Адашкан ак куунун муңу, же медуза сыры.



Мисалы, кайсы бир жерде балыктарды жеп жоготот деген ойдо ак чардак аттуунун баардыгын кырган соң, деңизде жугуштуу ылаң башталган. Байкасак, түрдүү илдетке учурап, араңжан балыктар ак чардактардын тумшугуна илинип, жоюлуп турат экен. Демек, ак чардактар санитардык роль аткарып келген.

Шаханов. Кытайда өткөн «Маданий революция» мезгилинде зыянкечтерден төртөөнү — чымын, чиркей, чычкан менен таранчыны тып-тыйпыл жок кылуу жөнүндө атайы токтом кабыл алынган.

Ушул окуя туурасында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Яо Пэйшень мага мындай бир кызыктуу кеп салып берди эле.

— 1958-жылдын бирдин (февраль) айында, — дейт ал. Кытай элинин байлыгы менен саламатчылыгына зор зыян келтирип жаткан төрт жаныбарды жоюу тууралуу мамлекеттик деңгээлде атайы токтом жарыяланды. Цивилизацияга жетүү жолунда жасалган ири кадам деп бааланган ушул өнөктүккө элдин жашынан баштап, карысына чейин чоң маани берди.

Бул дүрбөлөңдүү өнөктүк жаз чыга өтө кызыды. Шанхайдын тегерегиндеги Люйхэ шаарындагы мектепте окуган мен да, ушул кызуу өнөктүктүн чок ортосунда жүрдүм. Күнүмдүк сабакты канча чычкан кармап, канча чымын чиркейди жоготкондугубуз тууралуу мугалимге эсеп берүүдөн баштайбыз. Ичибиздеги кээ бир мактанчаактарыбыз өлтүргөн чычкандарын жипке тизип, чымын чиркейди ысык темирге жанчып сабакка ала келет. Жок кылган зыянкечтердин саны ушунчалык көп болсо, ошончолук мамлекеттик маанилүү тапшырманы эң жакшы аткарган үлгүлүү окуучу болуп макталабыз.

Келерки кезек таранчыга да тийди. Таң заарынан туруп колубузга челек, чылапчын, бамбук жыгачын, доолбасты, дагыраны, айтор доошу катуу чыга турган шаймандардын баарысын алып, мектеп айланасына жыйналабыз. Ушундан соң мугалимдер бирибизди үйдүн чатырына, экинчибизди талдын бутагына, үчүнчүбүздү аянтчаларга, көчөлөрдүн бурчтарына, жолдун бойлоруна жайгаштырды. Шаардын өзгө тургундарынын да алдын ала мерчемдүү жерлерде өз орундары бар. Бир убакта чыккан чака-чылапчындардын ургуланган даңгыр-дүңгүрүнөн шаар ичи кымгуут, чак-челекей болуп, ызы-чууга толуп чыгат. Буга шаар тургундарынын бакырган, чыңырган, каргылданган, кырылдаган үнүнүн жетишинче кыйкырык ызы-чуулары кошул-ташыл болот.

Кулак жарган ызы-чуудан чоочуган таранчылар абада ары-бери сабалап, учуп-учуп чарчап, чакан шаарды таштай, талааларга бет алышат. Биз болсок алардын дарманы кетип, бутубуздун астына мына-мына топ-топ деп кулап түшөт деп күтөбүз. Буту узун, дарманы күчтүүлөр таранчылардан калбай кубалап талаага төнүп кетише турган…

Ал эми Пекин менен Шанхай сыяктуу ири шаарлардын тургундары мектеп окуучулары бизге караганда жолдуураак, таранчыларды топ-тобу менен чаап алып жүрүштү. Муну эрдик катары баалаган ошол кездеги мезгилдүү басма сөздөр укмуштуудай мактап жазып жатышты. Мамлекеттин кыйыр саясатынан жаралган күлкүлүү ары оргу-баргы «аңчылыгыбыз» акырында аянычтуу болорун кайдан билели.

Ооба, кийинчерээк Кытай эли Болгариядан таранчы сатып алууга мажбур болгон. Эмнеге дебейсизби? Өлкөнү түрдүү зыянкеч майда чиркейлер каптап кеткен. Таранчылар адатта алиги зыянкечтерден өлкөнү арылтып турган экен. Арийне, таранчыны жоготкондо деле эгиндин коромжулугу азайган эмес.

Мына табияттын таалим болоор дагы бир сабагы.

Айтматов. Жеке адамдын жан-дүйнөсүндөгү эгоизм канат жайып келип, мамлекеттик эгоизмди жаратат. Ошонун кесепетинен табияттын не бир сонун асыл берметтерин жоготуп алдык.

Бирок, өткөнгө өкүнбөйлү?

Кызыктуу бир притча айтып берейин. Башка планетадан келгендерден жерликтер «Жер жогору жактан кандай көрүнөт» деп сураса, алар:

— Жер бети хрусталь Сарай сыяктуу. Ал эми адамдар ошол ажайып Сарайга камап койгон сүзөнөк буканын кейпин кийип жүрүшөт, дептир.

Абдан таамай айтылган, ырасында да ушундай эмеспи?

Экологиялык таалим-тарбия алиппесин балдар-бакчасы менен мектеп партасынан баштаган жөндүү. Жеткинчектер адам баласынын табиятка деген кайдыгер мамилеси зор жоготууга алып келээрин сезип, балагатка жетүүгө тийиш.

Жер бетине нурун чачкан күн да батат дешет. Картайганы чыгаар. Боорундагы жан-жаныбарлар турмак, жердин да өз жашы, өмүрү бар. Ал онтобосо да түрдүү дартка чалдыкты. Дартына даба болоор — адамдардын гана мээрими! Ушул гана болочоктогу алааматтан коргомок.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 Кийинки >>