Шаханов. Кылымдар бою кашыктап жыйнаган адамзаттын руханий байлыгы не себептен жакырданууга тийиш деген соболго Сиз экөөбүз гана баш катырбасак керек. Адамдын пейил-ниетинде зордук-зомбулук көнүмүш адатка айланып, мээримдүүлүк менен кайрымдуулук өз чегинен алыстай баштаганы кандай? Күрмөктү отобосок күрүчкө күн жок. Дары сээп арылтпасаң бой бербей дүркүрөп өсүшкөн отоо чөптөр күрүчкө күн көрсөтпөй, данын чүрүштүрүп таштайт. Адам санаасынын купуя катмарында бугуп жаткан садисттик кылыктардын ойгонуусуна мүмкүндүк бербей, түйүлдүк кезинен түп тамырынан жулуп жанчып таштабасаң арыңа, намысыңа кооптуулук уялоосу шексиз.
Советтер Союзу таркаары менен чексиз эркиндиктин чеги ушундай дегенсип, коммерциялык телекөрсөтүүлөр менен сан миңдеген кинотеатрлар эртели-кеч адамды өлтүрүүнүн, зордук-зомбулуктун жана төшөк маданиятындагы эчендеген жалгашууларын ачык көрсөтө баштады. Китеп дүкөндөрү да көркөмдүк табиттен алыс, атуу, асууга, куугун-сүргүнгө карк кылган сексуалдуу маньяктар менен адамгерчиликтик улуу сезимди булгаган жиниккен каармандары тууралуу курч сюжеттүү детектив китептерге толуп кетти. Мындай жагдайга караганда ажал отун чачкан курал-жарактын көптөгөн түрлөрү көчө-көчөдө ээн-эркин сатылып жатат.
Айтматов. Ооба, ошол көйгөйлүү жагдайыбыздын азабын бир күнү тартабызбы деп корком. Бармак тиштетип, түмөн түйшүккө кириптер кылар бул чексиз эркиндигибиз биздин улуттук үрп-адатыбыздын, салтыбыздын азып-тозгондугуна алып келеби, же орошон тарыхыбыздан айрылабызбы, айтор изсиз туңгуюкка кептелер бекенбиз. Анткени, дүйнөдө эбепке себепсиз эч нерсе жок. Кээде бөбөктөр менен жеткинчектерге арнап пистолеттин түр-түрүн, мөндүрдөй ок жаадыра турган автоматты, жалт-жулт эткен кылыч менен канжарды оюнчук кылып чыгарышпай эле койсо кантет деп ойлойсуң. Окумуштуулардын изилдөөлөрүндө оюнчук курал-жарак менен ойноп өскөн баланын психологиясында өз теңдүүлөрүнө караганда менменсинүү, эр көкүрөктүк сыяктуу терс мүнөздөр басымдуулук кылат экен. Биз, Совет доорунда жаштарыбызды эрдиктин рухунда тарбиялоого үгүттөдүк. Эрдик деген түшүнүктү алды менен мекенин сүйгөндүк, экинчиден беттешкен жооңо мээримсиз, катаал болуу деп түшүндүк. Пролетариаттын улуу жазуучусу Максим Горькийдин «Эгер жоо багынбаса, аны жок кылуу керек» деген учкул сөзүн күн тартибиндеги ураан катарында кабыл алдык. Өзүнүн атасын кармап берген Павлик Морозовду жерге көккө тийгизбей мактап, жаш өспүрүмдүн жүрөгүнө мерес таш боорлуктун үрөнүн себе баштадык. Болуптур, баатыр аталган пионерди өз мезгилинен жаралган идеологиянын курманы дейлик. Турмуштун туздуулугуна караганда кермегин көбүрөөк таткан биздин эл, жаштардын тарбиясына сын көз менен карай турган не бир ачуу сабактарды баштарынан кечиришкен жок беле?
Шаханов. Япон ойчулу Д. Икэде менен болгон маегиңизде: «Ар бир үй-бүлө өз перзентин көрүнгөн идеологиялык агрессиядан калкалай билиши зарыл», – деп азыркы татаалдашкан мезгилдин күрөө тамырын кармай билип, терең ой айткансыз. Биз болсок, эсибиз барда этегибизди жапкандын ордуна, ушул күнгө дейре артына кылчайбас мерген сыңары көзгө көрүнбөс чекти максат кылып, абийирибиз кеткиче алга жутунуу менен келдик.
Баягыда Испанияга барган сапарымда бир жазуучунун Советтер Союзу тууралуу: «Большевиктер Совет өкмөтүнүн башына кан төгүүчүлүк садисттик ыкма менен келген. Ушул зордук-зомбулукту көрүп, таалим-тарбия алып өскөн урпактын келечегинде арам ойлуулук бол бой койбойт»,– деп айтканы кулагымда коңгуроо болуп жаңырат да турат.
Айтматов. Ооба, мээримдүүлүк, кайрымдуулук алыстагандан алыстап, соолугансып баратат. Садизм дүйнөнүн ар бурчунан уламдан-улам кылак эте көрүнө калып жатат. Эми ушул садизм эмненин таасиринен жаралат, кайдан келип чыкты деген суроого токтоло кетели.
Дүйнөлүк ылаңга айланган садизмди чектен ашкан зөөкүрлүк, канкорлук деп аныктаса болоор. Аны окумуштуулар адамдардын турмуш жагдайынан байкалаарын тукум куучулуктун аркасында келип чыгаарын, садизм өнөкөт оору, арийне, нашакорлук менен таш боорлуктун кесепетинен жаралаарын, коомдогу жагымсыз өзгөрүүлөргө байланыштуу өз чордонунун орошон жагдайларынан өсүп чыккан садизм деп үч топко бөлүшөт.