Австралиялык аборигендердин ичинде да адамды зомбиге айландыруу тыйылбаган сыңары. Этнографтардын далилдөөсүндө Австралияда сыйкырчы-эмчи болочок курмандыгын өзү тандайт экен. Колу-бутун байлаган калыбында сол кырынан жаткырып балыктын сөөгүн, же ичке найзаны жүрөгүнө матырып, убактылуу өлтүрөт. Ошол учурда аны сыйкырдын күчү менен кайтадан тирилтип, өткөн өмүрүндөгүлөрүн унуткарууга мажбур кылат. Мындай зомбинин акыл-эси кадимки адамдан эч айырмасы жок, бирок бир жерди карап молоюп олтура берет дейт. Кантсе да мунун баары мага ажайып кыялдагы жомоктогудай таасир этет.
Шаханов. Джордж Райд аттуу саякатчы ушундай кылмыштуу сеансты өз көзү менен көрүп таң калганын жазат: «Жерде бир адам өлүп жатты. Сыйкырчылардын ыры менен барабан дабышы күчөгөн сайын, алиги адам да кыймылга келе баштады. Алгач колун көтөрүп, көөдөнүнө койду. Андан соң олтурду. Жан-жагын курчап, ырдап тургандардын ошол кездеги айкайлаган үндөрү алигиче кулагымда жаңырып турат. Тирилген зомбинин кан-сөлсүз жүзүнө карагандан өткөн азап жок эле…»
Өзүңүз жазгандай адамдын багын да, байлыгын да тартып алууга болор, ал эми акыл-эсинен ажыратуудан ашкан кылмыш бул жалганда бар деп ким айта алат?
«Зомбилик Америка чөлкөмүндө да пайда болду»,– деп жазууда гезиттер. Кара жумушка чегүү менен мындай тагдырга туш болгондорду ар түрдүү кылмышка түртүү да шумдуктай күчөп келет. Адамды өлтүрүп тирилтүүнүн Африкадагыдай жапайы адистер жолдо калып, эми компьютердик жабдыктарды пайдалануу аркылуу бир эмес, бир нече адамды катарынан зомбиге айландыра турган жашыруун жумуштарды иштейт дешет. Зомбиге айланган адам өзүнүн анык зомби экенин далилдесе, ушу кылмышка такай көзөмөл жүргүзбөй келген өкмөт 1,5–2 миллион доллар чамасында айып төлөөгө милдеттүү экен.
Гайитиден Америкага конуш которуп келген Жак Орнюв деген атуул өзүн зомбимин деп жарыялап казынадан жардам талап кылган. Фонддун ээси Райтиге суроо коюп, Орнювдун документтеринин көчүрмөсүн алдырса, ал 1978жылы 51 жашында каза тапты деп көрсөтүлүптүр. Сөөгү сөпөт болгон адамга эч бир элде жардам берилбестиги белгилүү.
– Мен өлүп кайрадан тирилгеним ырас, – деп мойнуна алган Жак Орнювдун өзү. – Бирок, мен азыр да өмүр сүрүп жатканым эмеспи? Өлтүрүү да тирилтүү да колдон жасалды. Менин кандай күнөөм бар?
Айтматов. Ушул «менин кандай күнөөм бар?» деген жан ачыткан собол садизмдин колунан жапа чеккен маңкурттук менен зомбиликтин кайгысына дуушар болуп, акыл-эсинен айрылган жер жүзүндөгү канча адамдын жан дүйнөсүнүн коңгуроосуна айланды экен?..
Шаханов. Желтоксон окуясынын иштери менен алектенип жүргөн кезде алдыма эки жолдошун ээрчитип С. деген атуул келген. Өзү илимдин кандидаты.
– Айыптуу болуп, тергөө камерасында жатканымда башыма сырттан сигналды кабыл ала турган таасирлиги күчтүү кесинди тарамышты тигип жиберген. Коопсуздук комитетиндегилер башыма коюлган ошол купуя тарамыш аркылуу мага тажрыйба жасашты, ар түрдүү жандоолорду берип, оюмду жазып алышат. Бардык үмүтүм Олжас Сулейменов экөөңүздө. Мени ушу азаптан куткара көрүңүздөр, – деген чекесиндеги айдай тырыкты көрсөтө берип.
Мурунку Коопсуздук комитетинде адамдарды зомбиге айландыра турган аппараттын бар экендиги туурасында ар түрдүү кеп сөздөр эшитилип жүргөнү менен аны далилдөөгө ал кезде чама-чаркыбыз болбоду. Кийинчерээк Москвада да адамдын акыл-эсин багындырып, жандуу роботко айландырып жибере турган кылмыштуу борборлордун бар экендигин «Комсомольская правда» гезити, дагы башка азуулуу басылмалар жазып жатышты.
Жалпы маңкурттук менен зомбилик бул турмушта болдубу, же жокпу, баары бир эл оозунда аңыз кепке айланган кыянатчылыктын бир түрүбү деген собол окурман көкүрөгүндө турар. «Бар болсо анын толук технологиясы кандай? Кана далилде!», – дечүлөр да табылар.
Адамды маңкуртка айландыруу өткөн кылымдарда болгон. Мына азыр кудайга шүгүр жок.