Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Анда бала Манастын тентектиги менен октос бербес күчүнөн чоочулаган калмактар, аны маңкурт кылып жиберелик деп убадалашканы мындайча айтылат:

Баланы кармап алалык,
Башына шире салалык,
Үйгө алып барып кыйнайлык,
Алты агайын калмактын
Аяк-башын жыялык.

Алтымышынчы жылдары болсо керек, атактуу Саякбай Каралаевдан маңкурт менен ширенин маанисин сураган жайым бар. Ошондо кадырлуу карыя биразга ойлонуп олтуруп сөзүн мындайча баштаган:

– Илгери калмак менен кыргыз чабышып турган учурда, эки тарап мал-мүлк менен кошо бир-бирин кул кылып алыш үчүн туткунга алган. Ал туткун мал артында салпактап жүргөнү менен күндөрдүн бир күнүндө эбин таап качып кетер. Же кимдир бирөөлөр аркылуу өзү тууралуу элине кабар бериши, дегеле тирүү жан болгон соң, айылдын кыз-кыркынына ыкыс коюшу да ажеп эмес. Жашынан колго түшкөн, кайрат-күчкө толгон туткун беш жыл, балким он жыл «лаппай» деп кызмат кылар. Андан кийин өзүндө болгон ички каршылыгы ойгонуп, ээсине кол көтөрүшү ажеп эмес. Ошондуктан анын эң эле тынч жолу – маңкурт кылып таштоо. Ал үчүн алды менен туткундун чачын такырайтып алып, жаш союлган төөнүн мойнун же уйдун терисин башына каптап кийгизет. Муну кыргыздар шире деп атаган, ага кайыштан шырып, боо өткөрүп, чыкыйдан тарттырып мыктап байлайт. Ушинтип сызгырып тийип турган күндүн астына буту-колун байлап таштап салат. Туткун ошондо эки азапка бир түшөт экен. Алгач жаңы союлган малдын териси ысыктан жыйрылып, башын кысып, сөөгүн сындырып жибере жаздаса, экинчиден өсө баштаган чач кептелген терини көзөй албай кайра кайрылып, куйкасын ийне сайгандай тешкилеп, бүткүл сезип-туюу сезимин өлтүрөт, дегеле эске тутуу жөндөмүн жоготот. Бир жума, он күндөн соң же өлүп калат, же маңкуртка айланат. Өлсө-азаптан кутулат, тирүү калса – аты жөнүн, чыккан тегин, бүтүндөй басып өткөн өмүр жолун унутуп, тек өз кожосунун айтканын гана аткара турган кара күчтүн ээсине айланат… Адам баласы зулумдуктун төбө чачыңды тик тургузар нечен түрүн ойлоп чыгарган го. Деги ушул мыкаачылыктан өтөөрү болбос.

Тоталитардык системанын тушунда бүтүндөй коомго, ошонун ичинде сага да, мага да, баарыбыздын акыл-эсибизге, түшүнүгүбүзгө идеологиялык шире салды. Мунун өзү бир эрежеге багындырып, көгөндөп кармоо максатында жүзөгө ашып жатты. Бир сапар Москвага поезд менен кетип бара жатат элем. Кызыл-Ордо областынан өтүп калган кезибизде радио Байкоңурдан космос кемесин кабарлады. Поезддин терезесинен күнгө какшып жаткан адырлуу талаага карап туруп узак ойго чөктүм. «Кылым карытаар бир күн» романын жазуу идеясы ошол учурда оюма келген. Башка планеталарда да кадимкидей тиричилик ээси бар деп жүрөбүз, Непада жер планетасы алардын космос мейкинине каршы болсочу… деген күдүк ой көкөйүмө кептелип, тынчтык берер эмес. Жаш кезде эшиткен маңкурттук икаясы кыялымда кайтадан шоолаланды. Өткөн замандарда кара күчтүн ээси адамдын башын мыкчып алып, эс-акылын жоготкон. Бул – жалпы аныктама албаган жекече түрдөгү көрүнүш. Ал эми карама-каршы идеологияны бетке кармап, өз ара тикелей тирешүүгө түшкөн эки система космоско чыгып, бир-бирине кыр көрсөтүп, жер шарына шире салса не болмок? Жеке пенде башындагы кайгы-муң трансформацияланып, бизди бүтүндөй чырмап матап албайбы? Ар кандай көлөмдө болгону менен трагедия орток. Адамзат баласына жакындаган ушундай алааматтан алдын ала сактандыргым келди.

Шаханов. Сиз, сан кылымдын сынынан өткөн купуясы миң катмардуу Азия чөлкөмү жараткан тээ Манас доорунун аркы жагында дүйнөгө келген чуулгандуу ыкмага жаңы табылга таптыңыз да, бүтүндөй дүйнөлүк проблемага айландырдыңыз. Ошентип дүйнөдөгү сөздүк казынасына «маңкуртизм» деген терминди коштуңуз.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>