Азыр да жогоруда айтылган мамлекеттик эгоизм айрыкча үстөмдүк кылып турат. «Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок. Өз жериме өзүм ээмин, эмне кылсам да өз эрким, өзөн көлүн соолутамынбы, жерин тытмалап чөлгө айландырамынбы, же бир токоюн кыйратамбы, же өрттөп жибереминби эч ким кой дебейт» деген менменсинген саясат, табияттын тыноо кагуусун оорлотту. Бир чөлкөмдүн көлү соолуса, экинчи бир жердин климатына, үчүнчү өлкөнүн бүтүндөй өсүмдүгүнө кош кабат таасир эте турганын унутпаганыбыз абзел.
Ошондуктан, дүйнөлүк деңгээлде табигатты коргоонун бүтүндөй бир кылымдык иштиктүү чараларын түзүүгө умтулуу — адамзаттын коом алдындагы негизги милдеттердин бири.
Антпесе, жогоруда айтылган хрусталь Сарайыбыз кыйрап, жалпы адам баласы өз колу менен жасаган кечиримсиз кыянатчылыгына өмүр бою ак уруп, жан азабын тарткан Кожожаштын кейпин кийип калышы ажеп эмес.