Адашкан ак куунун муңу, же медуза сыры.



Буга байланыштуу чуу көтөрүп убагында туш-тушка кат жазып, түртпөгөн эшигибиз, барбаган жерибиз калбады. Маселен, мен өзүм Эл аралык «Арал-Азия-Казакстан» коомдук комитетинин президенти, СССРдин эл депутаты катары, СССРдин Президенти Горбачевго, ошол Союз кезиндеги өлкөнүн Коргоо министри Язовго, Саламаттык сактоо министри Чазовго өз-өзүнчө жолугуп, ушул трагедияны текшерүүнү талап кылган кат тапшырдым. Капысынан келген жугуштуу илдет экен (коюлган диагнозунун атын унуттум) деген жалган корутундуну билдирген жооп алдык. Кийин Советтер Союзу таркап кетип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды.

Айтматов. Биздин доорубуздагы Кожожаштар өтө ашынып, амалкөйлөнүп кетишпедиби? Алар оңой менен алдыра койбос.

Шаханов. Ымыркай кезинде карышкырлар уурдап кетип асыраган Жума Жумаев деген жигит менен көгүлтүр экранда маектешүү болду. Узак жылдар бою канчык карышкырдын боорунда бөлтүрүктөрү менен бирге жүрүп, жедеп жапайы болуп кеткен Жуманы аңчылар капыстан көрүп калышат. Кубалап жүрүшүп темир торго түшүрүп кармайт.

— Адамдар торго түшүргөндө апам (карышкырды айтып жатат) башын ажалга сунуп, мени куткарып алууга жан алекеттене жүткүндү. Торду тиштегилеп жулмалады. Ушинтип жатканда аңчылар атып таштады, аттиң. Карышкырлардын арасында жүрүп, эч жамандык көргөнүм жок. Алар өтө калыс. Ал эми адамдардан андай камкордукту сейрек учураттым, деген эле Жума.

«Кыямат» аттуу романыңызда карышкырлар негизги Өзөгүн ээлейт.

Айтматов. Акбара менен Ташчайнарды жазаарымда алдын ала карышкырдын турмушун, мүнөзүн атайы иликтедим. Көптөгөн ар кандай адабияттарды казып карадым. Жалпысынан карышкырдын көргөн күнү, турмуш жагдайы өтө тартиптүү да, кызыктуу.

Маселен, карышкыр өзү менчиктеп алган чөлкөмдүн малына кыш катуу болуп, өтө ач болбосо тие бербейт. Кайта бөтөн карышкырларды жолотпой, коруп жүрөт. Үйүрлүү карышкырлар түнү менен кезек-кезектешип өздөрүнүн жойлогон кокту-колотторун саксактап, ар жерге заара ушатып, тезек таштап, бир из менен желип-жортуп күзөтүп чыгат экен. Айрыкча мындай күзөт канчыгы бөлтүрүктөгөндө өтө күчөйт. Жат үйүрдүн карышкырлары кирип кетсе, дароо кубалап чыгат. Башка жактан келген малды жеп, же жара тартса, мал ээси булардан көрүп, боорун эми гана көтөрө баштаган бөлтүрүктөрүнө залалы тийип жүрбөсүн деген гана ой болсо керек. Көрдүңбү жырткычтардын ички логикасын!

Шаханов. Бала күндө уккан бир окуя эсимден кетпейт. Бир чабандын короосунун жанына канчык карышкыр бөлтүрүктөйт. Кой кайтарган чабандын буларга, карышкырдын ага зыяны жок, бейпил эриш-аркак өмүр сүрүп жатышат. Бөлтүрүгүн алалык дешип айылдын жигиттери жутунушса чабан аларды жуутпайт. Дүйнөдө бөлтүрүгүнөн ажыраган карышкырдан ачуулуу жырткыч жок, эртең эле коюн кырып кетиши ажеп эмес. Бөлтүрүктөрдүн атасы менен энеси да коңшусунун оторуна өзгө каршылаштарын жуутпай, санаалаш болуп күзөтүп жүрөт. Ушундай кырдаалда мындай окуя болот. Ийиндин алдына чыгып, күн чубакта ойношкон бөлтүрүктөр бир козуну байкабастан өлтүрүп алышат. Аны чабан да көрөт. Эртеси эмне кылышаар экен деп алдыртан карашса, оторунда мойнунда жиби бар чоочун бир ак козу пайда боло калыптыр.

Кызыкты караңыз, бөлтүрүгүнүн кылыгына уялышкан карышкырлар ошол түнү коңшу айылдын короосуна түшүп, алиги ак козуну уурдап келишкен экен.

Айтматов. Туяк ордуна туяк дегени го… Айбанаттар турмушунда кызыктуу окуялар аз эмес. Эң жаманы — өзүбүздүн айбанга айбан катары карагандыгыбыз. Алардын ички дүйнөлөрүнө үңүлө бербейбиз.

Шаханов. Советтер Союзу мезгилинде «баары да өзүбүздүкү, эмне кылсак да өз эркибиз» деген кыязда карадык.

Катаал статистикалык маалыматка таянсак, соңку токсон жылдын ичинде бир гана Алма-Ата шаары менен анын айланасындагы эле тал-терек, ийне жалбырактуу өсүмдүктөр элүү жети пайызга азайып кетиптир. Ал эми жети-сегиз жылдан бери өсүп турган бир дарак күн сайын айланасына отуз килограмм кислород бөлсө, бул күнүнө эки адамдын көкүрөк керип дем ала турган таза абасы экен. Демек, биз табигатты жоготуу аркылуу өз өмүрүбүзгө балта чаап жаткан жокпузбу.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 Кийинки >>