Уруктануу кезинде маралдар сооруларын чайпалтып, бир жерге топтолушат да, калган эркектери чамгарактай мүйүздөрүн карсылдата сүзүшүп, күч сынашууга өтүшөт. Артка кетенчиктеп барып, анан алдыга күү менен жүткүнө карс-карс сүзүшкөндө баштарындагы айры бутак мүйүздөрү туш-тушка чачырап кете тургансыйт. Бир жыл мурун өзү менен күч сынашып, эрөөлгө чыккан эркек тананын баарын жалгыздап жеңип, жыйырма отуз ургаачыга жалгыз өзү тукумун өөрчүткөн, көрүнүшү көзгө толумдуу, күрсүйгөн өтө айбаттуу бугу жети сегиз атаандашын бул ирет бат эле жеңип таштады. Карскарс сүзүшкөн кезде, мүйүздөрүнүн арасынан от чагыла калат. Жеңилип калгандары деми сууп, тагдыр деген ушул экен, биз көндүк дегендей четке чыга берип, башты жерге сала солуктап турушат.
Акырында былтыркы жеңилбес бугу менен бир жаш чапчаң бугунун ортосундагы таймаш сүт бышымдай убакытка созулду. Бир-бирине мөөрөйдү оңой менен алдырар эмес. Башындагы жаландаган мүйүз турганда, өзгөгө мөөрөйдү алдыруу оңойбу? Бул сапар жаш атаандаш койбоду, үйүр башын акыр-аягына чейин жеңип, ортодон сүрүп айдап чыкты. Муну көрүп турган ургаачы жамааты жаш жеңүүчүнүн ыгына көнүп, айланасына имериле беришти… Барында баптаган, жогунда таптаган бейоопасыз дүнүйө деген ушу.
Айтматов. Тукум улоого деген куштарлык жаныбардын да жанын койбойт экен. Бугулардын уруктануу кезиндеги таймашуусунда жашоонун улуу мыйзамы жаткан жокпу? Катаал табийгат менен ар кандай кыйын-кыстоосунда кайберендин эң мыктысы, жону катуу кайраттуусу гана туруштук берет. Бугулардын мындай тирешүүсүндө болочок урпак алдындагы өтө жоопкерчилик жатат. «Кудай атасына бергенди урпагына да берет» дейт элибиз. Табигый тандалуудагы келишкис күрөш аркылуу электен өткөрүлүп, тукум улоо укугун жеңип алуу ушунун акыбети. Анткени оору, араңжан, жүүнү бош бугудан тукум уланса турмуштун оор соккусуна туруштук бере албай, тукум курут болуп кетмек.
Шаханов. Окумуштуулардын изилдөөлөрүндө кадимки жазда көктөп, күздө куураган өсүмдүктүн да өзүнө таандык каны-жаны, мүнөзү бар өңдөнөт. Өсүп, жайкалып турган жалбырактарга окумуштуу биологдор ультра жазуу аппараттары аркылуу мындай кызыктуу тажрыйба жасаптыр. Сабагына атайы байланыш куралын орнотуп өздөрү жалбыракты жулуп алууга колдорун арбайтып, чеңгелин ачкан. Ушинтип жалбыракты кармаганда экранда коркуп турган дирилдек пайда болгон. Окумуштуулар пайда болгон кубулушту мындайча чечмелеген:
— Кооптуу коркунуч жабышты.
— Тирүү каламынбы, жокпу?
— Жаралады!
— А-а өлдүм!
Жалбыракты жулуп алганда экрандагы коркунучтуу дирилдек да жоголгон. Дагы бир өмүр кыйылды.
Жансыз катары көрүнгөн кадимки жалбырактын өзүндө ушунчалык сезим берген эмне деген таң калычтуу кубулуш. Ал эми биз жалбырак тургай, Тайганын өзүн тымтыркайын чыгарганга өттүк.
Айтматов. Басма сөздөн өсүп турган калемпир гүлүнө жасалган тажрыйбаны окуп, укмуштай таң калган жагдайым бар. Алар жаш, сулуу кыздар искесе бажырая гүл ачып, кадимкидей ирдениптир. Жийиркеничтүү алда бирөөлөрдөн иренжий чүрүшүптүр. Тамеки тартып, оозунан арак жыттангандардан иренжий, гүлү бүрүшө баштаптыр. Керемет көрүнүш эмеспи!
Ооба, жашоосу болгондун баарында ички «мени» бар. Ал эми жан-жаныбарлардын белгилүү деңгээлде ой жүгүртүүсү калыптанган го. Ошондуктан өзүндөгү жакшы көрүү, жек көрүү сыяктуу сезимдери жок эмес. Дегеле алардын арасында адамзатка үлгү тутарлык, укмуштай мүнөздөр учурайт.
Элибиз касиеттүү куш деп ыйык туткан ак куу өтө жаш кездеринде түгөйлөрүн табышат экен да, калган өмүрлөрүн абдан таттуу ымалада өткөрүшөт көрүнөт. Алардын бири-бирине деген махабаты ушунчалык, түгөйүнүн бири капыстан мерт болсо, экинчиси кайгыга чыдабай, ободон жерге боюн таштап жанын кыйгандарына, же болбосо наар татпай жан таслим этишкендерине мүнүшкөрлөр далай мертебе күбө болушкан.
Жалпысынан сүйүү сезими, аёо, ызалануу, жек көрүү сыяктуу түйшүктөр жер бетинде, суу түбүндө өмүр сүргөн жан-жаныбарлардын, жандыктардын көбүнүн кан-жанына жуурулушуп кошо бүткөн касиет.