Кылымдардын далдасындагы кылымыш, же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош тиштүү Африка балыгынын уусу.



Жогоруда «Всемирные новости» аттуу басылмадан:

«Жашым 37-де, узун бойлуу, сулууча келген жигитмин. Төшөк маданиятынын алдында өзүн кур менен, же кызыл камчыга алып жанын көзүнө көрсөткөндү жактыра турган, жабыркагандан ырахат алган аялды издейм. Балким, кыял-жоруктарыбыздан бөлүшүп каларбыз», – деген кулактандырууну окуп, айылдагы бир аялдын балалык кезибиздеги өзүм күбө болгон оолукма кылыгы эсиме түштү.

Күнүмдүк үй-тиричилиги менен алектенип жүрө турган таптатынакай коңшу келинчек туруп-туруп эле кутуруп, колуна тийгенди чапчып чыга келет. Эл көзүнчө күйөөсүнө ыксыз тийишип, тилдеп күн көрсөтпөс эле. Аргасы түгөнгөн күйөөсү аны көк ала койдой кылып сабай турган. Арачага түшкөн коңшу-колоңдор:

– Шордуу ай, өлдүң го, койсоңчу ушу адатыңды,– десе, алиги аял:

– Урса аркамдын курушуп-тырышканы жазылып, ырахаттанып каламын, – дээр эле.

Ал кезде токмок жегенден ырахат ала турган эмнеси, деп таң калаар элем. Кийин ойлосом, бул да адамдын психологиясынын өтө купуялуу өзүнчө бир табышмагы экен. Маркиз де Сад менен жогоруда айткан колукту издеген жигиттин ырахаттануу учурунда төшөктөшүн кыйноодон алган кумарчылык сезими менен айылдагы келиндин өз күйөөсүнөн өзүн токмоктоого шериктештигинин ортосунда түпсүз бир байланыш жатат. Муну шарт жагдайдан оолугуу, зөөкүрчүлүк менен кумардануунун ортосунан жарала турган бөтөнчө сезим деп баалайбызбы ким билсин?

Бир күнү Меркеден машина менен келатат элем. Убакыт жарым түнгө жакындап калган. Узун-Агач селосунун тушунан өтө бергенимде, МАИ кызматкери ала таягын көтөрдү. Токтой калдым. Казак жигит мени көрө салып:

– Муха, сиз экенсиз го. Түн катып кайдан келатасыз? – деп үйрүлө калды.

– Айып этпесеңиз, Алма-Атага чейин бир жигитти ала кетесизби?

– Олтурсун. Өзүм да жалгызсырап келатат элем…

– Кош жигитим, жол болсун? – дедим жанымдагы бейтааныш жолоочуну кепке тартып.

– Алты аялды кыйнап өлтүргөн жигит жөнүндө уккан белеңиз? – деп кеп учугун баштады жолоочум.

– Жаманчылык жерде жатабы? Эшиткем.

– Мен ошол иш менен алпурушуп жүргөн тергөөчү элем.

– Чамасы, жигиттин акыл-эси ордунда эмес го дейм.

– Жок, – деди тергөөчү башын чайкап, – акылы ордунда. Өзү ушу Узун-Агачта туулуп өскөн. Мектепти да жакшы бүтүргөн. Бой келбети да келишимдүү. Айтымына караганда курмандыкка чалаарын да алдын ала белендейт экен. Экөө жалгыздап ээн калганда жигит аш бычакты аялдын жүрөгүнө матыра уруп, айландырып бураган кезде бечаранын жаны алкымына тыгыла түшпөйбү? Мына, аялдын ошол учурдагы жан азабынан алиги жигит чексиз ырахат алат көрүнөт. Курмандыгы канчалык көп кыйналса, ал ошончолук ырахатка батат экен.

– Ой, атаңа наалат!..

– Муха,– деди тергөөчү Алма-Атанын оттору көрүнө баштаганда: – Машинаңызды токтотосузбу? Сизге бир сүрөт көрсөтөйүн.

Үнсүз калыбымда тормозду бастым. Жолоочум сумкасын ачты да, кагаздарынын арасынан бир сүрөттү алып, колума кармата берди. Сүрөттө столдун үстүндө чачы уйпаланып мойнунан кесилген аялдын башы турат. Жаактары кан-сөлсүз кубарган. Эки көзү жуму луу…

– Мына, бул – алиги жигиттин соңку мыкаачылыгы. Бүткөн боюм титиреп кетти. Тергөөчү сөзүн ары карай улады:

– Ленинграддан атайы чакырылган окумуштуулар жигиттин жетинчи атасы баш кесер болгон деп божомолдошот. Демек, бул кан ичкичтин киши өлтүрүүгө, аны кыйноого деген куштарлыгы тукум кубалап келатат. Ал мындай мыкаачылыкка өз эрки менен деле барышы ыктымал. Ага ата-бабасынын каны тарткандан деле эмес.

Тарыхта төбө чачыңды тик тургузар окуялар азбы? XVII кылымдагы канкор аял – венгер графинясы Елизавета Батридини алалык. Бул ханум жаш кыздардын жылуу канына жуунганды адатка айландырган. Канга жуунганда аял абдан ырахатка батчы экен. Бир эсе жаштардын ысык каны сулуулугумду арттырат деп ойлогон. Канкор аял 650 ишкер кыздарды курмандыкка чалган…

Чыке, белгилүү япон философу Дайсаку Икэда менен болгон маегиңизде уюңузду уурдаган ууруларга кыжырыңыз кайнагандыктан колуңузга мылтык алып аларды турган жеринен атып салууга чамынып жөнөгөнүңүз тууралуу толкундана айткан элеңиз…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Кийинки >>