Шаханов.Соңку 30 миң жылдын аралыгында адамдын мээси өзгөрүүгө учураган эмес дешет окумуштуулар. Бул туурасында да ой жүгүртүүлөр, кызыктуу маалыматтар бар.
Эми түпкү аталары ойчул, акылман, момун же канкор, жатып ичер болсо, анын урпактарынан 7–8 атадан соң (эмесе андан берирээк) ошондой мүнөздү күтөбүзбү? Алардын кан жанындагы ак ниет (белая магия), кара ниет (черная магия) ар дайым адам санаасына, кулк-мүнөзүнө, эс-акылына өмүр бою үстөмдүк кылып келеби? Маселен, сиздин уюңузга суук колун салган уурунун тукумунан ырыс кести уурунун учугу уланабы?
Жакында эле газетадан бир мектеп окуучусунун өтө кооптуу жоругу тууралуу макала окуп, айран таң калдым. Өз курбалдаштарынан түшүнүгү, билими найза бою алдыда, күндөлүк сабагын чылгый бешке окуган жаш өспүрүм мышык менен итти кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн ырахат алат экен. Кээде үймөккө от коюп, өрттөп жиберет. Эл журт жыйналып, бири күйүп-бышып өчүрүп, дагы бири кайгырып ыйлап жатса, ал жаны жыргап ырахатка батат.
Бүткөн боюн алда бир сезим бийлеп, көңүлүнүн түпкүрүндөгү ашынган кумарлыгы мүрзөлөргө барып эстеликтерди бүлүндүрөт. Буга эле алымсынбай, көрдү казып сөөктөрдү жулмалайт. Ата-энеси мектептеги үлгүлүү баласынын мындай кылыктарынан көпкө чейин бейкапар жүрүшөт. Бир жолу кечкисин үстү-башы чамбыл-ала болуп келген уулунан сурашса:
– Көрдү казып, өлүктөрдү кыйнап келдим,– дейт эч бир камырабастан чоң иш бүтүргөнсүп.
Байкадыңызбы кечээги аты чуулгандуу Чикатилону эске түшүрө турган дагы бир зөөкүр муун бой тартып келе жатканын.
Түмөндөгөн суроолор эрксиз кыйнап, оюңду онго бөлөт. Өткүр идиректүү баланын сары ооз балапан кезинен катаал жолго түшүшүнө не себеп? Акылы жетпей иш кылса, анда сөз башка. Мындай жосунсуз жоругу ашкереленгендер бирөө жарым гана. Ал эми ушундай кара ниет ойдун кучагына арбалып, өзүн-өзү ичинен даярдап жүргөндөрдүн саны канча? Буларга кандай чара көрөбүз? Чыныгы кылмышкер деп түрмөгө камай берип бул дүйнөлүк өтө ылаңдуу проблеманы чече алабызбы? Адамдын жан дүйнөсүндөгү зөөкүрлүктүн пайда болушу, анын тамыры кайда жатат? Менимче, ушунун өзөгүн абдан чечмелеп, иликтеп алгандан кийин ага каршы иш-чараларды көргөнүбүз жөндүү болор дейм.
Чыке, «Кылым карытаар бир күн» («Боорондуу бекет») аттуу романыңыз чет өлкөлөрдүн көптөгөн тилдерине которулуп, дүйнө жүзүндөгү окурмандарды тамшандырды. Романдын ушунчалык күрдөөлдүү, өтө курч сюжети кыялыңызда кайсы кезде ойгонду? «Маңкуртизм» менен космосту айкалыштыруу идеясын, арийне жеке адам менен бүткүл дүйнөлүк проблеманы кандайча тогоштурдуңуз?
Айтматов. Жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт деген жүйөлүү пикир бар. Алдыңа ак кагаз жайып, колуңа калем алып, жаза турган чыгарманын темасын койгонуң менен ага ички даярдыгың жок болсо, заңкайган сарай салууга ниеттенген бирок, балка-мыгын камдабаган курулушчу сыяктуу убакытты текке кетиресиң. Табылган тема, жакшы идеяны алып чыгуу үчүн көңүл түпкүрүн аңтарасың. Балалык күндөрдөгү эсте калгандар, көрүп баамдагандарың, ойго түйгөндөрүң, башыңдан кечирген албан түрдүү окуялар менен кездешүүлөр иргелип, бир нукка түшүп чыгарманын өзөгүн түзөт.
«Кылым карытаар бир күн» романын жазаарда маңкурт темасын үңүлө изилдедим. Бала кезибизде жөн жайды билбеген бирөөлөргө: «Эй, сен эмне маңкуртсуңбу?»,– деп жекиргенди далай эшиттик. Адамдын маңкуртка кандай айлана турганын билбесек да, сөөгүңдөн өтө турган октой сөз экенин сезчү элек.
Бул маңкурттук тууралуу алгачкы даректердин бири мындан он кылым мурда ырдалып, кыргыз калкынын эрдик менен элдик энциклопедиясына айланган «Манас» эпосунда кездешет.