Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Айтматов. Кээде адамды мерестикке, өмүр кечирген айлана-чөйрөсү түрткү берет дегенге толугу менен кошулам. Андай сезимди мен да өз башымдан өткөргөм. Катуу ызаланып Ата Мекендик согуштун эң бир оор кезинде киши өлтүрүп коё жаздаганым бар.

1943-жылдын январь айынын баш жагында үй-бүлөбүз оор кайгыга дуушар болду. Мен жан кыйнаган ачарчылык менен жокчулук, согуштун азабы туурасында айтып отурган жокмун. Мунун баары үн сөзсүз көнүмүш ишке айланганын айтпасак да түшүнүктүүдүр. Анын үстүнө сталиндик режимдин катаал ызгаарына тушугуп, азып-тозгон үй-бүлөдөн чыккан, «эл душманынын» баласы болсоң, жаның өтө карайып кетпейби? Апабыз оорулуу. Анын иштеген ишине байланыштуу Жийде айылында турар элек. Төрт баланын улуусу – өзүм. Жашым он беште. Мал камай турган корообуз жок болгондуктан биз жалгыз карманаар уюбузду жетекчинин уруксаты менен колхоздун сарайына байлай турганбыз. Согуш башталаардын алдында, музоо кезинде бизге тартуу кылып берген ошол уйдун атын алигиче унутканым жок – Зухра эле. Мунун баарын саймедиреп айтып олтурганым, ал уйсуз биздин күн көрүүбүз эч мүмкүн эмес эле. Керээли кечке жанынан чыкпай, Зухраны карап, мойну-башын кашылап, коңшу-колоңдордун арткан чөп-чарын чогултуп келип, оозуна кармай турганбыз. Жазга жуук уй музоолосо үйүбүздөн сүт, каймак, айран, быштак үзүлбөс деген үмүттөбүз.

Бир күнү ордумдан эртелеп турдум да, колхоздун короосуна барып, Зухраны көрүп келейин деп, үйдөн чыктым. Бүткөн боюмду чыйрыктырган муздак жел менен кыштын ала көлөкө таңын өмүр бою унуталбайм. Короого элден мурда жеткен экенмин. Малчылардын эч кимиси келбептир. Каалгадан кире бериште, эң четте байлануу турган биздин уй ордунда жок. Алгач бошонуп кетип, эшикте жүргөндүр деген ойго келдим. Короо менен сарайдан көрүнбөдү. Бурчтагы үйүлгөн чөптө эч нерседен бейкапар уктап жаткан күзөтчүнү ойготтум. Күзөтчү карыя чын эле байкабадыбы, же байкамаксан болуп койдубу, ким билсин мурдунан мыңкылдагандан башка жарытылуу жооп бере албады. Жанымдын кашайганы ушунчалык айлана тегеректи карап, өзөн жакасына чейин барып келдим. Адаттагыдай эртең менен мөөрөп тосуп алуучу Зухра жок. Бир шумдуктун болгонун сезе коюп, апама жүгүрүп келдим. Уйдун уурдалганы айныксыз эле. Ар кимибиздин көкүрөгүбүздө эми Зухрасыз кандай күн көрөбүз деген ой турду. Иним менен карындаштарым өздөрүн кармана алышпай көпкө ыйлашты. Улуп-уңшуган ыйыбызды эшиткен коңшу-колоңдор келип, ууруларды каргап-шилеп жатышты. «Уурулардан канткенде өч алам, өзүмдөн кичүү уялаштарымды коргой албасам, жашабай эле коёюн!» – деген катуу ыза менен кектин ойгонгону алигиче эсимде. Оюмда бир гана максат турду, ал ууруларды өз колум менен өлтүрүү. Тракторчу коңшубуз Темирбекке мылтыгын сурап барсам, ооруп жаткан экен: – Тигине дубалда илинип турат, ала бер. Ок-дарысы өзүнчө баштыкка салынган. Жаным соо болсо өзүм эле издеп таап, атып салаар элем иттерди, – деп ызырынды.

Темирбектин үйүнөн ызам келип, дүрмөттөлгөн мылтыкчан чыктым. Уй жылкыдай эмес, көп узай алышпайт. Күндүз бирөө жарымдын көзүнө чалдыгып калабыз деп, уйду союшуп этин бекиткен болуш керек. Бардык ишти жайгарып коюп уктап жаткан чыгар деген ой алды артыма каратпай дегдеңдетип келет. Карар эч кимиси жок, өңчөй жетим-жесирлер деп уурулардын бизди келеке кылганы ого бетер ачуумду келтирди. Уурулар канча болсо да мейли, үстүнөн чыгып бирден атып салам. Башкача болушу мүмкүн эмес!

Талаа-түздүн аң-дөңүнө карабай келе бердим. Ини-карындаштарым менен кезектешип кийе турган жалгыз өтүктү жыртылат деп да аябадым. Жерди аңдап басууга чоло да жок болчу. Түш ооду. Уурулардын карааны көрүнөр эмес. Айлана мелтиреген тоо, талаа.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>