Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Мындай шумдуктуудай көрүнүшкө күбө болуп олтурган император Гонорийдин жаны катуу кейип ошондон кийин гладиаторлук оюндарды өткөрүүгө таптакыр тыюу салган.

Демек, римдиктер али күнгө чейин көптөгөн императорлорго эмес, жаны жанната болгур Телемахка карыздар!

Айтматов. Мына мындан чыгаар корутунду: бирөөнүн тарткан азабынан лаззат ала тургандардын боюнда да садизмдин учкуну бар.

Буга окшогон жышаанды дин аркылуу ооздуктоо да күн тартибинен түшпөөгө тийиш.

Ал эми Испаниядагы корридада таноосунан буу бүркүп, көзүнөн от чачкан сүзөнөөк бука менен адамдын ортосундагы өмүр, өлүм таймашы али күнгө чейин миллиондогон көрүүчүлөргө ырахат тартуулап келет. Таймаш өтүп жаткан кезде Мадрид көчөлөрүндө, дегеле бүтүндөй Испанияда кыймыл басаңдайт. Бул улуттук оюнду барып көрүп, тамашага бата албай калгандар телеэкранга көз ирмебей тигилишет.

Шаханов. Кийинки кезде нарколог окумуштуулар адамдардын басымдуу көпчүлүгүндө ичкиликке ыктаган кумар бар деген корутундуга келди. Анда элдин баары неге четинен аракеч болуп кетпейт деген суроо туулат. Ал кишинин физиологиялык өзгөчөлүгүнө, өзүн-өзү кармай билүүсүнө, курчаган чөйрөсүнүн салт-санаасына да тикелей байланыштуу. Жолдош-жоролорунун таасиринен чыга албай, ичкич болуп кеткен атуулдарды, же аракеч күйөөсү менен «жинди сууну» тең жарыша шимирип, балчыкка кулаган не бир алмончоктой келинчектердин трагедиясын көрүп, угуп жүрөбүз.

Адамдын өзүндө, ар түрдүү өсүмдүктөрдө да белгилүү бир өлчөмдө «жинди сууга» деген табит боло тургандыгын илим далилдеп отурат. Атайы тажрыйба жасала турган жерде өстүрүлгөн жыйырма түп көчөттүн онун кадимки суу менен сугарган да, калган он гүлгө куя турган сууга спирт аралаштырган. Кызыкты караңыз: алгачкысынын бою, көлөмү белгилүү өлчөмдө өскөн да экинчисиники бийик, ары жалбырактары жайкала түшкөн. Кийинчерээк кадимки суу менен сугарганда, баштагы көркүнөн ажырап, соолуп, куурай баштаган.

Самогон кайнаткан кимдир бирөөлөрдүн буудай менен картошкасынын калдыгын бере берген соң аракеч болуп кеткен чочко менен каз-өрдөгү тууралуу мезгилдүү басма сөздө далай ирет жазылды.

Демек, бул жер бетиндеги тиричилик ээсинин ар биринде кумарчылык түйшүгү бугуп жатат деген сөз.

Мурунку Советтер Союзунун эгемендик алган республикаларында акыркы жылдары жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 8–10, айрым түрлөрүнүн 14 эсеге чейин кескин өскөнү кимди да болсо ойлондурат…

Менимче, жогоруда айтылган баяндамалардан мындай корутундуну чыгарууга болот окшойт. Адам баласынын өзүндө бирөөлөргө үстөмдүк кылуу ыкыласы садизм учкуну (элемент) бар. Балким, кимдир бирөөдө өтө эле билинер-билинбес аз, экинчисинде орточо, кай бирөөндө өтө кооптуу өлчөмдө көп учурашы ыктымал. Ушу чуулгандуу сезим оорусунун ар кандай учураган түрү сыяктуу, күчөп кетсе, учкундан жалын тутанган сыяктуу, орточосу бой бербей, кооптуу күчкө айланышы өтө мүмкүн. Адамгерчилик менен кайрымдуулуктун үлгүлөрүн жана динди каршы коюу аркылуу адамдагы бул өнөкөттүн жолун тосууга болор. Буга мамлекеттик деңгээлде көнүл бурулууга тийиш.

Айтматов. Садизм илдетин изилдөөчү генетика илими мурунку Совет өкмөтү доорунда куугунтукка учурады. Адамдын тегин жакшыртууда жан аябай эмгектенген чоң-чоң окумуштууларыбыз түрмөгө камалып, том-том илимий эмгектери жокко чыгарылып, мазактоого дуушар болушкан. Жакшылыкты бөгөсөң бир жеринен зарыл түрдө кыянаттык өсүп чыгат. Ушул карапайым эрежеге көп убакытка дейре көңүл бурбай келгенибиз кандай өкүнүчтүү! Канткен күндөн да кан ичерден канкор, зөөкүрдөн – зөөкүр жаралган маңкурттук менен зомбиликке болгон кумар отун тутандырбай бөгөө талабы генетика илими менен кошо бүтүндөй адамзаттын алдында турган зор милдет эмеспи?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>