Айтматов. Жараткан эгем пендесине: «Жер бетиндеги бүтүндөй тиричилик ээсин колуңа беремин. Мына сага мейкин талаа, тоо-таш, чалкар деңиз, айдың көл, калың токой. Кыбыраган жаныбарларга да өзүң ээлик кыл. Менден кийинки ээси — сенсиң. Жер бетиндеги өмүр өнүмдүү өрүш алабы жокпу, же бир бүлүнүп, ойрону чыгабы — сага тиешелүү. Акыры сенден сураймын», деп мойнуна өтө зор милдетти артып, чексиз бийликти адам эркине берсе керек.
Ушул суроо коюлган жердеги тиричиликтин канчасы өмүр сүрүп жатат, канчасы адам колунан набыт болду деп саресеп салсак, төбө чачыңды тик тургузар ойлордун кучагында каласың…
Кыргыз элинде сан кылымдарды карытып келе жаткан Кожожаш мергендин тагдыры тууралуу керемет бир эпос бар. Кези келгенде Дайсаку Икэдеге да айтып бергем. Ушул элдик эпосту кошумча табылгалар менен байытып, кайрадан толуктап жазгамын.
Илгери-илгери аскар тоо менен учу кыйырсыз талаадан бүткөн байыркы кыргыз жеринде Кожожаш аттуу мергенчи өтүптүр. Өзү көзгө атаар мерген, карышкырга жүгүрүп жеткен күлүк, тоо барсын жекеме-жеке кармашып жеңген эр жүрөк болуптур. Олжосу менен тууган-туушкандарын, бир айыл элин асыраптыр. Көзүнө кайберен көрүнсө, атып алууну көздөгөн Кожожаш, өзүн ээн жердин бөрүсүндөй сезген эр да, ээси да сезчү экен.
Ай десе айдай, күн десе күндөй периште сүйгөн кызына куда түшүртүп, барс менен түлкүнүн жылт-жулт этип жүнү кулпурган, ийленген терилерин сыйга тартып, той өткөрүү күнүн белгилешет. Әми тойго өтө көп чыгым керек да. Бар ырысын тоодон таап жүргөн Кожожаш жапайы кайберендерди мурункудан да көбүрөөк уулоого мажбур. Колуктусу үчүн эмнеден аянсын күн дебей, түн дебей, оң келгенин оң, сол келгенин солдон кыра баштайт. Күндөрдүн бир күнүндө кундуздардын кыз узатуу тоюна туш келет. Кундуздар айлуу түндө шаң-салтанат салып, той жасап, кадимки эле адамдарча ыр ырдап, бий бийлеп, колукту болуучу кундузду коңшу ийиндеги күйөөсүнө алып бара жатат. Той үстүндө баардыгы демейдеги кооптонууларын жоготкон. Бет маңдайдан кудаларын ээрчитип жасанып, күйөө болуучу кундуз чыгат. Кудалар кезигишип, той ого бетер кызып көркүнө чыгат. Мунун баарын кызыгына батып, карап олтурган Кожожаштын эсине калың берип, өзү колукту ала турган күнү эсине түштү. Демек той да берилет. Кундуздардын терисинен өткөн баалуу нерсе жок эмеспи. Кармап алса бекер байлык го? Дароо тонун чечет да оюн-тамашанын кызыгына батып бийлеп жатышкан кундуздарды үстүнөн чүмкөп тумчуктуруп өлтүрө баштайт…
Тоо эчкилерин да жар бооруна камап кырат. Аман калган Сур Эчки Кожожаштын алдына келип:
— Сен сыяктуу көзгө атаар мерген жер бетинде жок чыгаар. Деген менен да, ар нерсенин өз чеги бар. Сен ошону унуттуң, эми жигиттик кыл, ата көрбө. Тукумдан жалгыз Сур Теке экөөбүз гана калдык. Тукумубузду улайлы, — деп мөгдөп көз-жашын төкпөйбү. Кожожаштын жообу кыска. Бир ок менен Сур Текени сулатып салат. Ошондо каарданган Сур Эчки:
— Биздин атабызды өлтүрдүң. Тукум курут кылдың. Сага каргыш тийсин, Кожожаш. Эми огуң кайберен баласына жаңылбайт. Ынанбасаң атып көр мени, — дейт.
Бейкапар мергенчи Сур Эчкини мазактап карсылдап каткырат. Таш жарган каткырыгынан аска-зоо жаңырып, шагыл урайт. Сур Эчкинин айтканы ырас экен, анын аткан окторунун биринчиси да, экинчи, үчүнчүсү да тийбейт.
— Эмесе, сени кууп жетип, бычагым менен соём! — деп ачууга алдырган мерген Сур Эчкини кууп жөнөйт.
Аскадан аскага жардан жарга секирип качкан Сур Эчкинин изине түшкөн Кожожаш адам баласынын буту тийбеген жалама асканын башына кандайча келип калганын өзү да аңдабай калат. Караса жан-жагы жалама зоо. Кайра түшүүгө арга табылаар эмес. Ошондо Сур Эчки адамча дагы тил катат: «Жазыксыз кайберендерди кырганың үчүн жазаңды тарт! Бизди кандай зарлатсаң, тагдыр эми өзүңдү акыркы демиңе чейин ошондой зарлатат!»