Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Садизм деген аталма француздун XVIII кылымда өмүр сүргөн жазуучусу Маркиз де Саддын ысымына байланыштуу аталган. Сад өзү жөнүндө көз жумар алдында: «Жер бетинде менин мүрзөмдүн орду да калбайт жана адамдар мени эстеринен түбөлүккө чыгарарына эч күмөн санабайм», – деп ачуу чындыкты айтса да, өмүр бою кылган кыянатчылдыгы анын ысымын ушул күнгө чейин өчүрбөй келет. Маркиз де Сад колун канга булгап киши өлтүргөн эмес, уурулук, каракчылыкка да барбаган. Бирок учурунда мүлдө француз журтчулугуна аты белгилүү чуулгандуу сексуалист маньяк болгон. Анын төшөккө жатканда каарын чачып, кутурган бузукулук кылыгы менен жазуучулугу бир-бирине шайкеш келгендиги таңдандырат. Саддын ыр-чырга толгон икаялары романдарына өтүп, садизм чынында зөөкүрчүлүк идеясындагы алкакта орун алат. Сад жеке керт башындагы мындай туруксуздук абалга күнөөлүү деп өзү өмүр сүргөн учурду айыптайт.

Шаханов. Ал учур француз ак сөөктөрү колундагы бар бийлигинен, жүзүндөгү уяттан, маңдайындагы жанган бактан тайып, азып-тозгонго, ичтен жабыркоого кириптер болгон эле. Ошондуктан де Саддын: «Төшөктө ар бир эркек тиран болуу керек», – деген пикири алар үчүн ураанга айланат.

Жалпысынан ал ырахат менен азапты бири-биринен бөлүп карабайт. Бордельдерге келген Сад жанында жаткан аялды алды менен кызыл камчыга алып, көк ала койдой кылып сабайт да, өз денесин жанчууга киришчү экен. «Ал ушундай абалдан кийин алаар ырахаттын чексиздигине көзүм абдан жетти» деп, ар дайым моюнуна алган. «Жюстина» романындагы алгач көзгө түшкөн зөөкүрлүктүн бири – Жерканд аттуу кейипкери өз аялын жаралап, андан аккан канды көрүп, ырахаттанып лаззат алган. Бул адаты ар аптанын белгилүү бир күнүндө кайталанып турган. Анда автор ушу азапты сүрөттөгөндө чыныгы ырахатка баткандыгын жашыра албайт.

Ушундан улам Сад ысымы «садизм» деген эл аралык терминге айланды. Ар кандай мыкаачылыктын каргышы болбой койбой турган сыяктанат. Маркиз де Саддын өмүрү өтө кыйынчылыкта өттү. Бир нече ирет атайын жайларда кармалып, түрмөгө түшүп куугунтукта жүрөт. Бүткүл элди дүрбөткөн маньяк акырында Италияга качууга мажбур болгон. Анын замандаштары:

«1770-жылы аяк оона айынын жетисинде Садды италиялыктар жапайы айбанат сыяктуу темир торго камап, Венсенге алып келип таштады», – деп жазды.

Италияга барган соң, анын сексуалдуу дарты өтө ашынганын көрөбүз. Элине маскара болуп кайткандан тартып ал каны-жанындагы ээ жаа бербей келген садизмди жоёт да, жазуучулугуна өтөт. Табияттын баёо дүйнөсүндө обочо калып, өзү өмүр бою белсенип киришкен жосунсуз жоруктарын кагаз бетине түшүрө баштайт. Анын Жюстина аттуу кейипкеринин акактай тазалыгына чын дилиңден ишенесиң. Байкуш кыз өзү малай болуп жалданган үй ээлеринен кандай гана кордук көрбөдү десеңизчи.

Бирде зордуктап койсо, бирде эки бутунан даракка капшыра байлап, эки колун эки жакка керип, эси оогончо сабайт, итке талатат. Тамырын кесип канын шүүшүндөтө агызып, табалап баскандарычы?.. Мойнуна каргы салып, муунтуп кыйнайт. Жюстина эси ооп, талып жыгылганда гана, тартылган жипти бошотот…

Айтматов. Маркиз де Саддын мүнөзүндөгү оройлук, зулумдук менен зөөкүрчүлүк анын чыгармаларында нечен тарам-тарам болуп кеңири сүрөттөлдү. Эң өкүнүчтүүсү булардын баарын ал көңүлү иренжибей, кайра өтө эргүү менен баяндады. Жалгыз башы каргыштан башканы укпаган Саддын мыкаачылыкты даңазалаган китептери ушу тапта да дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, сан миллиондогон тиражда тарап жатат. Ансыз да руханий жактан жабыркаган коомдогу жаштарыбызга жогоруда аталган чыгармаларды окуулук кылып, мөөрөй табаарыбыз кайсы?

Шаханов. Саддын чыгармаларындагы жан кейитерлик көрүнүштөр менен чектен чыккан айбандыкка наалат айтасың. Өз энесин өзү зордуктаган, кызы менен көңүлдөш болгон аягы суюк атанын кылыктарын окуунун өзү кандай жийиркеничтүү. Кысталганымдан эриниме учук чыгып кетти. Элүү төрт аял менен жаш жеткинчектин канына забын болгон Чикатило сыяктуулар ушу Маркиз де Саддын «сүйүктүү» каармандары эмес деп, ким айта алат?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>