Чыгармада чөнтөгү калың байлар өзүнө өмүр бою жетээр абаны жыйнап алат да, акчасыз кедейлер темселеп, ар коңулдун түбүнөн бир жутум аба издеп алкымы шишип, кордук менен тиричилик өткөрүшөт эле го. Муну кечээ жазуучунун кыялынан жаралган ажайып жомоктой кабыл алсак, болочокто кызылдай ачуу чындыкка айланып жүрбөгөй эле.
Жер-Эненин өзү да соңку кылымда цивилизациялык өсүүнүн кол жоолугундай улак тартышка калган жокпу? Өзү менен бирге жүз миңдеген курмандыкты алып келген алаамат жер силкинүүлөрү менен суу ташкындары орто кылымга караганда кийинки доордо беш-жети эсеге өсүптүр. Табияттын мындай чукул мүнөзү адамдардын аёосуз ырайымсыздыгы менен нысапсыз жанын койбой тытмалаганына болгон каршылыгы эмес бекен?
Күнү-түнү эсепсиз алынган нефть менен газ, көмүр, башка кен шахталары терең-терең жердин ядросуна жетпегени менен, кеңири бөлүгүнүн ширесин соруп алган жемиштей көңдөйлүккө айландыра баштады. Жалпысынан табиятта ашыкча эч нерсе жок дей турган болсок, анда биз өтө ашынган түрдө тең салмактуулук мыйзамын бузган болобуз. Кадимки эле мисал, жер астындагы нефть деңизи, же болбосо газ соргузулуп алынган соң, орду көңдөйлөнүп бош кала тургандыгы чындык. (Акыркы убактарда ошол боштукту суу менен толтуруу технологиясы ишке киргизилди). Ушунун өзү алды менен жер силкинишинен тартып, бүтүндөй тиричилик ээсин үч-төрт түрдүү ыландуу кеселге чалдыктырат экен.
Арийне, муну менен адам баласына кен байлыктарга суук колуңду салба деген бир жактуу пикир айтуудан алыспыз. Маселе, кийин бармак тиштеп өкүнбөгөндөй кылып, алдыңкы ыкма менен, камкордукта бапестеп өздөштүрүүдө го.
Айтматов. Кайсы бир жылы Казакстан менен Кыргызстандан күздүн (ноябрь) айында жылуу өлкөгө учкан жүз миңдеген ак куу, каз, өрдөктөр багытынан жаңылып, аяз кайрып турган Якутияга конуп, бүтүндөй кыргынга учураган. Адистердин пикирине баам салсак, мисалы, Ысык-Көлдө жумурткадан чегилип, дүйнөгө келген балапан келерки жылы жазда да, ары өмүрүнүн акырына чейин, ошол тууган жерине жаңылбай кайтып келет көрүнөт. Карандай суук түшкөндө Африкага, Индия менен Цейлонго, Араб өлкөлөрүнө сапар тарткан куштар, кайтаар жолунан эч жаңылышпай, абанын мунарыгына илешип, көздөн учкан өлкөсүнө келип конушат экен.
Ал эми аба-ырайын алдын ала ар тараптан баамдап, багытынан адашууну билишпеген табийгат периштелеринин жаза тайып Якутияга барып калышына эмне себеп болгон? Мунун баары абада радиациянын чектен ашык жогорулап, куштардын сезимталдык жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, жолунан адаштыргандыгынан кыргынга учураган дешет. Учкан куш, жүгүргөн аңды эңгиреткен радиация эки аяктуу пендени айланып өтөөр дейсиңби?
Шаханов. «Кассандра тамгасы» аттуу романыңызда киттердин да түшүнүксүз себептерден улам акылга сыйбас иш кылып, өлүмгө башын байлап, өздөрүн жээкке ыргытып жатканын кайра-кайра сүрөттөгөнсүз. Жаныбар аталгандын арасындагы эң алп макулуктун мындай өмүрүнөн аша кечип, өз жанын кыюусу жетинчи түйшүк купуясы, мунун терең маанисинде адамзаттын бир-бирине капкан салуусуна каршылык, акыр кыямат-кайымдын коркунучу жатканын зирек окурман алдын ала сезип туят. Балким мында киттердин өмүр сүргөн мухиттин булганышына нараазылыгы да жатабы, же алда бир дүйнөнүн чектен ашкан кунарсыз абалга келүүсүнө көрсөткөн каршылыгы да чыгаар, ким билсин…
Жалпысынан жер бетиндеги биологиялык жиксиз байланыш ыдырай, Адам — Күн — Аалам алкагынын улуу биримдигин керектен чыгарып, замандын кыямат-кайымга ала салуусуна милдеттүү түрдө атом бомбасы жарылышы, же топон суунун капташы зарыл эмес деп жазганыңыз эсимде. Бейкүнөө куштардын тагдыр жолунан жаза тайышы менен киттердин топ-тобу менен өлүмгө барышы ушул акыйкатка жетелей турган сыяктанат.
Айтматов. Табиятта боору бүтүн эч нерсе жок экен го. Жер бетиндеги акыл-эстин туу чокусу адам десек (мунун өзү шарттуу нерсе), эң төмөнкү баскычтагы курт-кумурскага чейин табияттын тең укуктуу мүчөсү. Жан-жаныбар аталгандын баары тутумдашып келип, бир чоң биологиялык системаны түзөт. Ушунун кез келген мууну жоюлуп кетсе, ички байланышы үзүлөт да, курчаган айлананын теңме-тендик мыйзамы бузулат.