Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Бирок маңкуртизм идеясы жетилген башка формада, мамлекеттик деңгээлде жүрүп турганы талашсыз чындык. Жогоруда маегибизде белгиленгендей алардын чет жакасын гана айтып өттүк.

Ал зомбилик ар кандай китептерде, макалаларда ынанымдуу тез-тез жазылып келет. Биз аларды накта фактыдай эмес, аңыз кептей кабыл алып, маегибизде тастыктадык дагы андан келип чыга турган өмүрдүн сансыз проблемалары менен адамзаттын тиричилигине алып келген азаптарын чечмелөөгө аракеттендик.

Ооба, адамзаттын акылы жер бетинде ажайыпканаларды жаратты, өкүнүчтүүсү зордук-зомбулуктан да куру калган жок. Эволюция мыйзамына таянсак, кылым тогошкон сайын, адам баласынын тукуму менен теги иргелип жакшыра берүүгө тийиш. Андай болсо жер шарындагы кылмыштуулуктун саны эмне себептен жыл сайын өсүп келет?

Айтматов. Маселен, Иракта уурулукка барган адамдын колун кесип салат. Өзгөгө – сабак, өзүнө жаза. Бирок уурунун колун кесип, өмүр бою майып кылган менен анын жан дүйнөсүнө таасир этип, жаман жоругун ооздуктай алдыкпы? Жалпысынан адамды кордоонун, жазалоонун эки жүзгө жакын ыкмасы бар дешет. Баарында тең садизм жатат. Ушунун эки чоң бутагы: бири – Азия, экинчиси – Африка чөлкөмүндө дүйнөгө келген маңкурттук менен зомбилик. Маселен, азыркы техниканын жетишкендигине таянган, айталык бир садист диктатор жер бетине чексиз бийлигин жүргүзүүнү көздөп, маңкурттук менен зомбиликти каруу кылып жалпы ишке киргизсечи?.. Андай апаатты кудай өңүбүзгө эмес, түшүбүзгө да бербесин.

Шаханов. Адамдагы садисттик сезимдин күч алышына жана бүткүл элди камтыган мүшкүлгө айланышына көп учурда мамлекет жетекчилери да себепчи болуп олтурушканын тарыхтан жакшы билебиз. Маселен, байыркы Римдеги гладиаторлордун урушун алалык. Алгач атактуу адамдардын урматына, өлгөн императорлордун арбагына таазим кылуу максатында өткөрүлгөн эки адамдын куралчан беттешүүсү бара-бара бүткүл Италияны кучагына алган улуттук оюнга айланып кетти.

Биздин доорубузга чейинки III кылымдан баштап гладиатордук беттешүүлөргө арналып сөөлөттүү аянттар курулган. Сууда өтө турган оюндарга атайы согуш кемелери ылайыкташтырылып, миңдеген кулдар менен туткундар каруу-жарак менен тоскоолсуз тартылган. Ушуну менен бирге атчан, найзачан, кылыччан гладиаторлуктун андабат, димахер, эквит, эсседерий, галл, лаквеарий, сигитарий, велит сыяктуу беттешүүнүн түрлөрү чеберчиликке кирген.

Императордон баштап элдин кары-жашы, кайырчысына чейин эсин эңгиретип, ээликтирип, сүйүктүү көрөрманы кылып койгон бул кандуу кыргындын жыл сайын көлөмү да, ырайымсыздыгы да, курмандыгы да кеңейе берген. Маселен, дөөгүрсүгөн император Калигула гладиатордук оюнду театрдагы спектакль деп баалап, беттешүү аянтына кары-картаңдарды, эч нерсеге жараксыз бей-бечараларды да кубалап чыгарса, Клавдий кургактагысына алымсынбай, суудагы кемелерди кагылыштырды. Император Вителлий өзүнүн туулган күнүнүн урматына Римдин бардык 265 кварталында гладиаторлорду мушташтырса, Тит бул кыргынды 100 күнгө созду, ал эми Траян бийликке келген кезинде ушул мыкаачылык көз көрүп, кулак укпаган даражага жетти. 10 миң гладиатор 123 күн тынбастан найзалашып, кылычташып, атышып-чабышып бири-биринин курсагын жарып, колун шылый чаап, башын кыя кесип жатышты.

Ал эми жүз миңдеген көрөрман эртели-кеч тамашага батышып, жеңүүчүлөрдү куттукташып, өлгөндөрдү алсыздар катарына санашып, ызы-чууга, кубаныч-шаттыкка батышкан. Бейпил элди ушунчалык канга боёп, ушундан ырахат алуудан өткөн шумдук барбы?

Кумарлыкка берилип кеткен атпай Рим журтун бирин-бири өлтүрүү кыргынынан алгач куткарган христиан дини болду. Император улуу Константин ушул динге баш ийиши менен элде коңгуроо каккан чиркөөлөр көбөйүп, калк жакшылыкка, мээримдүүлүккө умтулду. Анткени, адамдардын бир-бирине болгон зордук-зомбулугу христиан дининин эрежесине туура келбей катуу жазалана турган.

404-жылы Римде өткөн гладиаторлордун соңку урушунда Кичи Азиядан келген Телемах аттуу монах аёосуз кармашып жаткандарды арачалоого умтулат. Бирок, өз ара өчөшүп, бир-бирин өлтүрмөйүн токтотпоону антташкан эки тарап бейкүнөө монахты кылыч менен бырчалап таштаган.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>