каттабаган эски мүрзө жактан эшекчен бир карыянын келатканын байкабапмын. Ачууга алдырганым ушунчалык, ал кишиге салам да бербепмин. Мени карыя өзү токтотту:

– Ой, балам, токточу сен бирөөнү өлтүргөнү жүрөсүңбү?

– Ооба,– дедим мен эч буйдалбастан. – Кандай да болбосун өлтүрөмүн! Эшектин үстүндө отурган жупуну кийимчен карыя менен көздөрүм чагылыша түштү.

Мен дүрмөттөлүү мылтык асынган калыбымда чарчаңкы жүзүм менен сустайып, кексе карыянын алдын да турдум.

– Э, балам, оңой иш эмес экен. Ашыкпа, кеп-сөзгө келелик. Эмнеликтен мындай катаал чечимге келдиң?

– Желини толуп турган уюбузду уурдап кетишти. Төртөөбүз эми ачкачылыктан кыйналабыз. Апам болсо оорулуу…

– Кыйын… Өтө кыйын… Бирок сен мени укчу балам,– деди карыя. – Адамды өлтүрөм деп түк ойлобо, дегеле каргыш тийгир ууруну да. Акылымды уксаң, үйүңө кайт. Дагы эсиңде болсун, кыянаттык кылган адамды кудай өзү жазалайт. Эч күмөн санаба. Ал эми сени Алла-Таала өзү ыраазы кылат. Бакыт өзү издеп табат. Анын кантип келгенин өзүң да байкабай каласың. Бүгүн бир уюңду уурдатсаң, эр жеткен соң сенин көп уйларың болот, балким жүзгө жетет. Үйүңө кайт. Бир кезде менин айтканымдын калетсиздигине ынанасың. Ушул сөздөрдү апаңа айта бар. Мен да өз жолумдан калбайын…

Узап бара жаткан карыяны ээрчий карадым. Артына кылчайып бурулбады. Кереги тийбей калган мылтыкты асынып, теңселе басып, айылга бет алдым. Эсимди жыйсам бүткүл тулку боюм солкулдап, энтек-тентегим чыгып, ыйлап келе жаткан экенмин. Жолумдан кыдыр болуп жолуккан ошол карыянын сөзү азыркыга чейин жадымда.

Адамды өлтүрөм деп түк ойлобо, дегеле каргыш тийгир ууруну да…

Ушул окуяны баяндаганымда, бир таанышым:

– Канча уюң бар? – деп сурады.

– Бир да уюм жок,– дедим.

Кийин ойлодум, дүйнө жүзүндө көп тиражда басылып жаткан китептерим менин азыркы уйларым эмес бекен? Балким, олуя аксакал ушуну тилеп айткан чыгаар…

Муха, кептин учугу садизмден чыкты эле. Кээде ошол кайгы-муңга толгон балалык кезим, жападан жалгыз карманаарыбызды уурдатып, ачарчылыктын жалаңдаган аяздуу күндөрү эсиме түшүп, өзүмдөн өзүм жыйрылам. Бирок, дүрмөттөлүү мылтыкчан жүргөнүмдө уурунун кезикпегенине азыр ичимден үч мертебе тобо кылам. Кыянатчылыктан кыянаттык жаралат. Капыстан ууруларга карпа-күрп кездешип калып аларды жайлап салсам, менин тагдырым кай жагына ооп кетээр эле?.. Коомдогу жагымсыз өзгөрүүлөрдөн келип чыга турган садизм учкуну – менин жан дүйнөмдөн да ойгонуусу мүмкүн эле го. Адам жаны – өтө купуя кубулуш. Жан дүйнөңдөгү бүр жарган жакшылык менен мээримдүүлүктүн өркүндөөсүн кыйынчылыктан, азаптан жаралган зомбулук, кыянатчылык сыяктуу зулум күчтөр зылдын ташындай басып, тумчуктуруп салбашына ким кепил боло алат?

Шаханов. Лев Толстой «Ар бир мүдүрүлгөнүңдү каргаша деп санаба. Балким сенин чыныгы бакытың ошол жерден башталаар»,– дептир.

Айтматов. Ошол боз бала кезде мүдүрүлсөм, аягы эмне менен бүтөөр эле. Ким билсин? Ушуларды эстесем бүткөн боюм дүркүрөй калат.

Мени жамандыктан сактап калган бай болгур карыя ким болду экен? Же алдымдан жолуккан кыдырбы, олуябы?

Садизм дарты күч алган азыркы заманда жаштардын жан дүйнөсүнө адеп-ахлактын үрөнүн себе турган, ар убак периштедей сактап жүргөн оозу дубалуу карыялардын орду жетимсирейт да турат…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>